2- БОЛУМ
Диана бул айылдан жакшы тааныгандпры жок эле .
Эшке чыгып эки жакты карап коюп кайра кирет , баласынын ыйлаганына журогу ооруп айласы тугонуп , коншу уйго барды .
Уйдон картан орус кемпир чыкты , Диана бир сындырым нан сурады эле , кепир бир болко берди , рахматын айтып акчасы болгондо кайтарып берерин айтып суйунгонунон уйуно келип биртке от жагып , эшиктен бир табак таап алып таза жууп ага суу кайнатып баласына нан чылап берип отуруп калды .
Ушул жетишкен заманда , башына ушундай кордук келгенин озу ишенбей отурду .
Баягы нан дагы тугонду , кайра дагы баякы орус кемпирге барды эле ал дагы жарты болко карматы эле , нары жактан келини чыга калып байкуш кемпди урушуп кыйкырып окурду .
Сен эмне нанды сен таап келип жатасын эмнеге берип жатасын деп аябай сокту эле , байкуш кемпир ыйлап жиберди .
Кызым кордунбу башка келбе суранам , менин колумда болсо сени багып да алмакмын , озун коруп турасын озум аран жашап жатам деп .
Кемпирдин ушунчалык боорукердиги корунуп турду .
Диана кемптрге боору ооруганынан колундагы нанды кайра кемпирге карматы эле , кемпир дагы ыйлап жиберди , кечир кызым сага жардам бере албаганыма деп .эми наны жок кантесин байкушум ыйлап жатты .
Диана да кемпирге боору ооруп ал да ыйлап жатты .
Байкуш кемпир Диананы наны жок калганы учун ыйлап жатат деп ойлоду окшойт , нанды кайра сунду , олтурсо олтурсун ал нанды деп , Диана жок рахмат мен сизге боорум ооруп жатат деди эле , кемпир менин да сага боорум ооруп жатат сага , наны жок кантесин эми деп ыйлап жатты .
Экоо бири бирине боору оруп эки жакка кетишти .
Диананын журогун кемпирдин кордук коргонун угуп жатып ого бетерден ооручу болду , келини кунуго согуп байкуш кемпирге кыйкырганы угулуп турчу .
А куну да Диана баласы экоо ачка жатышты .
Алардын уйунон торт беш ылдый турган кыргыз келиндикине нан сурап барды эле ;ал да Диананын бетинен алды , эмне мен сага нан бышыргыч белем , куйоон таап келсин эмне менден сурайсын деп.
Бул да Диана учун катту туртку болду .
Мага эч ким жардам бербей экен деген ой ээлеп калды .
Кайын журтунан эч ким жэ куйоосу сурап да келишкен жок .
Диана кунуго баласы ыйласа кого ыйлап коюп отура берчуу болду .
Аталаш тукумдан болгон кайын эжеси келип калды .
Диана болгонун айтып берди эле ,алар баласы экоо уйуно алып барып курсактарын тойгузуп урушту .
Ушинтип кантип болсун эмнеге басып келбейсин уйго , биз билген жокпус деп .
Колунан келген тамак ашын салып беришип келип тур , антип ачка отура бербегинин деп кайра жеткирип коюшту .
Диана да кайра кайра бара бермек белем деп , уят деп кайра барбады эле кайнежэсинин баласы келип болбой атып апарып тамак берип турушту .
Диана кечкеле мындай болошун да билет . Алардын бул жакшылыктарын эч качан унутпады .
Булар деле канчага чейин бакмак эле ,деп да ойлонуп жатты .
Диана торкунумо кетейин деген бир да ойуна келбептир .
Кайнежэси дагы бир кун келип калды .
Диана уялганынан чай ичиниз деп табакка суу куйуп от жагып кайнатып , кайнак сууну куйуп сунду , кечирип койунуз кызыл чайым жок , наным да жок деп жер карап отуруп калды .
Кайнежеси тушунуктуу , ачык айрым , боорукер адам эле .
Ал Диананы карап башын чайкап алды .
Укчу Диана эмнеге ушунча озунду кордоп жатасын деди.
Азыркы заманда эч ким ачка калбайт , сен эмне учун ачка болуп жаныды кыйнайсын , карачы кебетенди коздорун башкача корконунан психологический оорулу адамдарга окшошуп баратасын минтип отурсан оорукчан болуп каласын .
Сени бузуп жаткандай болбойун бирок сен кетишин керек , мындай жашоо болбойт .
