*КЫРГЫЗДЫН ЫРЫМ-ЖЫРЫМДАРЫ МЕНЕН ТУУРА ЖАШАП КЕЛГЕНБИЗ!*
Кыргыз алыстан келген конокту, ак сунуп тосуп алган, кымыз, айран, сүт менен.
Чамгаракты (түндүк) жерге, чалкасынан же көмкөрөсүнөн таштабайт, кыры менен жөлөп же илип кой.
Кызды сөкпөйт.
Кыз эркекти теппейт.
Атты башка чаппайт.
Жакын кишиңе күчүк бербе.
Эгер таманга, колтукка без чочуса, эгиз төрөгөн аялга үч жолу ачкарын эмдетип койсо болот.
Чоочуп калган баланы, апаптап, жүрөк көтөрөт.
Көз, сук өткөндү, киринелеп чыгарат.
Башы ооруганды, кур менен теңдеп коёт.
Ичи ооруганды, белин үзөт. (Көмкөрөсүнөн жаткырып, белинен тырсылдатып тартып)
Шакый болсо, чачын тартып үзөт, кырсылдатып.
Тиши ооруса суу менен