***Бердибек. Жети кабатуу, 120 квартиралуу, тиричилик корпусту аяктап, колдонууга берүүнүн салтанатуу аземи болуп, мэрдин катышуусу менен лентасы кесилди. Кубанганыбызды айтпа, өзгөчө мен аябай бактылуу элем... Анткени ушул учурду чыдамсыз күткөм! Бул жеңишим мага; муруңку ишеничти, күч -кубатты, эркимди кайра кайтарып жатат! Ой, Кудай-Теңирим ай! Кандай гана жеке бактылулукту сезип турам.Бирок мен бул бакытка жетишүмө Бурулай себепкер болгонун, терең түшүнүп турам, анын жүзүн жанымдан чыккан тунук ыраазылык менен карап, ага эми чоң ишеним артып, жан-дүйнөмдү ага арноо гана уялап турду. Алда мага окшоп бактылуу эле. Аземди түш маалына чейин бүтүрүп, бүгүн бул күндү өзгөчөлөнтүп, Бурулай экөөбүз гана белгилегибиз келип, ресторанга бардык. Анын жүзү күндөй жаркырап, көзү өзгөчө кубулуп турду. Чер жазышып сүйлөштүк, шаңдуу музыканы коштотуп тер чыгарып бий бийледик, бүгүн бул жаңы дүйнөнүн жыргалын сезип, көңүлдү оболотуп, ойлорду оргутуп, жан дүйнөбүз бийик толкуп турду.Эртээрек түнгө калбай эле үйгө келдик. Жетээр менен ваннага чайканып сергип, шейшепке кирип алдык. Кубанычтын деле чеги болот турбайбы. Бир кезде мен,
-Бурулай сырыбызды эми жашырбайлычы? Келечек жөнүндө ачык сүйлөшүп алалычы, кийимдерден арылып, азыркы биз энеден тума жыланач жаткандай, күмөн ойлорду кубалап салалычы? Убакытка карап алды-артыбызды кылчактабай, жаныбызды аябай тындыралычы! Шектүү ойлор, мындан ары конок албасын. Кандай дейсиң, буга жаркыным көңүл буралычы?
Жарымын ыр менен коштотуп тамашалай, жарымын чын ыкласымдан билдирип, суроо жылдырдым эле. Бурулай оюн билгизбей, кайра назданып,
-Айта бериниз, таксыр! Кулак сизде?
-Бирок таарына экей жок. Анда мындай, сөздү көп коротуп, башынан кайра баштабайлы? Мен сени сүйүөрүмдү билесиң? Бирок мен бош эмесмин да? Макулдашып баш кошкон аялым турат, анан дагы төрт балам бар. Мен аларды кантип талаага таштайм?
-Үй-бүлөң менен боло бер, ким сени кубалап жатат? Менби же аялыңбы?
-Жок. Эч кимиңер кубалаң жоксуңар. Маселе бөлөктө? Убакыт тез өтөт. Өмүр картаят... Сен жалгыз өтөйүн - деп жүрөсүңбү? Кечирип кой, орой суроомо? Бирок сен келечегинди ойлошуң керек да? Өзүңө ылайык келген түгөй издешиң керек го?
-Эмне сен издешейин -деген турасыңбы?
-Жо-ок. Кандай десем? Сен сөзүмдүн артын, жаманга жооруба? Мен сага эң жакын кишиң катары өзүмдү жоопкер сезип, сенин келечегиңе да түйшөлүп жүрөм?
-Давай, Бердибек! Теманы башкага которолу. Бүгүн алгачкы ийгилигибизди, башка нерселерге алаксыбай, жакшы белгилейли дебедик беле? Мен жөнүндө түйшөлбө, кайгырбачы, жолборсум! Я уже зрелая девушка, своими проблемами или там судьбами как нибудь я сама справлюсь! Тескериленди.
Анан бир аздан соң, ал сөздөрдү унутуп, эртеңки жасала турган иштерге өттук. Бирок мурунку маанай денгээлине кайтып келе албай калдык...
Канча мезгилден бери кана уктай албай жүргөн жаным, чарчаптырмын, бир кезде көзүм илинип баратат... Бурулай жөн жатпай, соода борборунун курулушун улантууну баштайлы, уйкусу келбейт экен. Ошонун документтерин окуп жанымда жаткан... Анан күзгүсүнө боенуп киргенде. Мен чыдабай катуу уйкуга кириптирмин.
