Оюнга алаксып шаңкылдап тоо жаңырта күлгөн топ кыздар бул кезде өздөрүнөн көз албай ар бир кыймылын күзөтүп турган чоң эркек күрөң аюуга жакындап баратышканын сезсе гана......Бир маалда чоң таштын ар жагынан күркүрөп башын чулгуп алып майпаңлап күрөң аюу чыга калып кыздарга карай кадам таштады, аны көргөн кыздар жөн турабы, кыйкырык бакырык менен ызылдап болгон күчү менен зуу коюп качып жөнөштү. Кантсе да жаш кыздар да чымын - куюн болуп артын карабай чуркашып токойдон алыстап кетишти, узун көйнөгүнө чалынып каттуу чуркай албай таенемин жаңы жеңеси аркада калып кетет, аюу келинге жетип эле шап көтөрүп алып аркага кайтат....Бул кезде келин "ажалым аюунун колунан болот тура" дегенден башканы ойлоого акылы жетпей көз жашы салаалап агып келин "апааа жардамга" деп кыйкырып тыбырчылап бар күчү менен ургулап аюунун чеңгелинде ыйлап баратты.....
Коркуп көздөрү алаңдап алган кыздар арканы карабай зуулдаган бойдон чуркашып кыйла жүрүп журтка жетишти, жүрөктөрү дүкүлдөп энтигип зорго өзүлөрүнө келишет. Коркуп калган кыздарды энелер оозуна колун салып апаптап эмне болгонун сурап такып калышты... Каттуу чуркап жыгылып тыгылып колу бутунун сыйрылгандарына да карабай токтобой көпкө чуркап келгенге кыздар энтигип же бир тыңгылыктуу сүйлөй алышсачы... "Аюу, аюу кууду, жеңени алып кетти, өлтүрдү окшойт" дегенден башканы айта албай калтырап титиреп турушат... Кыздар менен кеткен жаңы келиндердин биринин келбегенин көргөн кайненесинин жүрөгү опкоолжуп келинин кайра - кайра сурап жан алы калбай чебелектейт..... Биринин сөзүн бири толуктап энтигип олтуруп кыздар акыры эмне болгонун түшүндүрүп айтып беришти.
- Ээ кокууй бул эмне тарткылык эле келинимди тирүү кайтара көр - деп кудайга жалынып жатты байбиче..
Мындайды күтпөгөн бир уруунун эркектери топтолуп кеңеше башташты, уруу бийи аксакал ава аюунун колунда калган келиндин кайын атасы баарын топтоп сөз баштады:
- Кимде ак бараң бар алгыла баарын.... Дөөлөт, Мырза, Берди алып келгиле аттарды токугула, токойду бүт тинтип түп кыдыра издейли, кана жигиттер Жараткан колдосун оомиийин - деген аксакалдын батасынан соң айылдагы топ жигиттер аттарды токуп канжыгага бычактарын байланып шапа шупа ак бараңдарын алып тоо тарапка аттанышты.. Бардыгынын оюнда "келинибизди, жеңебизди аюудан куткарып алсак" деген жакшы тилек бар, кыргыздын намыстуу эр жүрөк жигиттери аюунун ченгелинде кеткен келинди издөөгө
жөнөштү....
Тоо ташты түп көтөрө караңгы киргиче издешип эч нерсе илинчек таппай караңгыда токойдо жүрүү абдан кооптуу экенин билишкен кишилер кайра кайтышат. Ошентип 5,6 күн катары менен күндө издешет, акыркы күндөрү келиндин тирүү экенинен үмүтүн үзүшүп "жок дегенде өлүгүн болсо да табалы" дешип дагы бир күн кыдырышат. Чокусу асман тиреп турган аска зоолорубузга улай катар жайгашкан көрктүү тоолорубуздун ичек - боорун антарып келинди кыдырып жүргөн Мырза баш болгон жигиттер бир кезде үңкүргө туш келишет. Үңкүрдүн оозуна келип ичине дароо кирбей аярлап этияттана жан - жагын карап туруп калышат. Аттарды кароого эки жигитти сыртка таштап калганы оттук ташты чагып курук чырпык табып от куйдуруп бирден кармап үңкүрдүн ичин тинтууго киришет. Анчалык чоң эмес үңкүрдүн ичинде майда жаныбарлардын кургаган сөөктөрү шагырап жатат, ал эмес жаңы эле желген али кургап жетише элек коёндун сөөгү жатат, илгеркилеп тээ ичкери кирген сайын аркайган шактуу кооз муйуздуу аркардын кургаган баш сөөгүн көрүүгө болот, кайран кайберен карышкырлар га же арстан жолборско жем болгон экен.. балким бул ункурду бөрүлөр мекендегендир же жолборстор баш паанек кылгандыр ким билсин... эмнеси болсо да тоо койнундагы үңкүрлордүн болгону аркар - кулжанын көптүгү жырткыч жан жаныбарлар үчүн табылгыс байлык, бул да болсо жашоо үчүн күрөш жаратылыштын жазылбаган мыйзамдары эмеспи... ....