Сен эмне кочоодо калган кыз белен ,Кудайыма шугур ата энен бар , бир туугандарын бар деди .
Диана ыйлап жиберди .
Аны эч ойлобоптурмун .
Ооба кунуго коркуу менен тан атырам .
Балам да уктабайт , эшикти бироо такылдатканынан ачсам чон жылан жаткан экен , коркуп кайра жаптым , болбой эле эшиктин такылдагы басылбай койду .
Балам эшикти карап алып булдуруктап бироо менен эле суйлошо берет .
Ошентип тан атырабыз деди.
Кайнежеси ооба билем мен муну мурунку ээсинен да укчуумун деди .
Диана кечоо гаражды жыйнап жатып билектей жоон эки метрдей узун ар турду жылаандарды кордум деди .
Чындап эле бул уй жылаан баскан уй экен деди Диана .
Ооба жылаан баскан уй элдин баары билет ; билип коруп туруп алып беришкендерине тан каласын деди .
Макул сен келин экенсин аа баласы тууралуу ойлошподу деди .
Билип турам мен деле мунун баарын кылган абысын менен кайнаган деди .
Диана ушундай таш боор адамдарды коргон эмесмин деди .
Маакул мен кайнатам , кайненем менен урушупмун аа куйоомо эмне кылдым , бир басып келип сурабады эмне ичип , эмне жеп жатасынар деп Диана ыйлап алды .
Мен учун деле эмес , баласы учун деле келбеди деди .
Диана чон уйго кирбедим деди , жакыныраак барганда эле бир башкача жагымсыз жыт бар деди .
Кайнежеси да ооба ошол чон уйдо жылаандын ордосу деп укчумун деди .
Диана кайнежесин усатып коюп ойлонуп отуруп калды .
Чындап эле эмнеге мен ушинтип жашашым керек ? _ озумду эмес баламды да кыйнап , баламдын озумдун омурумду ден соолугумду коркунучка салып деп озуно келе тушту .
Ушунча кордук тарткыдай буларга эмне жаманлык кылдым , кулу менен чыгып отту менен киргеними .
Эч кандай жакшы соз , рахмат да укпады .
Келинсинби ошондой жашашын керек дегендей тушунук да Диананын мээсине синип калгансыды .
Нары басса деле жылаан , бери басса деле жылан , жаздын куну эле , айрыкча майда болгон жылаандын балдары толтура .
Бирок зыяны жоктой корунду , кол салып атырылган жылаан болбоду , бир гана билбей жакыныраак болуп калсан ышкырып айбат корсотуп коюшат .
Буга чейин да Диана уккан эле , уй тортуечу кундору кунуроп титирегенсип ун чыгып турат деп .
Куугум кирип уйго кирип отурду эле жер титиреп жаткандай сезилип кунгурогон ун чыгып жатты .
Диана бугун тортунчу кун экенин билип , бул уйдун ээчи экенин билди .
Бирок коркон жок .
Эшке чыгып караса уйдун жанында аябагандай эски кичинекей уй бар экен ошондон чыгып жатканын билди .
Оз козу менен коруп , коргон козуно ишенбей да кетип жатты .
Колундагы баласы ошол уйду карап алып даны эле бироолор менен суйлошуп жатты .
Сегиз айлык бала эмнени билет дейин десен , наристенин козу ачык болот деген созду угуп калуучу эле Диана .
Диананын улуу абысыны келип , ии корком бул уйдо кантип жашап жатасын демиш болуп , кечинде уйго бар , туугандарды тамакка чакырганбыз деп кетип калды .
Кандай жашап жатасын ,коркон жоксунбу , эмне ичип жатасын деп да сураган жок .
Ичи тар бироонун жакшылыгын коро албаган аял .
Тилинен заарын чачкан .
Бироонун кемчилигин укуп чукуп шылдын кылып суйлогонду жакшы корот .
Аны озуно жакшы онор корот .
Диана канчалык баргызы келбей турса да ,кайнанасы келип баланы алып туруп алды , жур балам уйго барып келгиле деп .
Булардын кандай арам ойлорун Диана билген эмес эле .
Аргасыздан барды , баласы температура болуп ооруп колдон тушпой жаткан эле .
Барса баары эле Диананы жаман коруп ; жаман коздору менен карап жаткандай сезиле берди .
Эмне кылаарын да бильей отуруп калды .