Бир маалда чаңырган анын үнү, мени чоочутуп жиберди? Көзүмдү чала-була ушалап, алдымды карасам. Түз эле Нурзат, биздин спальныйга жакындап келе жатат. Өңү сөөктөй купкуу, көзү болсо; карышкыр уусуна кол салар маалындай кызарып калыптыр, заарду көзүн менден албайт. Жүрөгүм оозума келип, сыртка чыга албай тыбырчылайт. Бурулай шейшепти өйдө тарта калып,
-Токтоңуз, эже! Ордуңуздан жылбаңыз? Эмне үйгө уруксатсыз кирип келесиз? Кандай акыңыз бар! Тезинен чыгып кетиңиз, болбосо мен милицияга кайрылам! деп айкырып кирди.
Мен эмне кыларымды билбей, көзүмдү катам, киймиме болсо колум жетпейт. Дырдай жылаңач элек да. Нурзат ордунда бир саам катып турду. Бурулай күчөдү,
-Сыйыңыз менен чыгып кетиңиз, эже! Күйөөңүз керек болсо, мына алып кетиңиз, бирда унчукпайм! Мен аны бияка сүйрөп келген жокмун, өзүнүн буту менен басып келген...
Деп киргенде, Нурзат эсине келдиби, бурулуп алып үйдөн чуркап чыгып баратканын көрүп калдым. Бурулай шейшепти тартып алып, денесине ороп, артынан жөнөдү... Каалганы бекитип, ваннага кирип алды. Мен териси сыйрылган койдой болуп, кийимдериме эптеп жетип, кийинип кирдим. Ойлонууга чамам жок... Окуя чагылган жарылгандан тез болду. Эсим ооп калды. Көкмө койдой ордумда бир нече тегеренип, эмнени дагы издеп жатканымы, бир түшүнсөм эмне? Эшик тарапка бет алдым. Баратып ваннанын каалгасын түрткүлөсөм; «Бурулайды сооротуп, тынчытып кетейин болом». Бекинип алыптыр, суусу шырылдап жатат, ал ачпай койду. Сыртка чыктым. Мен эми түңкү талаада адашып калган койдой, темселеп баратам... Кайда барарымда белгизис. Барар жерим эми тунгуюк...
Асманды карасам, ай калкып жүрүптүр, түрү томсорок, улам кара булутка жашынып, мени көргүсү жок. Нурзат экөөбүз менен далай жолу көрүшкөн таанымал түрү көрүнбөйт, бизди жабалактап курчаган жылдыздардын да өңү суз... Дүйнө бүтүндөй көмкөрүлүп калгандай, боштук мени ороп алды. Таң атаар маалга чейин, көчөдө жалгыз ары-бери басып жүрдүм, алым кеткенде, үйгө жөнөдүм. Калганы ачкычым менен ачып, үйгө кирсем, үй ичи ангырап, эми чоочун көрүнөт. Жаздык, одеалосуз диванга жатып, кийимчен кыйшайдым. Бир маалда оор түш көрүп, тунгуюкка камалып, кыйналып жатам, чоочуп кетсем. Күн эбак көтөрүлүп калыптыр. Саатты жанталашып карасам 11-30. Жумуш эсиме тез келди, жуунбай, тазаланбай, сырка атып чыктым. Жумуш -менин жалгыз бакытым эле, катуу түйшөлдүм. "Аякка барбасам, анда карыган бөрүдөй, башкасына эми таланып өлөм! Антпесем карызымдан кантип кутулам? Жанданып калган максатым эмне болот? Турмушум эми эмне болот? Өмүрүм кандай болот?”
Жумушка барсам, кечиккенимди анча байкашпады. Обьектиме барып иштерди улантып, кечке чуркап жүрдүм. Офиске барбай койдум. Эл тарады үйлөрүнө. Мен кайда барам, баш катат? “Эч жакка барбайын.” Жолдон шам-шум этип алып, күндү карангылатып, анан офиске бардым. Кароолчуга; “жумушум көп, кабинетимде иштейм!” Эски диван бар эле, газетанын түрмөгүн башыма жаздап, эч нерсе башыма кирбейт, уйкуга араң берилдим. Ошентип жашап жүргөнүмү бир короолчу гана билбесе, башкасы мени байкай элек... Офистин ичинде ичкенге суусу, сан узели, туалети бар. Лезвия сатып алгам, сакал-мурутту алам. Кечиндеси жолдогу ашканалардан, эртең менен болсо -суу эле ичем, түшкүсүн курулуш жүргөн жерде чакан ашканабыздан бир маал ыссык тамак берилет. Бир жума аяктап калганда гана Бурулай келиптир. Алыстан эле мени көрүп, жылмайып кирди.