Акыры айласы кетип чабарман чаптырып келиндин ата энесине кабар айттырышат. Кызын аюу кармап сүйрөп кеткенин уккан байкуш эне күндүр түндүр кудайга кайрылып кызынын тирүү табылышын тиленип Жаратканга жалынат.. Кызынын тирүү же өлүү экенин биле албай боздогон эненин абалын көз алдыңыздарга келтириңиздер..... келинди издегендердин саны дагы бир топко көбөйүп эми торкун жагынан да тууган уругу кошо издешип тоо ташты токойду түп көтөрө издешет, бирок илинчектуу эч нерсе таба албай акыры үмүт үзүп издөөнү токтотушат. Бир гана эне байкуш сөөгүн көрүп ак кепиндеп жерге бермейинче кызын тирүү деп эсептеп үмүтүн үзбөйт......
Анда эмдиги сөз аюунун колунда кеткен келинден болсун:
килейген күрөң аюу келиндин аюну ургулап кыйкырып "жардамга" деп бакырганын тоготуп да койбой кучактап кыйла жүрөт да тээ алыстагы бир үңкүргө алып кирип таштап үңкүрдүн оозун бакыйган таш менен тосуп камап коёт. Үңкүрдү жанына келип жакшылап карабаса алыстан үңкүр бар экени көп байкалбай турган кейпи бар экен, адам журбогон бул тоолор арасында мындай үңкүрлордүн канчоосу бар экен билип болбойт .... Ыйлап ыйлап олтуруп шайы кетип курсагы ачып шалдырап караңгылыкка көзү көнгөн келин акыры башын көтөрүп үңкүрдү кылдаттык менен карай баштайт, аюу жашаган үңкүр болгону менен бул жерде мурун адамдар жашаганы даана билинип турат, анткени кеңири чоң үңкүрдүн төр жагында жылкынын, койдун сүрсүгөн эттери, жылкынын чучуктары баканда асылып турганын, 3,4 чаначта сары май, чанач - чанач сүзмөлөр, чаначка куюлган кымыздар эми эле эскирип жыттана баштаптыр, демек бул жерди адамдар баш паанек кылышканы айдан ачык. Ал эмес бир бурчка колго жасалган ала кийиз төшөлүп үстүндө төшөнчү, жер төшөктөр(жакандос) бар экен. Курсагы ачкан келин айласыздан сүрсүгөн эттен жеп бирдеме шам- шум этимиш болду.
Бир кезде күркүрөгөн үн угулуп үңкүрго аюунун жакындаган дабышы чыкты, жан ширин да.... бурчка тыгылган келиндин жүрөгү дүкүлдөп "азыр аюу келип мени ташка чаап өлтүрөт да этими жейт, менин күйүтүмү тартып апам байкушка эле жаман болот го, жаштыктын доорун сүрбөй жолдошум Мырза менен жетиштүү ойноп күлбөй кайран жаш өмүрүм аюунун колунан акырына жетип кыйрайт турбайбы.......жок дегенде эне болуу бактысына балкып балалуу болгондон соң аюуга жем болсом эмине.... " - деп ойлоого жетишти, ой күлүк да бир мүнөттө не деген жаман ойлор келди оюна.........Үңкүрдүн оозундагы чоң таш ары жылып аюу майпаңдап үңкүргө кирди да оозуна тиштеп келген коёнду келинди көздөй ыргытты, чоң жалбыракты толтуруп жапайы карагат бүлдүркөн терип келиптир анысын үңкүрдүн четине коюп кайра ташты бери жылдырып ордуна келтирди, айбан болсо да олжосу качып кетпесин деп кам көрүп жатканын караңыз..... Аюу ордунан козголбой титиреп коркуп колуна таш кармаган келинге карай секиин жыла баштады, аюуга туштап колундагы ташын болгон күчү менен атып урду келин, килейген чоң жаныбар денесине тийген кичинекей ташты чымын чакканчалык да тоготуп койгон жок. Кыздын каршылык кылып өкүрүп бакырганына карабай алдыңкы эки колу менен бек кучактап кыймылдатпай кыйла турду да тилин чыгарып келиндин бетин жалай баштады.... Айбан болсо да жаныбарларга таандык инстинг бар..... анан да жакындан бери адамдар жашап кетээринде болгон байлык тамак ашынын ашыкчасын бекитип кеткен үңкүрдө жашап баштагандан бери адамдардын жытына мурду көнүп адамдар жеген сүрсүтүлгөн эттен жеп жүрүп адамдарга тартылып калган экен жаш келинди кучактап жатып таң атырды. Аюунун оозунан чыккан сасык жыт каңылжаарды жарып көңүлүн айлантканы аз келгенсип тили менен бети башын жалап жатканына жини келет, кучактаганда откүр тырмактары келиндин назик денесине өтүп түнү бою кирпик какпай чыкты....
Бир кезде таң сүрүп үңкүрдүн оозундагы таштын өйдөсүнөн кирген күндүн шооласы үңкүргө жарык чачып таң атканынан кабар берди. Аюу колунан келинди бошотуп ары төр жакка карай түртүп таштап өзү үңкүрдөн чыгып оозун адаттагыдай таш менен бекитип коюп кайдадыр кетти. Курсагы ач түнү менен уктабаган келин эми кыймылдап жашоо үчүн күрөшүн баштады. Бир деме шам шум этип өзөк жалгап алып үңкүрдү жакшылап айланып карап чыкты, аябай кенен чоң үңкүр экен ичкерилеп баскан сайын ичи кеңейип ары жагында дагы бир бөлмөсү бар экен.
УЛАНДЫСЫ БАР....
САРА КАМАЛОВА
Комментарии 25