Нооруз майрамы белгиленгендин экинчи жылы,жолдошум экообуз акылдашып,элдер эс алып майрамдай турган сейил бакка барып,манты саталы деп чечтик.
Союз ыдырап жумуш жок,мен баса элек уулум менен уйдо, жазгы узумчулук болгондуктан,бул сунушубузду райондун так ортосунда жашаган менин торкундорум кубаттап, жардам бермек болушту.
Жолдошум эт-май, унду карызга алып келди, ала-шала тушуп иним экообуз туурап, ара-чолодо атасына ээ бербей ыйлаган уулумду улам эмизип, жалаягын алмаштырып коюп,туну менен колго камыр жайып, бир чон болмонун ичиндеги жердеги дасторконго шыкай тизилген толтура мантыны чекесинен бышыра баштаганда, баллондогу газыбыз тугонуп калса болобу
Тунку саат уч, кошуна эженин эшигин ойгонуп туруп келгенче тыкылдатып, данкылдата такылдатып , "эртен, туштон кийин толтуруп беребиз" - деп убаданы катуу берип,кап ортосунан ооп калган, жагып жургон баллонун которуп келип алып, тан атканда бышырып буттук.
Ошол бойдон уктабастан , чара-чара мантыны дасторконго ороп-чулгап арабага жуктоп, баламды апама(инсульттан кийин аран басып жургон) калтырып, оюн-зоок болуп жаткан маданият уйунун жанына "буюрса, акчага туйтунам, карыздарыбызды бергенден кийин деле, "баланча" акча калат экен" деп кудундап, акактап жетип барсам
мага окшоп соода кылам дегендер толуп калыптыр.
Эптеп кыпчылып бош орун таап турдум, дегеле менин мантымды алган киши жок
Жанымдагылар кичине мешке же учбиликке (керогаз) каскандарын асып манты,оромо,пирожкилерин ысытып, самоорлорунда шакылдап кайнаган чай менен тамак-аштарын экоо-учоолоп, дагы бироосу которуп кетип сатып тез эле туготуп, четинен кете башташты.
Майрамдап, чарчаган эл дагы суюлганда, менин соодам ачылбаган бойдон арабамды суйроп, базарды коздой жонодум.
Кудай жалгап, келип тура калаар менен соодам журуп баштады. Ары-бери караганча мантым тугонду.
Базар менен уйдун аралыгы 50 метрдей. Арабаны суйросом ордумду алдырып жиберем деген ой менен чараларымды колума которуп уйго чуркап жонодум.
Дарбазага жакындаганда чурулдап ойногон балдардын уну, каткырган адамдардын кулкусу жанырды.Эки колдорунда тен манты, эти-майы жерге тушконуно карабастан, улам тиштеп коюшуп кошуналардын балдары кубалашып, биздин короодо ойноп журушот.
Уйдун босогосун аттаганда эле, козумо биринчи корунгону, ортодогу тегерек столдун устундогу чарадагы уйо-уйо салынган мантыны, салааларынан майын чубуртуп жеп коюп каткырып кулушуп, бейкапар отурушкан кошуналар болду.
Баламды эмизбей эмчегимдин ооруганы, курсагымдын ачканы бир тен,"карыздан кантип кутулабыз" деген ой бир тен эле, чиркин, ошол коз ирмемде.
Тиги болмодогу мантыдан эч нерсе жок калса керек сыягы, дасторкондорду буктоп, жыйнап коюптур апакем.
Менин боз ала болгон кебетемденби же тоюшканбы, айтор, кошуналар жылмая тартып, жыла басып чыгып кетишти.
Босогого суйонгон бойдон турган мага тигилген апам;
-Кудай урбадыбы ботом, чара-чара манты бышырып жатып, кошуналарга ооз тийгизбейт деген эмне, ушунча манты турса дарбазаны илип, эшикти жаап алганыбыз уят эмеспи деди.
Эмне кылаарымды билбей тенселип, делдиреп турган ахыбалымдан, баламдын ыйлаганы эсиме келтирди.
Пейилинден, ниетинден кагылайын апакем, балдары карыз болсо дагы, кошуналарым узумчулукто бир жыргап манты жеп алышсын деген тилегинден айланайын.
Омуру кыска экен апамдын, 49 жашында чын дуйного кете берди.
Туну менен мага жардамдашып манты туйушкон жалгыз эркек бир тууган инимден 2жыл мурун 50 жашында айрылдым.
А карыздардан болсо убакыт откоруп кутулдук,баш аман болсо акча табылат экен,бирок, ошол муноттогу божурашып отуруп,туну менен манты жасаган убакыттар табылбады,аттин....
Жыл сайын НООРУЗдун алдынкы куну жолдошум экообуз ошол ургулоп,майрамдык манты туйгон тунду эскерип бир кулуп алабыз...
Сиздерге дагы апакемдикиндей кен пейилдикти, жоомарттыкты каалайм, жашоонуздарды таза ден соолук коштосун.
Ар бир танды аманчылыкта тосконубуздун озу эле майрам.
Майрам- жакшы маанайдан коз каранды.
Жакшылык, тынчтык менен откон кунубуз дагы майрам.
Баарыныздарга бакубат жашоо каалайм
ЭЛМИРА ТАЛАСБАЕВА.
#МайрамдагыМанты
Комментарии 9