-Жашоонуз кандай таксыр, генералдык директор! Ден-соолугуңузду сурап койсок болобу? тийишип кирди.
-Уруксат этсеңиз, сизди чайга чакырууга суранат элем?
Жакындап бетимен бир өөп, колумдан папкамды сууруп алып, колтуктап алып жөнөдү. Жолдо баратып,
-Таксыр! Менден кандай күнөө кетип жатат, мүмкүн болсо, четин эле билдирип коер бекенсиз? Мен сизге, эч бир жаман сөз айткан жокмун го? -Офиске келип эмне жумуш жасап жатам, жумушка келип-кетип атамбы, көзөмөлдөп кою деген болбойбу?
Унчыкпайм! Такси жалдап үйүнө бардык.
-Болду эми, тултуйбачы, мен аны чакырткан эмесмин? Аны кууп чыгып, ката кетириптирмин, силерди таштап, өзум кетип калсам, тура болмок экен... Жеринен маселени чечип алат элеңиздер да? Ошого таарынып жатасыңбы? Кой эми менин, жолборсум! Мен сени таштап, качпай калайын? Керек десең, сенден азыр кечирим суроого даярмын!
Чай ичип, кичине жайлангандан кийин,
-Бердибек эртең дем алыш күнү авто базарга баралы. Сага жеңил машина тандайлы? Муну тура түшүн? Фирманын директору болсоң, анан жөө жүрсөң, эл, жумушчулар, кардарлар -эмне дейт? Баркың заматта кетпейби? Чөнтөкктө бир тыйын жокто деле, карыз алып, килейген высотканы бүтүрүп салдык. Азыр Кудая щүгүр, счетто акча турат... Анан бир жолу сенин кабинетиңди да жаңы мебелдер менен жаңырталы. Кандай дейсиң?
Ойлосом, чын эле машина керек экен, таксиге деле канча чыгым кетет. Макул болдум. Андан кийин мамилебиз бара-бара түзөлө баштады. Анда чынын да анда эмне күнөө? «Мени азгырып алгандай, жаш бала белем? Замана, шарт, жана менин жалгыздыгым себеп болду да». Бирок өзүнчө калганда, баары-бир үй-бүлөм көзүмөн өтөт, жанымды тынчытпайт... Барып Нурзаттан кечирим сурайын-дейм. Бирок жумуш кычап, ага алаксып кетип, унутуп алам. Чынын да кычыраган кыш келгиче, уч этаж Соода борборунун каркасы тургузулган, эми стенасы толук бүткөн, калганы да бүтүп баратат, күн жылууда сырткы жумуштарын бүткөрүп албасак болбойт, дем алышсыз иштейбиз... Жумушчу-кызматкерлерден суранам: “Дагы чыдагыла, кышында иш токтогондо, баарыңарды акысы төлөөнүчү отпускага чыгарам, каалагандай эс аласыңар!” Бир күнү эки кызым мени жумуш ордуман таап алды. Кыз бала эркек балага каранганда, боорукер келет тура, кантип издеп таап келгенине таңыркайм. «Аталап», буту-бутуна тийбей чуркап келишип, тегеректеп, билимен кучактап калышты!
-Ата! Эмне үйгө келбейсиз! Биз сизди, аябай сагындык! Экөө бирдей чыркырап, көздөрүнүн жашы кирпигинен ашып, жазгы жаандай чачырап кетти. -Апам сизге унчукпайт, мен убада берем! Ал сизди ойлойт, дейт улуусу да.
Машинага экөөнү салып алып, бир жайлуу кафеге алып барып, тамак алып берип, анан стол үстүндө өзүмдүн көйгөйүмдүн четин чыгардым. “Жаңы фирма жөнүндө жана карызым туралуу” Эми жакында карызымды жойсом, бир жолу үйгө барарымды, убада кылдым.
Аларды узатаарда, жүрөгүм солкулдап турду, жан дүйнөм бурганактайт. Көрсө үй-бүлөмдү, өз уямды аябай сагыныпмын!
