Кыш чилдеси жүрүп, аяз сакал мурутун кайрап турган, январь айы эле. Асмандын көзү чекчейип, абанын суугунан катып калгандай... Жылаңач калган бактар эми күмүш чапан жамынышып, боз чымчыктар үтүрөйүшүп, карагайларда тартылган зымдарда, көзүн жумушуп, түшүнө жаз-күз мезгили; жыргаал жомоктун тасмасы тартылып жаткандай... Башын мойнуна катып, үлгүрөп коюп отурушат... Чилденин көрүнбөгөн кычкачтай колу бетиңди чымчылайт... Айылдын үйлөрүнүн морлорунан боз түтүнү буралып , көккө бийик аркандай асылат. Тоолор, талалар ак шейшеп жамынышкан, мелмилдеп тунжурайт. Агарган талаа бетеринен сыдырым желге бийлешип, майда карлар бырыксыйт. ”Карк” деп, кыска үндү каргалар гана каткан кар үстүндө жүгүрүп жүрүшөт. Көчөлөрдө эл сейрек...
Кантордогу кара контрамарканын түбүндөмүн, ага жабышып олтурам. Эски жылдын жыйынтыгын чыгарыш үчүн материалдык жоопкерчилиги бар адамдардан отчетторун алмакмын. Бир маалда каалга ачылып, ак буу пол үстүнөн толкундай сүзүп, ичкери төргө жылып кирди. Ангыча көзүнүн кирпигин ак кыроо баскан, кызыл жүздүү, көгүш сүлөсүн тумагын баса кийген, кара териден тигилген чолок тонун кымтууланып, колтугуна кара папкасын кысып, биздин чарбанын склад башчысы Кадыракун аке, карп-күрп жөтөлүп, кирип келди. Кабинет ичи ал кишиге жылуу болуп кеттиби... Ыссып кеткендей, адегенде эле папкасын менин столумдун чекесине таштай салып, тумагын чечип, анан бууланган чекесин бет аарчысын алып чыгып сүртүп, бет маңдайымдагы столго жакындап, ыкчам кыймылдап, тонун чече салып, бош олтургучка көчүк басты.
-Айланайын-ий, Кудай! Суук кантет? Быйыл мынчалык эмне деген суук болуп калган? Кичине аралык жерден эле басып келдим. Тим эле кулак-мурунду, аттиштей тиштеп жатат...
Чоң көзүн алайтып, мени алгач таанып жаткансып, тикирее тиктейт, анан чоочулап; “Ой, балам! Бул канторуң жылуу, тим эле бейиш тура! "
Шашпай папкасын ачып, отчет кагаздарын китептей кылып тыкан тигиптир, бир сыйра өзү дагы үңүлүп карап көрүп, анан мага сунду. Бул кишини мен билгенден; атам замандан бери эле чарбанын склад башчысы болуп иштеп келе жатат. Отчетун шашпай, аябай тыкан жана так түзөт.
-Кадыракун аке! Бул ишке иштегеңизге канча жыл болуп баратат? Кызыга, сурай салдым,
-Ээ, Балам! Канча жыл иштегенимди, өзүм деле санай албай калдым. 1955 жылдарда баштасам керек?.. Ал эми ким мени бул ишке үйрөттү, аны эч качан унутпайм! Мейли, жылыганча, сага да айтып бере калайын...
“Мен өзүм жалгыс баламын. Жетим өстүм. Атам согушка кетип, кайра келбептир. Апам экөөбүз эптеп окат кылып,араң чоңойдум. Жаштайыман эле ушул чарбада иштедим. Ал кезде мектеп жети жылдык эле билим берүүчү. Окууну бүтүрүп чарбага барсам. Башкарма кабыл алып жатып:
-Кадыракун балам, кесипке окуп кел. Кабак деген жерде трактористтин окуусу бар. Ошого жиберем; алты ай мөөнөт, бүтүрүп келесиң, анан көрөбүз?
