≈≈≈
1. АК БАТА...
Кыргыз Совет Энциклопедиясынан алынды.
/1977-жыл, 371-бет./
БАТА бул – демге дем кошуп, кубатка шыкак берип, жан дүйнөнү аруулаган улуу сөз. Бата бул – теги Теӊирден буюруп, айтуучунун оозуна сала берген кубаттуу каалоо-тилек. Бата бул – адамды жамандыктан арылтып, жакшылыкты чакырган, аруулукту ыроологон, асылдыкты жылоологон, суук көз, суук сөздөн калкалаган таза нур.
Анын кубаты ушунчалык десеңиз, болбосту болтурат, толбосту толтурат, аруу тилек, ой-максаттарды орундатат. Көктөн буюруп, бата тийсе жолуӊду ачат. Бирок муун алмашып, заман жаӊыланган сайын жакшы бололу деп умтулганыбыз менен Бата баштаган баалуу жөрөлгөлөрдөн алыстап баратабыз.
КЫРГЫЗ ЭЛИНДЕГИ МААНИСИ...
"Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт", "Атаӊдан бото калбасын, бата калсын" деп байыркы кыргыз элинде батага абдан тереӊ маани беришип, кадыр тутушкан. Уул-кызын бата алууга дилгир чоӊойтуп, батанын баасын акыл-эсине кыттай уютушкан. Ал эми улуулар болсо бала-чакасы, небере-чөбөрөсү, укум-тукумуна чейин бата алып берүүгө умтулушкан. Тирүүлүктүн башталгандан, оо дүйнө узаганга чейинки бардык баскычтары бата менен коштолуп, кыргыз баласынын жашоосу бата менен ирээттелип турган. Тестиерлер, өспүрүмдөр бата алсам экен деп улуулардын атын алып, колуна суу куюп, кызматын кылганга дилгир болсо, келиндер жүгүнүп, тергеп, атайылап кийимин тигип берип батага арзышкан. Ал эми жигиттер атайы тартуу алып келип, ыраазы кылып же кыжаалат кылган абалдан куткарып батага жеткен.
Кыргыз жашоосунун үлгүсү катары саналган Манас баянынан мисал келтирсек, аялзаттын паашасы делген Каныкей энебиз батасы элди байыткан кадырман Кошой бабабызга эчен эмгек, түмөн түйшүк менен кандагай тигип, аны Көкөтөй атабыздын ашында күрөшкө чыгаар кезинде, керек болгон учурунда тартуулап, ийитип бата алган. Ошол батадан Семетей бойго бүткөн экен.
ТҮРЛӨРҮ...
Бата – жашоо-шарт жагдайына жараша көп түргө бөлүнөт. Алсак: жаӊы конушка алынган бата, бала төрөлгөндөгү бата, ат коюудагы бата, бешикке салуу батасы, тушоо кесүү батасы, мал союлгандагы бата, үрөн себүүдөгү бата, жалпы элге бата, жаш жубайларга бата, уулга бата, кызга бата, айтор, санай берсе дагы көп.
Өргөөӊөр башка, казаныӊар ашка толсун!
Төрүӊөр кенен болсун, оокатыӊар белен болсун, үйүӊөр куттуу болсун!, — деп жаӊы өргөө көтөрүп, үйгө киргизгенде бата беришчү экен.
АЛ ЭМИ ЖАШ ЖУБАЙЛАРГА:
Баш алган буудайдай ыргалгыла,
Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Кызыгыңарга кыз бала сүйгүлө.
Кайгыланбай каткырып
Кол кармашып жүргүлө, — деп бата беришкен.
КОЛГО СУУ КУЙГАН БАЛАГА:
Булактай тунук бол,
Төбөсү бийик улук бол!
Кичүүгө өрнөк бол,
Жакшылыкка өнөк бол!
Эне сүтүн актаган,
Эр-азамат жигит бол!
Келечекке билик бол!, — деп алкоо айтылган.
КААЛОО-ТИЛЕК МЕНЕН БАТАНЫН АЙРЫМАСЫ...
Кудайдан үмүтү бар ар бир киши изги тилек, илгери үмүт менен жашайт, өзүнүн тууган-туушканындарынын, эл-журтунун жакшылыгын каалайт. Бирок бул каалоо гана. Ал каалоо-тилек сөздүн күчү менен ойдун күчү иштелип ийине жеткенде гана, ага тескери энергия (суук көз, суук сөз, ишке ашышына ишенимдин жоктугу) таасир этпегенде гана ишке ашат. Ал көп убакытты талап кылышы мүмкүн.
Ал эми бата ааламдык күчтөрдүн касиетине каныгып, күчүнө ширелгендиктен, каалоо-тилекке, жакшы ойго караганда алда канча кубаттуу.
БАТАНЫ КИМДЕР БЕРЕТ?
Бата кубаттуулугу менен кошо аруу таза күчтүн агымы болгондуктан, бата берүү милдети Кошой атабыздай кадырмандар баштаган, Бакай атабыздай акылмандар коштогон, билими менен билги болгон, жакшылыкка үлгү болгон, калкына тирек болгон, күч-кубатка толгон, асылдыкка жеткен, кеп түйүнүн чечкен кишилер гана беришкен. Бата берген киши канчалык бийик болсо, берген батасы да ошончолук күчтүү болгон. Андыктан, издеп, иликтеп, кабарын алыстан угуп, кадырлап жүрүп, мындай адамдардан бата алууга ынтызар болушкан.