***НУРЗАТ.Жарыгын да өчүрүп алышпайт. Алгач эле колуна кичинекей күзгү кармаган, төшү толук, эки чоң эмчеги тарсаят, ангелек-коондой салаңдап, кызбы же келинби айтор, анысы көзүмө урунду. Анан көзүмдү бөлөккө бурсам, жанында капталынан жаткан эрекектин чачы үрпөет, спалныйдын берки тосмо жыгачы тосуп тургандыктан, “дөбөтун” даана көрөйүн болуп жакын жылып баратам... Ангыча мени тиги “канчыгы” байкай калыптыр, чаңырып ийди, эрекеги чоочуп, башын эки жакка алактатып, тулку боюн көтөрө калды. Анын да денеси жылаңач экен... Бердибектин эле өзү! Көзү алайып кетти коркконсуп, кареги тынбай секирип жатат, уятынан чыдабады; көзүн катып, шейшебин кекиртегине чейин тартып, алапайын таппай, эки жакка башын чайкайт, айласы кеткен бою эми шалактайт. Жанындагы канчыгы тынбай чаркылдап, мага үрүп кирет. Ага бир көңүл бурган жокмун. Эки көзүм эле Бердибекте! Көкүрөгүмө ыза толуп, муунуп баратам... Кайра бурулуп, сыртка карай жүгүрүп жөнөдүм. Көнөктөгөн көзүмдөн ступенкалар жылышып барып чайпалышат, аны каптай баштаган тоонун агын суусу, кулагыма жаңырат, көбүргөн агымы мени сыртка калкытып чыккандай туюлду... Байкасам дагы эле чуркап баратам... Бир кезде, биздин подьездке жетиптирмин. Токтодум. Жаңы эле мени буракандаган ак деңиз толкуну, котур таштуу жээгине жеткирип, бүркүп салгандай сезилет. Скамейкага эптеп таянып көчүк бастым. Өйдөгү үйгө кантип көтөрүлөм? Ичегим сууга толгон, бирок өзөгүм өрттөнөт. Жашым токтобой, Нарындын дарыясындай өркөчтөнөт. Мындай жашым эгерим төгүлгөн эмес? Көңүлүмө өтө оор тийди, ачуу тийди, жан-дүйнөмдү муздай какшатты, келечектен түңүлттү, терең уятка киринтти. Ойго келбеген, түштө да көрүнбөгөн бул окуяны өчүрүп, көңүлүмдү сооротуш үчүн, балалык кезимди элестеттим. Бердибек менен өткөргөн жаштык кезимди чубурттум... "Ушундай бир буюрган өмүрдүн, тополоңдуу болгон жашоосу, жерге кирсинчи ээ! Канчалык жанымды сабап, турмуш менен күрөшүп жүрсөм, жыйынтыгы бул?" Эми жашагым келбей турат. Жашоонун кызыгы эми өчтү. Ортодон ишеним кетти. Бирок ортодо балдарымды эстеп. Кудай ай! “Эмнемен жаздым, эмне күнөө кылдым?”
Отурганыма канча убакыт болгонун сезбейм. Бир кезде улуу баламдын колу ийниме артылып, сууланган бетимди өпкүлөп киргенде гана, ”селт” этип жаным ойгонуп кетти. Чагылган жаңы түшкөндөй жүрөгүм солкулдап, эсиме келе түштүм. Балдар сырымды билбесин кайра чоочуркадым. Балдар да эмне күнөө? Аларды мындай жаман ойдон, жаман нерседен сакташым зарыл!
-Апа! Сиз эмне бул жерде отурасыз? -Эмнеге ыйлайсыз? Ким сизди капа кылды? Ыйлабаңызчы? -Жүрүңүз үйгө?
Тып басылдым. Дагы үн чыгара албадым. Тепкичтен көтөрүлгөнчө, тумчуктурган оор ойлор, эми булутту шамал кубалагандай, тарап баратты.