Ошол эле жылы жыл аягында аны бүтүрүп келсем. Айдай турган мага трактору жок экен... Чарбада эки эле гусеницалуу гана трактору бар.Ал бош эмес. Кийинки жайда эле, башкарма кайра чакыртып алып, дагы баягы жерге; “трактористтин окуусуна”, дагы окуп келүүгө үндөп кирди... Анан эмне кыламын, кайра эле ошол окуусуна жөнөдүм. Ошол жылдары Кабакта шакта иштеп, көмүр, уран казылып алынучу. Трактористин окуусуна кайра шөмтүрөп баргандан уялып, ошол жердеги шахтага жумушчу болуп кирип алдым. Иштегениме жараша көп акча төлөнүчү. Акчаны эми кайда жумшайм? Айылга барсам? Башкармасы; «тил албай койдуң?» өчөшүп, жанымды жөн кое тургандай эмес? Айлам куруп Фрунзе шаарына жөнөдүм. Ал жерде тентип жүрүп, бирөөлөрдөн угуп калып, сатуучунун окуусуна кирип, аны окуп бүтүрдүм. Бирок окуусу орусча жүрөт. Мен тилди билбейм. Конторский счетту чакканды, эсептегенди араң үйрөндүм. Айылга кайра келсем, башкармасы ырас алмашып калыптыр. Жаңы башкармасы жаш, билимдүү киши экен. Документтимди көрүп; ошондо ушул ишке дайындады. Иштеп жүрөм далдалаңдап, көпкөн жигит кезим, билимдүү киши катары да саналып, жерди карап баспай, асманды карап калдым! Бирок ишти жакшы биле албайм. Кириш-чыгыш болгон мүлктөрдүн документтерин жип менен тиркеп тигип, бухгалтерияга таштап коем. Алар мен үчүн баарын карап, тактап отурмак беле, отчетко кетире беришет. Анан бир жылы аз эле болгон иштеп жүргөнүмө, жаңы жылдан кийин эле, чарбага ревизор келип калды. Ал кезде чарба чоң эмес, текшерүүгө бир-эки киши эле келүүчү. Башкарма аны мага тааныштырып жатып: “Складыңды текшерет!” Ревизорумдун кейпин бир карасам; орто жашта, күрөң каракүл пальто кийген, самсалаган узун жүндүү сары иттин терисинен жасалган тумакты кулагына түшүрүп, калың тегерек көздүү айнегинен, чекир кареги алайып,көзү тостоюп чоң көрүнөт. Жаагы шимирилип, арык, тыртайган бойлуу орус экен. Кебете-кешпирин көрүп эле, токтоно албай «бырс» күлүп ийдим! Складка эрчитип бардым. Ушул быйылкыдай күн суук эле, кыштын чилде мезгили. Арык эме суукка көгөрүп, буудай салынган капка отуруп алып, дептерине түшүрүп, санакты жазып отурат. Суукка чыдабай үшүп кеткенде секирип тура калып тайганга окшоп улам ордунан тура калат. Аны көрүп тургандардан, өзгөчө менин күлкүм тыйылбайт, десең! Комиссия кылып дагы эки киши кошкон, биз менен алар чогуу жүрүшөт. Аларга боорум тартып, ачык угузуп айтып калам,
-Бул арык, тыртайган тайганга окшош, жүн баштын өңүн карагылачы! Ушул кейпи суук жүдөмүштүн, колунан эмне келсин? Жүргүлө мындан көрө, бекер үшүбөй, биз тиги кароолчунун үйүнөн “жылынып”, жүс граммдан согуп келе калалы! Тиги жүн баш тоңуп, тайганча секире берсин, аны чакырыштын зарылдыгы деле жокко?...
Аны жерип, өзүбүз арактан «бастырып» алып, сууктан көргонобуз. Ал кашын үрпөйтүп, чекир көзүн тикирейтип, бизди узатып калат. Бирок үнү чыкпайт. Ошентип аны шылдыңдап, кээде көз-көрүнө эле сөгүп, аны мазактап жүрөм... Суукка кээде чыдабай калганда, орусум санакты токтото коюп, канторго кетип калат. Аяктан жылынып, ишин кайра улайт? Мен болсо аны кейпин көрсөм эле, жалжалаңдап күлкүм токтобойт! Текшерүүсү төрт күнгө созулду. Акыркы күнү мурункудай эле жылмаңдап, канторго келип, тиги орусумду дагы шылдыңдап жатам. Бир кезде текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарып бүтүптүр, мени жакын чакырып алып, калың очкисинин айнегин шашпай сүртүп, карегинин түпкүрүнөн мени жекире карап, мыскыл чекир көзү менен жымыйып күлөт... Анан эле:
-Кадиракун, а Кадиракун! Сен кулосун-кулосун, эми коп кулосун? Анан турмодо жатып, ый-лай-сын!.. Чала кыргызча сүйлөп кирсе болобу?... Талма оорусу кармаган кишидей селейип, эсим чыгып, сайрап жүргөн тилим буулуп, ордумда энгиреп калыптырмын... Эсиме келгенде, байкасам, тизем титирейт, бутум калчылдайт, денемди араң эле көтөрүп турат. Анан жан алакетке түшүп, жерге тизелеп, орустун колун кой бербей өпкүлөп, кечирим сурабадымбы, айланайын! Дагы жакшы, боорукер оруска туш келиптирмин!... «Жаштыгымды, жетим бала экенимди, жалгыс карыган энем гана барын айтып, буркурап ыйлап кирсем!” Ал башын чайкап:
-Ну, Ладно Кадиракун! Мен сени кечирди. Ошол орустан айланайын! Ал болбосо кесилип кете бермекмин да?... Эртеси орусум; менин мурунку документтеримди кайра көтөрүп чыгып; түшпөй калган чыгыш мүлктөрдүн болгон документерин толуктап, тактап, ”растрата” болду деген мүлктөрдү таап бербедиби! Ошентип ошол орусум көзүмдү ачып, байкушум кайра мени үйрөтүп жатып, анан кетпедиби! Адамдын улуту, өң түсү, байлыгы эмес, адамкерчилиги бийик болуш керек тура! Ал эч качан унутулбайт экен. Колуңан келсе; бөлөк адамга көп жакшылык жаса, ал жерде калып калбайт, жасаган жакшылыгың кайра сага, эртели-кечпи кайрылып келет! Бүтүрдү сөзүн - «Кадиракун аке!»
“Өз башыңдагы төөнү көрбөй, бирөөнун
башындагы саман көрүп
күлөт!” Деген ушулда?
(ШонаевКадыракун акени эскерип)
ЖАНЫШБЕК СЫДЫКОВ.
Комментарии 9