Дагы бир түндү аюулар менен кармашып от жагып айгайлап жүрүп өткөрүштү бир айыл эли, таң атып жерге жарык түшөөрү менен боз үйлөрдү бузуп атка төөгө таңып эски конушуна жакага көчүштү, чөбү белден буралып таза салкын аба..... карасаң көзүң тойбогон жаратылыш кучагында бир жагы калың токой.... бир жагы тоо таш... уясынан чыга калып күнгө кактанган суурлар...ары бери секирип бутка оролошкон жапайы коёндор.. тээ тоонун боорунда шашпай оттоп жүргөн элик кийиктер.... шалдырап бийиктен агып келген мөңгү суулары...не деген табигый жаратылыш....кыргыз жерлери бейиштей кооз эмеспи бул жерлерден көчкүсү келбесе да жапайы жандыктардын кол салуусунан коркуп элинин коопсуздугун ойлоп айла жок ылдыйлап келишти.
Келген менен бул жерде деле жыргаткан турмуш жок экен, мурункудай бейпил жашоо өткөрүп бапыраңдаган эл жок, мал коюн байлыгын совет өкмөтүнө бергиси келбеген бай манаптардын көпчүлүгү алтын күмүшүн көтөрүнүп катын бала - чакасын таштап тоо таянып басмачылар тобун түзүп үңкүрлөрдө күн кечирип кетиптир. Ишке жараган жигиттерди да азгырып басмачылар өздөрүнүн тобуна кошуп ойлорунда өзүлөрүн "кыргыз элинин эркиндиги" үчүн күрөшкөн "баатырлардай" сезип жүрүшкөнүн караңыздар....айылдан сулуу кыз келин көрсө баса калып өңөрүп кетип тоо - ташта өздөрү баш паанек кылып жашаган үңкүрүнө алып барып зордуктап аял кылып жашап конбогондорун өлтүрүп денесин жардан ары кулатып салышып жүргөндөрүн эл ичинде кеңири айтылып жатыптыр, аюу айбан болсо да аялга аяр мамиле жасаптыр, а адамдарчы?!. ... Ошол анча мынча айбандарчалык акылы жок мыкаачылар айыл элин талап тоноп жатыптыр анан кайсы арына "улутубуздун эркиндигин өздүгүн коргогон баатырларбыз" деп ооз көптүрүп айтып жатышат түшүнбөйсүң.....
"Аңгектен качсаң дөңгөккө" дегендей жапайы айбандардан качып келип эми минтип адамдардын "айбандарына" туш келгенине нааразы болуп кетишти айыл эли.... Өзөн бойлоп боз үйлөрүн тигип отурукташкан бир уруу эли эми аюулардан эмес басмачылардан коргонуп айлалары кете баштады, суу бойлоп өскөн мажирүм талдардын үстүнө кичинекей секиче жасап бекитип бойго жеткен кыздарды жаш келиндерди экиден үчтөн бөлүп алып чыгып коюшат жанына тамак ашын кошуп. Ар талдын башына кыз - келиндерди бекитип тал башына чыкпаган келиндер бетине көө сүйкөп атайын эски кир кийимдерди кийип калышты, эки үч күндө бир топ атчан басмачылар тоо тараптан түшүп келип айылды тоноп кой мал тамак ашын да кошуп тоноп кетишет, күн өткөн сайын жашоонун кунары кетип жашоо кыйындай баштады.......
Бир күнү чоң таятам туугандарын топтоп:
-- Менин сөзүмө кулак салгыла, мына барган сайын совет бийлиги жөнүндө маалымат алып түшүнө баштадык, көрсө биз ойлогондой бу "Совет" деген немебиз элге жамандык каалаган душмандардан эмес тура, аны билбегендер төңкөрүштү түшүнбөй басмачы болуп тоо ташка качып бекинип жүрүшөт. Басмачылардан жакшылык көрүп жатабызбы, кайра кыз - келиндерибизди кордоп тынч жашоого болбой калды... Жаркын жашоого үндөгөн колхоз дегенине кошулалы, ылайдан үй салалы, эгин тегин эгип колхозго иштейли жакшыларым.. Тоо койнуна барып да жашап кордук, эртең эле кыш келсе аска зоо түбүндө кыштай албайбыз, аны баарыңар билип турасыңар, көпчүлүктөн бөлүнүп не пайда табабыз, эртеңден баштап мен өзүм баштап берейин колхозуна кой - малды өткөрүп.. Эмне акыл айтчунар бар, оюндарды ортого таштагыла туугандарым...
Акыл айтып кеңешип акыры бир жыйынтыкка келишип өз ыктыярлары менен совет өкмөтүнө мал коюн бээ төөлөрүнөн бери өткөрүп беришет, жандарына бир аз гана мал кой алып калган үчүн уйчу койчу кызматчыларынын баарынын башын бошотот. Акырындап басмачылар да совет өкмөтүнө кармалышып кээ бири өздөрү келип багынышып олтуруп жашоо өз нугуна түшүп жаңы жашоо башталыптыр. Мырза таякемдин аюу менен бир үңкүрдө жашап келген жаш келинчеги ылдыйга көчүп келээри менен эле коңшу айылдагы өз ата - энесинин үйүнө кеткен боюнча кайрылып келбептир, дос жолдошторунун "келинчегиң үңкүрдөгү аюусун издеп кетпептирби" дегендей чымчыма сөздөрүнө намыстанып теригип Мырза таякем ошо бойдон келинчегинин артынан барбаптыр дейт, ансыз да басмачылар менен алышып будуң чаң түшүп жаткан жашоо менен алышып олтуруп арадан бир жылдан ашык убакыт өтүп Мырза таякебиз башкага үйлөнүптүр....
Мына окурман таенемдин өзү күбө чын болгон окуяны сиздерге баяндап бердим, ошол аюу ээлеп алган үңкүрдөн алып келип кайынсиңдилерине берген күмүш билериктин бири али да болсо апамда (тайенем берген) сакталуу эле апам көзү өтөөрдө мага аманат кылып таштап кеткен, экиге бөлүнүп калганына карабай таберик буюм катары бекитип ушу күнгө чейин сактап келем. Калган алтын күмүш чачпак алтын дилделер эмне болгонунан кабарым жок.
АЯГЫ!
САРА КАМАЛОВА
Комментарии 30
Сонун болмок