Үн чыгарбай төшөгүмө жетип, бийик жардан куладым... Андан бери бир топ күн чуркап кетти. Бирок колкомо сайылып калган балыктын ичке кылканындай, ал көйгөй чечилбей, санааларым улам узарат. "Ал уятын кантип көтөрүп жүрөт болду экен? Эмгиче мага бир кайрылып келип, кечирим сураса -мен темир эмесмин да, балким балдарым үчүн кечирет белем?" Ой-санаамдан бурул булуттар таркабай, бүлүк түшүрөт. Чоңоюп калган балдарыман уялам. Аларды багып чонойткон ата-энеси, биз адашып, олку-солку болуп жүрсөк, булардын тарбиясына, келечегине кандай таасири тийет? Болуптур, мен да түшүндүм, жаңылбаган кемчилиги жок -адам болбойт? Балким биздин жашоо, көз карашыбызга бул капыстан келген катаал замандын залакасы тийгендир? Балким заманга жараша, көр окаттын айынан жанымды карч уруп жүрүп, мурункудай ага жетиштүү көңүл буралбай калганым -себеп болгондур? Бирок окат болбосо, тиричилигибиз кантип өтмөк? Кыскасы мен анын катасын, “келечек үчүн кечирет элем!” деген ойго келип, анын биринчи кадамын, келишин күтө баштадым... Балдарымдын тынчы, өзгөчө чоңоюп калган эки кызымдарымдыкы кете баштады. Мени кысташат,
-Апа, сотка аркылуу атамдын ал жайына, жашоосуна кызыгып койсоңуз болот беле? Анда эмне мурун жакшы жүрүшүп, үй-бүлөнү бирге курдуңуздар эле?
-Атаңар, алгач мага чалсын? Анын алдында менин күнөөм жок. Келе берсин. Мен эмне, келсе кубалап ийдим беле? Көрүп жатасыңар? Ал өзү үйгө жолобой, жоголуп жүрөт.
***БЕРДИБЕК.Иш менен алпурушуп жүрүп, мезгилдер сезилбей өтүп кетиптир. Бүгүн асман тегиз агарып, аба кар жыттанып, укунун канатындай ойкуп-кайкып учуп, ак кебездер жерге конуп, кээде жел улп этсе чимирилип, Венский вальсты бийлешет. Көңүлум ачылып, бийлеп кирди. Соода борборунун курулушу ыкчам жүрүп, сырткы жумуштарды толук бүтүрүп калууга үлгүрдүк. Эми ичи-сырты шыбалуу, айнек терезелери салынуу, борбордук жылытуу систамасына кошулуу, ал эмес сыр-боек иштерин да бүтүрүп салдык. Сыртынан караганда колдонууга берүүго даяр болуп калгандай көрүнөт. Иммараттын ичине толук көчтүк. Бүтүрө турган облицовка иштери эле калды. Менин шашканым, Жаңы-жыл майрамына карата колдонууга берип жүгүртүп калуу. Анан бат эле байкалбай, Жаңы жыл майрамы кирип келди. 31 чи Декабрь күнү күндөгүдөн эрте ойгонуп, шашып жатам. Бурулай ойгонор менен тынчытпаган оюмдагыны эми билдиреин,
-Бурулжан! Бүгүн мен сага бир маанилүү сөзүмдү айтканы жатам, бирок сен таарынбагын, анткени эски жылда билдирип жатам, ал эми бүгүн босогону Жаңы жыл алмаштырганы турат!
-Эмне! Анда мен эмнеге таарынышым керек? Мага жаккандай белек тандай албай жатасыңбы? Менин вкусумду билесиң да? Скромный эле болсун. Таарынбайм. Машинаны азыр подарить эте албайсың? Түшүнөм... Алгач Соода борборун эксплатацияга берип, анан башка эмне белек?
-Тура! Сени сүйүнкөндөй белекти берем! Бирок ал жөнүндө эмес? Кеп, Жаңы-жылды кандай тособуз? Мына ушул көйгөй болуп жатат? Мен сага мурун ачыгын айткам. Үй-бүлөмдү, анын ичинде балдарымы таштай албайм!
-Бара бер, анда! Мен сени кармаган жокмун? Буга чейин да кармаган эмесмин...
Көңүлү бузулуп, тескериленип кирди.
-Тура, түшүн! Мен бүгүн жаңы жылды үй-бүлө, балдарым менен тосом. Сен ата-энендин үйүндо тосо тур! Анан Саат 1-00-2-00 лер ортосунда жолугалы, чогуу майрамдайлы!
Унчукпай, жооп бербей коюп, анан чай ичип жатканда гана,
-Мейли бара бериңиз, таксыр! “Начальник кайда басса, өзү билет!”