Ангыча ары жактан абысыны келип , ай сен итирейген эмне кайнагандын уйуно отурганы келдин беле , сага эмне айтыш керекпи , сенин эле балан болсо дагы , алдагы баланы жерге коюп тетиги идиш аяктарды жуу деп ,соомойун кесе Дианага коздорун чакчандатып суйлоп жатты .
Кайненеси , оз кайнежелери , кайинсиндилери карап отурушат .
Баланы бизге бер дененге да жарашкан жок .
Ансыз деле ысысы ичине толуп турнан Диана абысынынын адамча мамеле кылбананына жини келип кетти .
Ал да коздорун чактайта абысынын карап , тайманбай туруп , тиштене тарт алдыгы соомойунду деди эле , абысынынын коздору чанагынан чыгып кетте жаздады , Дианадан андай соз угам деп куткон эмес эле .
Диана да сен кимсин мага алдыгындай суйлогонго деп кекете сурады , абысыны менин ким экенимди билбейсин , мендеген сенин кайнагандын аялы болом , сен келинсинби айтырбай жаза эмне отурасын деди .
Диана да эмне болуптур кайнагамдын аялы , болсон эмне экен ; биринчи адамча мамеле кыл деп таймамбай айтышып алды .
Мына ай бала кордунбу катынынды деп , Диананын куйоосуно бакырып суйлоп жатты .
Буну туптура эле жанагы уйго киргизкенибиз , бул тиги жылаандарда отот тилин карачы эки метр мени менен да айтышып жатканын деди .
Ал конул да болуп карап койгон жок , маадемектен бирин олуп бирин кал деп отуруп алды .
Абысыны алдыгыбы чакчайган козунду чукуп алам деп демите басты эле , Диана да тартынбастан , козумду чукумак тургай алдыгы тырмагын эле бир жериме тийсин таарынба деп тик карады эле , ал тартына тушту .
Сен чындап жылаан болуп калыпсын
Билесинби биз ошол уйду сени жана алдыгы шумшук баланды жылаандвр муунтуп олтурсун деп сатып бергенбиз деди .
Алдагы бетинден чаар чачып турасын жылаанга окшошуп деп айтпаган созу калбады .
Алдыгы баландын башын жут биринчи деди эле , Диана да жини келип мен бир бвламдын башын жутсам , сен алты баландын башын жут деди .
Балама бирдеме болсо таарынба точно мен сага жылаан брлуп алты баландын жанын алам деди эле , абысыны жалтактай тушту .
Диананын да эч нерседен коркпой жалтанбасын коруп , тартына баштады .
Диананын башка абысындары келип , сен тенелбей эле койчу кетип калчы деп чыгарып жатышты эле , абысыны чыныларга суу толтуруп устуно ширенке чагып каргап шилеп , кетип бараткан Диананын артынан сууну чачып жатты , бугунку тундон балан экоон чыкпай калгыла жылаандар силерди талап олтурсун деп .
Сага ошон учун алып бергенбиз деген ачуу уулу создорду айтып жатты .
Кайненеси менен кайнежелери концерт коргондой унчукпай отурушканы Диананы ошол нерсе аябай ызаланты .
Куйоосу да унчукпай отуруп алганы ; анын баласын уй булоосун тепсеп жаткан женесине ооз ачып койбогону Диананын сай соогун сыздатты .
Жолдо катар ыйлап баратып , чындап уйуно барса жылаандар чагып алчуудай сезип карангы тундо баласын кокурогуно кысып кочоодо басып журду .
Ошентип Диана ал туну кочодо басып журуп тан атырып уйго кирди .
Баланы жерге койсо эле жылаан чагып кетчуудой коркуп , баласын такыр колунан тушургон жок .
Диана учун бир гана баласы аны бул дуйноодо кармап тургандай сезип жатты .
Жаман создорду укан байкуш бирдеме болуп кетчуудой болуп ого бетерден коркунуч басып жатты .
Уйуно кат жазып жонотуп жиберди ,апа мени тезинен келип алып кеткиле деп .
Эненин журогу сезет эмеспи ; тушундо Диана эски кийим жыртык тешик болгон , кочодо утур бир уйдун эшигине барса эч ким эшик ачпай жатканын корот , нан сурап ачка болдук деп Диана суйлоп жаткан экен чочуп ойгонуп кеттсе журогу дукулдоп жаткан экен .
