Көзү кыйбай түркүн шайы жоолуктардан алган, кийген кийими таккан алтын күмүш тагынчактарынын салмагынан улам чуркашы кыйындап энтигип зорго эле чуркап баратат же кайсы багытка карап басышын билбейт....корккону эле жыш токойдон жолборс же карышкыр чыга калбаса экен деген ой. Токойдун өзүнөн чыгыш үчүн эле 3,4 сааты короду, жайык жерге келгенде жеңилдегенсип алды да чекерээк таштын жанына олтуруп демин басты бирдеме жеди. Таштын үстүнө чыгып айлананы жакшылап караганы менен кубанарлык эч нерсе көрө албады, божомолдоп туруп ылдыйга карай сапарын улады....канча саат жүрдү ким билсин бирок кайра эле токойго туш келгенде ызасынан ыйлап жиберди, жарым айдан бери күн көрбөй караңгы үңкүрдө камалып жатканга тоё тамак жебегенге арыктап, жер казганга назик колдору тытылып жооруп абалына мышык ыйлай турган абалда эле, эртеден бери токтобой чуркаганга чарчап кирпигинен тартса жыгылчудай болуп зорго турат, көз алдына баркыт чепкенин кийип суусар тебетейин кийип жоргосунда зыңкыйып олтурган кер мурут келишимдүү жолдошу Мырзанын элеси келгенде чарчаганын да унутуп алга карай чуркап жөнөдү. Түш ооп күн кечтей баштады кудай жалгап алды жагынан алыстан кой уйлардын жайылып жүргөнүнө көзү чалдыккан келиндин көзүнөн жаш чууруду бул тамчылар сүйүнүчтүн көз жашы эле.......
Журтуна жеткен кезде күн батаар мезгил болуп аялдар уй саап эркектер кой - малды ырастап көпчүлүк эшикте экен таанылгыс болуп өзгөргөн өң алакеттен кеткен алсырап жыгылайын деп турган мындан 15- 20 күнчө мурун жоголгон келинин келет деп күтпөгөнгө келинди көрүп сүйүнүп кетишти..... Ысык чай тамак ичип өзүнө келе түштү, чоң апппак боз үйгө баары чогулушту, келин кыскача кандай күн кечиргенин кантип качып келгенин айтып келип акырында чыдабай ыйлап кирди....бир кезде жолдошу Мырза туугандарына карап "бизди жалгыз калтыргыла" дегенде токтоо бир сөздүү жигиттин айтканын эки кыла албай баары тышка чыгып кетишти, жигит унчукпай келип келинчегин кучактап барып келинге сиңип калган жытка чыдабай ары жылды айрыкча аялынын аюу менен бир үңкүрдө чогуу жашап келгенин эстегенде кабагы түйүлө кызганыч оту тутанып шарт ордунан туруп эшикке чыгып кетти.... Эх өлбөстүн күнүн көрүп жашоо үчүн күрөшүп күндөп түндөп үңкүрдүн четин оюп жакшы үмүт тилектер менен ашыгып качып келсе эми өзүнөн жолдошунун жүз үйрүп жатканы эмнеси?!......
Жанына жолобогон жолдошуна капа болуп келин секин туруп эшикке чыкты кайнатасы теңдеши жок асыл киши "семиз токтудан бирди сойгула келиним күчтөнсүн териге ороп шорпосун ичиребиз" - деп жигиттерге айтып кой сойдуруп жатыптыр, аксарбашыл айтып келиндин аман - эсен келгенинин урматына ак боз бээ курмандыкка чалып бүт баарын чакырып эт тартып айылына кудай өткөрдү.
Ыйлап сыктап аюунун чеңгелинен тирүү кутулганына сүйүнүп жатканы менен жолдошунун өзүн чанып "аюу жыттанып калыпсың" - деп тоготпой жакындабай жүргөнү үңкүрдө аюудан коркуп ыйлаганы бир тең болуп кетти.....Келин кайынсиңдилерин ээрчитип алып ылдыйкы өзөнгө келип "акеңер чанып жатат, аюу жыттанып калыпсың деди" деп ыйламсырап атыр самын менен кайра- кайра жуунуп жаңы кийимдерин кийип чачын өрүп ак шайы жоолугун салып кайра боз үйгө келет, үңкүрдөн алып чыккан күмүш билериктерден кайын сиңдилерине бирден таркатып, күмүш чачпактын бирин кайненесине берип бирин апасына арнап бекитип койду. Эл келип эт жеп келиндин ал - акыбалын сурашып таркай баштады.
Эң кызыгы кеч киргенде башталды... бир маалда мамыда байланып турган аттар кошкуруп тыбырчылап койлор уйлар үркүп маарап ызы - чуу түшүп калды, алыстан жанган көздөр көрүнөт, бир кезде ыргытылган таштар келип боз үйгө тийип бала чака бакырып кыйкырып бир айыл тополоң тоз болуп эле эмне болгонун толук түшүнбөй эркектер мылтыгын ала чуркап эшикке умтулушту. Тоо койнун жаңырта күрүлдөгөн аюулардын үндөрү кулак тунутат, аюулар журтка жакын келгенин сезген эркектер асманга карай 2,3 жолу ок чыгарышты улуулап ар жерге оттон жага башташты, мылтыктын үнүн угуп оттон коркуп аюулар боз үйлөргө жакындай албай мал койду кууп колго тийгенин жарып өлтүрүп кетишти, эркектер таң аткыча кирпик какпай отту чоң жагып бала - бакыраны кайтарып чыгышты.
Таң кылайып ата баштады боз үйдүн алачыктардан ары жакта казыкта байланган торпоктордун бир экөө кызыл жаян болуп өлүп жатат, желедеги кулундардан да экөөнү жара тартып өлтүргөнү жетишип калышыптыр түндө аюулар, от жагып үн чыгарып мылтык атпаса бул шумдугуң кургур аюулар өчөшүп бардык байланган мал жандыкты кырмак тура...
Эртеси кеч кире баштаганда эле журттун айланасына отун топтоп от жакканы ырасташып торпок кулундарды боз үйлөргө жакын байлашып кам көрө башташты, көз байланып караңгы киргенде эле айланадагы топтолгон отундарды жандырып бийик от жагып коюшту, кечээкидей ызы - чуу болгон жок, аюулар отту көрүп үйлөргө жакындай албай алыстан таш ыргытып күркүрөп карылдап атып тээ тун бир оокумда тынчып калышты. Таң атты оттор өчтү, айылдын бийи Мырзанын аталаш авасы (менин чоң таятам) элин топтоп акылдашты баары бир ооздон "бул жерде жашоо коркунучтуу экенин ылдыйраак жакага көчүү керек" деген ой пикирин билдиришип акыры эртең эрте менен кыргыз үйлөрдү таңып мал койду айдап ылдыйлап көчмөй болушту. Күндүзү эркектер эс алып уктап алып кечкинин камын көрүп отун кыйып келишет анда да көпчүлүк болуп жандарына ак бараңын салып алышат, жалгыз жарым баспай калышты "сактыкка кордук жок" - дешип. Мал койду да койчулар алыстатып жайбай жакыныраак жерге кармап көз албай кайтарып калышты коркуп.
УЛАНДЫСЫ БАР..
САРА КАМАЛОВА
Комментарии 21