Башка үндөгөн жок. Мен ыраазы болдум. Ал деле кыйналып жатат? Бирок мен эмне кылам, андан ашык болбойт да? Эми оюмдун баары, үй-бүлөм менен жолугушуу жөнүндө өтүп, тынчым кете баштады. Мурунку күнү чакан бойлуу “живой елка” багын, бир коробка оюнчугун сатып алып, үйгө берип жибергем. Эми өздөрүнө эмне белек алам? Башым катат? Бүгүн жумушка бармай жок. Акча бар. Супер маркет борборлорун кыдырып, адегенде Нурзатка белек тандап: ага эң кымбатын тандап, норковый шуба сатып алдым. Балдарга, кыздарга, баарына бирдей кылып, бирден сотка, калганына бир шампанский, таттуу суулар, конфетер, балмуздактарды даярдап алып, бирок кечирээк 21-00де кирип барайын болом...Бирок күн кеч кирбейт десең, ар кайсыны ойлоно берип, бир топ чайналам. Саат 21-30 гана үйдүн ачкычы деле бар эле, бирок каалганы тыкылдатсам, кичүү кызым ачып, мени көрүп, үй ичин жаңырта айкырып кирди.
-Ура! Менин атам келди! Ошол учурда балдарымдын колдору мойнума артылып. Улам бирден жабалактап, бетимен өпкүлөп киришти. Төркү үйгө кирдик. Мурункудан да жайлуу, жылуу, жаркырап, жомоктогудай ажайып көрүнөт. Балдарымдын жүздөрүнөн бакыттын, нуру төгүлөт. Нурзаттын жанын койбой үстүмө киргизишип, жаныма отургузушту, өзүлөрү чыгып кетишти. Бири-бирибизди илгери жаңы таанышкандай, апкарый түз караша албай жатабыз... Колун кармап, тизелеп туруп,
-Нурзат мени кечир! Мен күнөөлүмүн. Эми андайды тубөлүк кайталабайм! Алаканынан өпкүлөдүм...
Үн деген жок. Колумду түрткөн жок. Бир аз унчугушпай отурдук. Анан ал жылып кухнясына кирип кетти. Жаңы жылды көңүлдүү тостук. Эки кызым мага жабышып жаныман чыкпайт. Жаңы жылдык белегимди тапшырып, Жаңы-жылга арналган шоу программаларды алар менен бирге көрүп, кечинде мага диванга төшөк салып коюшуптур. 2-00де мемиреп, жаным балкып, көшүлгөн уйкууга кириптирмин, ошол бойдон эчак жарык тийген, саат он бирлерде гана ойгондум. Жаңы төрөлгөн баладай эч бир санаа жок, баарлык түйшүктөр, түшүм өндүү сезилет. Эки күнүн чогуу майрамдадык, үйдөн жылган жокмун. Тоодогу лыжа базага эс алып келдик. 3-январда гана жумушка чыктым. Соода борборунун даяр болушуна дагы эки жумалык иш калган. Бурулайга айла жоктон, эми жумуш боюнча гана жолуугуга тура келди. Ал тура түшүнүптүр. Эми коллега катары мамиле тартуулайт. Мен анысына ыраазы болом. Бүтүргөн Соода комплексинин эси бат табылды. Акчасын которуп беришти. Иштин жалпы жылдык жыйынтыгын чыгарып, жалпы жыйын өткөрдүк. Мен карызыман кутулуп, үстүбүздөгү жылды; 50 %; ке толук ээ үлүшүм менен иш баштайт экемин. Аны Бурулайдан уктум, бирок ага кубанган жокмун, анткени бул ишканадан кетейин-дедим... Сөз алып,
-Жолдоштор! Мен силердин коллективден биротоло кетейин -деп чечтим. Мага тийиштүү 50 % акцияны фирманарга толук калтырам. Ушул турган боюнча өзүм гана чыгып кетем. Себеби; “мен өзүмчө жаңы ишкана ачам! Мага кошулуп иштөөнү каалагандарга, эшигим дайыма ачык.”
Фирмадан айдап жүргөн джип машине менен гана калдым. Ошол эле жылы жаңы фирма уюштуруп, кредит алып, Мэриядан грант утуп алып, жаңы Бала бакча салуу менен ишим башталды. Мурунку ишканадан бир тобу келип, мага кошулушту. Кийин ишим ийгиликтүү жүрүп, фирмам өнүгүп; өз жолумду турмуштан - өз бакытымды кайра таптым.
АЯГЫ.
ЖАНЫШБЕК СЫДЫКОВ.
Комментарии 16