Мен мектепте окуган кезимен эле бирдемелерди (ыр, кыска макала дегендей) чиймелей коюп райондук гезитке берип, ал жазгандарым гезит бетине чыкса өзүмчө кудуңдап сүйүнүп дардаңдап калчумун. Менин жазгычтыкка дилгирлигими байкаган апам туугандарына айылдап барса мени ээрчитип алчу, улуулардын кызыктуу окуяларын угуп көңүлүмө бекем түйүп келчүмүн. Атам болсо "Манас" "Семетей" "Жаныш Байыш" "Шырдакбектин боз жорго" ж.б илгерки эпосторду жатка билчү, сураган нерсемди түшүндүрүп айтып берип, менин чыгармачылыкка кызыгышыма, аралашышыма атамын да салымы чоң десем жаңылышпайм....
Ошентип мектепти бүтүп жогорку окуу жайга тапшырып студент болуп калдым, үйго келген сайын апамын жанынан чыкпайм, апам да илгери таенем айтып бергендерин мага айтып берет, мен кунт коюп угам......
Кыштын узак бир күнү апам мага таенем өзү күбө болуп апама мурун айтып берген окуяны баяндап берди, анда сөз башынан болсун:
Совет бийлиги жаңы орноп көпчүлүк эл совет бийлиги жөнүндө туура маалымат алалбай башкача түшүнүп бир сөзгө эки сөздү кошуп айткандар "колхозго өтсөң кырк кулактуу чооң казандан баары чогуу тамактанат экен, аял эркек дебей чогуу катар ылайдан салынган үйдө жатат имиш, мал коюңдун баары ортого колхозго өтүп өзүң жер казып колхозго бекер иштейт имишсиң" - дешип элди үркүтүп жатышкан кез. Аны уккан мал жандуу бай адамдар "Совет" деген немеси кетип өлкө өзүнө келсин кайра келип байлыктарыбызды алып мурункудай жашайбыз" дешип, байлыктарын тоо ташка үңкүрлөргө бекитип өздөрү Кытайга Үрүмчүгө, Кашкарга коңшу өлкөлөргө ооп кетип жатканы да болуптур. Чоң таята таенемдер да мал кою көп койчусу уйчусу бар байлардын катарына киргендиктен совет өкмөтүнө ишенбей бир айыл эли боз үйүн алачыктарын мал жанын алып тоо таянып өйдөлөп көчүп кетишет. А кезде токойлорубуз жыш болуп тоолорубузда аюу, илбирс, жолборс жойлоп кийик элик деген көп кези....
Бир айыл эли боз үйлөрүн тоо түбүндөгү түздүккө тигишип койчу малчылары өзүнчө алачыгын ырастап бапырап эле жайланышып калышат. А кезде таенем Шарапаттын оюнкараак жашыраак кыз убагы экен, өзү теңдүү кошуналардын кыздары менен токой аралап ойношуп, отун терип карагат теришип ойноп жүрүп убакыт өткөрүшөт. Шарапат таенемдин аталаш туугандарынын уулу Мырза жакында эле коңшу айылдан кыз алып үйлөнгөн, жаш келин ак жуумал эки көзү бакырайган, капкара каштары кырдач мурдуна жарашып узун эки өрүм капкара калың чачын өрүп таштап, аппак жоолукту салынып, узун көйнөктү кийип жаңы келиндик доорду сүрүп сүлкүлдөп жүргөн кези дейт....
Күндө токой аралап тоо ташка чыгып ойноп жүрчү кыздарга эми жаш келиндер да кошулуп чогуу сейилдеп басышат, аны муну сүйлоп шарактап жеңелери кызыкелерине тийишип бири - бирин куушуп ойноп жүрүп үйлөрүнөн оо кыйла алыстап кетишет, түш оой терген жапайы карагаттарын көтөрүп алышып кайра кайтышат. Ойносо оюнга тойбогон жаштык кез....тоо койнунда таза салкын аба шылдырап аккан суунун тунуктугу.......таң эрте жайытка жайылган мал койлор.... бээ саап кымызын сунган апалар....
Күндөгүдөй бир уруунун кыз - келиндери топтолуп дагы токой аралап тоо ташты айланып ойноп кетишет, кызыкелерине тийишип жеңелери шыңкылдап тоо жаңырды күлүп олтуруп тээ алыска барып калышат. А кезде кыздардын ар бир кыймылына көз кырын салып таштардын ары жагында чоң күрөң эркек аюу жаткан эле....
УЛАНДЫСЫ БАР....
САРА КАМАЛОВА
Комментарии 26