Киши көрдүм, калтырап араң баскан,
Колуна күлазыгын кармап алган.
Баратат тагдырына таарынгандай,
Дегенсип: "эх, жаштыгым кайда калган?"
Иштедим чоң кызматта эл жетпеген,
Илгери күч бар кезде нечендеген.
Жашоосун баян кылып айтып жатты,
Ошол күн акылымдан эч кетпеген.
Кызым бар дейт Америка калаасында,
Баратып жашыл бактын арасында.
"Жүк болгум келбейт" деди байкуш ата,
Өзүнүн түйшүгү көп жашоосунда.
Жалгыздык жалгыз ага шерик болгон,
Туугандан бар үмүтүн үзүп койгон.
Кайгысы, кусалыгы аз келгенсип,
Инсульт да ден-соолугун алып койгон.
Бирок сен келгин деди конок болуп,
Баарлашып кубанычка себеп болуп.
Болгону алдын айткын эки күндө,
Баардыгын жасап күтөм даяр болуп.
Кор кылбай карыларды баксак эмне,
Коломто, от өчүрбөй жаксак эмне.
Таштабай карыганда төргө өткөрүп,
Ар күнү ак батасын алсак эмне.
Аларга кандай күндү көргөзсөң да,
Кайтаарын өз башыңа билсең эмне.
(Жашоодон алынды)
24.02.23 0:21
АДИЛЕТ САГЫНБЕК УУЛУ.
Комментарии 8
Жаштар ай ойлонгула эртен сенинда картайган кунун болот!