...Качпай, коркпой бегаана кишилерден,
кабырстанда апталап итирейген,
кабыргасы саналган бир ит улуйт,-
кыштакты бүт уктатпай түнү менен.
Арактанбы, ажалы жеткенби же,
апта мурун ээси =олуп шейшембиде,
жайга койгон эл менен бирге барып,
жалгыз калган кайрылып кетпей бирге.
Кожоюну ичип жатып алып,
кеткен небак катыны ажырашып.
Каралбаган, сасыган балит тамда
күн кечирчү экөөсү арып-азып.
Ичер тамак жок, алы куруп мунун,
иччи бүдүр эти жок жугундусун.
Курсак сыздап -Келе?- деп турса кантет,
кээде жечи окшуткан кусундусун.
Көп короодон жеп калдык, келтек, таяк,
келип жатчу кечинде үйүн карап.
Улам мүрзө кайтарган арбакка окшоп,
улушунан мен дагы жүргөм тажап.
Жаткам ойлоп: -Уктатпайт түнү кайра! -
жок-жок, калган ал түндө улубай да.
Кой айдаган жаш балдар өлгөндүгүн,
көрүшүптүр да бүгүн ушу таңда.
Өз ээсинин мүрдөсүн* кетпей таштап,
өлүптүр ит мүрзөнү бек кучактап...
...Терезеден көрүнгөн көрүстөнгө,
телмиремин көзүмдөн жаш кылактап.
Быйыл атам өлгөнгө үч жыл болду,
билбейм - кайда мүрзөсү, жаткан орду?
Бир да барып койбопмун Куран окуп,
бул итчелик да менде акыл жокпу?
Ушкурунуп уйумдо= отурамын,
-Уйум! - дейм да, буга тук жоктур акым.
Атам салган. Мардайып жашап журом,
арбагын бүт унутуп коюп анын.
Жүрсө дагы коргондун ич жагында,
жолдон аттын дабышы чыкканында,
басыгынан байкаган кандайлыгын,
болчу чыгаан саяпкер кыштагында.
Болсун жакын арада, узак жакта,
бир да калбай баруучу улактарга.
Кийиз, килем, кой, эчки менен келсе,
коңшуларды чакырчу сыйлап анда.
Жерден эңип алып шарт учкаштырып,
же алдына өңөрүп куштай сызып,
30 уулу бар Даут пайгамбардай,
- Ооматым!-деп өбүүчү жыргап күлүп.
Азынаса асманга жетип үнү,
ал жылкынын мыкты эле келишими.
Ат үстүндө турганда атам мага,
асман жакта тургандай сезилүүчү.
Жок болсо атам келгиче сыртты тиктеп,
жем, чөбүн бир койчу эмес жыттап, искеп.
Жакындаса жактырбай жат кишини,
жолотпочу чунаңдап тебип, тиштеп.
Мектептен соң иштебей, кумар ойноп,
-Мына бүгүн утам!-деп улам ойлоп,
утуп кээде арзыбас пул, буюмду,
уткузганым көп болуп жүрдүм шорлоп.
Улам алга өнөрдүн тартып жаасын,
уткургамын апамын алтын саатын.
Улуу эжемди күйөөгө узатаарда,
уурдап сөйкө, шакегин карзым жаптым.
Атам, апам, бир тууган эжелерим,
акыл, насаат айтышса элебедим.
Этегинен бек кармап Ибилистин,
ээрчип кездим кыянат көчөлөрүн.
Болбой, койбой кумарга дагы бардым,
бир ооз айтпай атамдын атын сайдым.
Бөрү көргөн эчкидей мекиренип,
бул жолу да титиреп туруп калдым.
-Кана, төлө?-деп сабап, тамга камап,
“күндөштөрүм” көрсөттү далай азап.
Ана-мына өлтүрмөк болушканда,
атын берип калды атам арачалап.
Айрылган соң ошентип ал атынан,
айрылган куш өңдүү кош канатынан,
көңүлдүү, шат жүрүүчү адаты жок,
кайта берди кайрат, өң, ажарынан.
Кыштак кезип, кабардын баарын билип,
коңшуларга да турчу чыгып-кирип.
Жаздык эмес, жазданып ээр-токумун,
жата берди камчысын маңдайга илип.
Чыксам бир күн таңга маал заарам кыстап,
чылбыры жок, биздин ат турат жыргап.
Жанында өзү байланчу аткананын,
жаагын сылап, бүлкүлдөйт атам ыйлап.
Кыйлагача солкулдап тыйылбады,
карегиндей Буурулдун тунук – жашы.
-Айбанга да ушунча кейийби?!-деп,
атама анда келди эле жиним дагы.
Качып келди кийин да ал эки ирет,
кайтып алып кетишкен - Сатабыз!-деп.
Атам турбай, ордунда сийип, чычып,
апам жүдаа тартты да азабын көп.
-Иштеп, кайра Буурулду сатып келем,
ишениңиз ата, апа мага!-дегем.
Ат эмес, бир кодиктик пул таппадым.
Атам өттү -Уулум!- деп арман менен,
атам өттү -Буурул!-деп арман менен...
...Уктайын деп жатсам да эң алыста,
уйку бербей кара түн, кеч, жарыкта,
улуйт боздоп ошол ит, мүрзөдө эмес,
улуйт менин ичимде, мээ, башымда.
Ата, мага сездирди кадырыңды,
акылмандай санайм мен азыр итти.
Эске салды балалык милдетимди,
эске салды адамдык парызымды.
Жадатканда союп жеп салалбаса,
же базарга алпарып саталбаса,
бул жарыкка апкелген ата-энеге,
бир дабасыз балээ экен жаман бала!
Оомат эмес, ат койсо Ойрон деген,
ошол мага ылайык болмок экен.
Апам да тул калбастан, атам балким,
аман жүрмөк кумарды токтотсом мен?!.
Бу кумардын арамын билдим бүгүн,
берекесиз экен бүт тапкан пулуң.
Апам менен атамдын үйү калды,
аларды да уткурсам кантет күнүм?!.
Көрбөй айбан адамга айланганын,
көрдүм адам айбанга айланганын.
Иттен, малдан дагы пас экемин мен.
Иттин боорукерлиги – таң калганым!
Буурул азыр бар бекен, калдым билбей,
болсо атамды сагынар жолду тиктей.
Атам менен, биз менен жүрсө балким,
ал да өлмөктүр мүрзөдө жатып иттей!
Көз алдымда Буурулга учкаштырып,
келет атам тектирде куштай сызып...
Жакшы жолду көрсөттү бул ит мага,
жашырайын да сөөгүн урмат кылып.
...Буурул атка окшошот- таң агарган,
баратамын мүрзөгө таң азандан.
Адам кылган экенсиң сыртымдан сен,
адам кылчы ичимден да, Жараткан?!.
БЕКТУРУШ САЛГАМАНИ.
18-19-февраль. 2023-жыл. Бишкек.
*Мүрдө – адамдын өлгөндөгү тулкусу.
Комментарии 13