Бул кызга бир балее болду деп эне сезип акча , машина издеп жоноду .
Машина таап Диананын апасы да кайнатасанын уйуно тан эртен менен келип калды .
Кудагыйлары чакырып бир чоогун чай берише элек эле .
Кирип келген кудагыйын корушуп секирип турушту , баары эртемененки чай ичип жатышкан экен .
Келиниз ,келиниз деп куйоо баласы эпилдей тушду .
Жок мен чай ичкени келбедим , кызым учун келдим Диана каякта деди эле Кайнар шашкалактап ал тиги уйдо деп жоноп баратышты эле , Диананын кайнатасы кудагый кызыныздын жоруктарын айтайын деди эле , Диананын апасы , куда созунузду токтотунуз мен кызымды жамандаган адамды эки дуйнодо жек кором , токтотунуз созунузду деп кесе суйлоду .
Алар Диана турушкан уйго кирип барышты .
Диана апасын коруп ыйлап жатты .
Апасы кайратту адам , токтот коз жашынды ; ыйлаба эмнеге ыйлайсын башынды ойдо котор , эч качан жер караба мен тируу кезде деп кызын тыйып койду .
Диана бир нерсе айтып тушундуройун деди эле , эч нерсе суйлобо ансыз деле коруп турам , жыйнал кетебиз деди .
Диана эмеректерин машинага салып жатышканда кайатасы келип калды .
Ал Диананын апасынын алдын тосо , кудагый бир ачуунузду мага бериниз деп алдын тосту эле , Диананын апасы жок куда турунуз мындай жоолоп кетсем уят болот жолубузду тоспонуз деп гана чыгып кетишти .
Диана апасына тандана карап эмне болгонун укпай эле кантип билдин деп карады , эне журогу менен баарын туят , айтырбай эле билип турам сени кебетенди коруп туруп эле деди .
Сага алдыгы баланын да кереги жок болучу таштап койсон болмок деди эле , Диананын журогу оозуна тыгыла тушту .
Ого бетер кокурогуно кыза кучактап ичинен бул менин жаным экенин билбейсин деп алды .
Жок апа таштай албайм , алар бага алышпайт кор кылышат деди .
Ошентип Диана торкунуно келди .
Уйдо дагы эки эжелери да балдары менен уйдо экен ,алар да куйоолору жакшы болбой келишкен экен .
Диана бир аз тартынып алды , аи баарыбыз уйдобу ? Баарыбыз тен куйообуздон ажырашып келип алдыкпы деп. Апасы ооба баарынар батасынар ,бирин ылдый бирин ойдо эмесинер баарынар тенсинер мен учун деди .
Диананын атасы огой ата эле .
Огой босо да омур бою бала коргон эмес экен , Кудайымдан суранчуу экен ушу уйумо балдар толуп бири кирип , бири чыгып турушса экен деп .
Диананын улуу эжеси бир баласы менен , ортончусу торт баласы менен эле .Эми Диана да бир баласы менен кошулду .
Инисинин эки баласын да багып жатышкан экен .
Баардыгын оз балдарындай коруп , кыздарынын балдарын ээрчитип оз неберелериндей жакшы коруп , ары тур бери тур дебеди .
Ошентсе да Диана ичинен кызылып жатты .
Апасын да аяп жатты .
Тегерек четеги коншуларынын создорунон кызылып жатты .
Баары чогулуп отурушуп болгон окуяны айтып берди Диана .
Болоору болду эми баланды таштап иштеп кет , колундан келсе кайра эле башкага баш кошуп турмушунду улап кет деп кенешин айтып жатты .
Кеткен келинди эч качан , эч ким жакшы дешбейт деди .
Болушунча сени каралаганга киришет , бирок бир гана Кудайымдын козу туз болсун , Кудайымдын алдында .таза болсон болду деди .
Дианага куда тушуп келгендер кобойуп жатты .
Апасы кызым билет , конулу келсе жок дебейм деп жонотуп жатты .
Бирок Диана багкага турмушка чыгып баласын кордогузу келбеди .
Ал да атасына окшош кишини корсо эле ээрчип ыйлап калаар эле .
Ансайын Диана баласын жетим кылгызы келбеди .
Эми Диана учун бул жашоодо баласы учун гана жашаш керек болуп калды .
Ошентип арадан эки жыл отту .
Дианын да жанын коюшкан жок , кайра кайра неберебизге келдик деп кайнатасы келе берчуу болду .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 25