БАТАГА УЧУРДАГЫ МАМИЛЕ...
Илгери таянем алыска аш-тойго барганда бир өрүк же бир момпосуй же болбосо бир боорсок, же жети-сегиз мейиз ала келип, "Бата тийген жерден, сен да жакшылыкка ырыскылаш бол" деп ооз тийгизчү. Мындан улум илгерки аш-той, жакшылык тойчуктардын бардыгы бата алуу максатында өткөрүлгөндүгүн билсек болот. Уулдуу болобу кыздуу болобу, бешик тойбу, тушоо кесүүбү, жада калса үйлөнүү үлпөтү да шапар тээп көӊүл ачуу үчүн эмес, бата алып, балдардын жолун ачуу, жамандыктан адаштырып, жакшылыкка жанаштыруу максатында жасалып келген.
Ал эми азыркы учурда кудайдын кулагы сүйүнсүн, тойлор көп, бардыгыбыз күн куру эмес тойго барабыз, бирок анын түпкүрүндөгү максаты бата алуу эмес башка экендиги баарыбызга маалым. Бата алууга анчейин көңүл бурулбай, той башкаруучулар болгону катардагы салтты бузбай эле эптеп бата тилеген болушат. Андан да берилген баталардын мааниси, орундуулугуна көңүл бурулбайт.
Аныгында мындай мааракелерди өткөрүүнүн негизги максаты — бата болууга тийиш. Анткени кишинин жолун ачып, агартып-көгөртүп баар таптыра турган багыт Бата болуп саналат. Ошондуктан, батанын баркын билели, баталуу бололу, баарыбызга тийген баталар кабыл болуп, ийинен жанбасын деп тилейм.
≈≈≈
2. ДУБА (ДУА)...
КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ДИН БАШКАРМАЛЫГЫ...
ДУБА (ДУА) – сөздүктө чакыруу, добуш чыгаруу, каалоо, жардам суроо сыяктуу маанилерге келет. Куранда жыйырма жерде дуба сөзү колдонулат. Дуба – бул тилек, жалбаруу, Жараткандан сурануу деген маанилерди билдирет. Дубанын максаты инсан өзүнүн абалын Аллага сунуп таанытуу.
Дуба — ибадаттын өзөгү, борбору. Дуба момундун куралы, диндин тиреги, асман жана жердин нуру. Дуба — чын көңүл, чын жүрөк менен кылынган ибадат жана чын жүрөктөн көңүл коюу, берилүү менен кылынат. Дуба, эң маанилүү ибадаттардын бири.
Дуба адамга күч берет, анткени дуба кылган адам, өзүн уккан, көргөн жана тилегине жооп бере турган бир Улуу Кудурет бар экенин билет.
Дуба, ишеним — инсанды, мээрими чексиз кудурет ээси Алла Таалага жеткирүүчү руханий жол. Дуба, адамды кудурети чексиз Жаратуучу менен маектеш кылат. Дуба, алсыз инсан менен кудуреттүү Алла арасында курулган көпүрө сыяктуу. Ошол себептүү дуба, кулунун Раббисине эң жакын жолдон байланышуу болуп саналат.
Дуба, ички кыйналуулардын материалдык жана руханий илдеттердин шыпаа булагы. Дуба, ошол эле учурда үмүт жана бейпилдиктин булагы; жашоого болгон кызыгуусун ойготкон мээримдүүлүк түрү. Алла Таала дубанын маанилүүлүгүн Куранда мындай деп билдирген: «Эгерде силер дуба кылбаганда Раббиңердин алдында эмне мааниңер калмак эле…?» (Фуркан, 77). Сүйүктүү пайгамбарыбыз дубаны; жакшылыктардын ачкычы, момундун куралы, диндин тиреги, ибадаттын туу чокусу катары мүнөздөгөн. (Тирмизи, 3368-69)
Алла Таала мындай дейт: “Мага дуба кылып сурангыла. Мен силердин (суранган тилек — дубаңарды) кабыл кыламын”. Албетте, Мага сыйынуудан текеберчилик кылган кимселер жакында баштарын ийген абалдарында тозокко киришет. (Муьмин, 60)
“(Оо Мухаммед), Пенделерим сенден, Мен жөнүндө сурашса, Мен аларга жакынмын. Мага дуба кылган убактарында дуба кылуучулардын дубасын кабылдаймын. Демек, Акыйкат Жолго жүрүүлөрү үчүн алар да Менин (чакырыгыма) жооп кылышсын жана Мага ыйман келтиришсин”. (Бакара 2/187) Бул аяттарда байкалгандай эле Алла Таала дуба кылынышын каалоодо, кылынган дубаларды шек-күмөнсүз кабыл кыла тургандыгын сүйүнчүлөөдө.
Абу Хурайрадан бир риваятта: “Раббибиз ар күнү кечинде, түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгү калганда, жер жүзүнө (мээрими) тушот да: Кана Мага дуба кылган ким бар? Анын дубасын кабыл кылайын. Мага муктаж болгон ким бар? Тилегин берейин. Менден кечирим сурап тооба кылган барбы? Анын күнөөсүн кечирейин, деп буйруйт”. (Муслим)
Кырсыкты дубадан башка тоскоол боло турган (кайтара турган) эч нерсе жок. Өмүрдү да жалгыз дуба жана жакшылык кылуу гана узартат. (Ат-Таж, 5/101)
Көптөгөн адамдар дуба кылам, бирок кабыл болбойт деп дубага ишенишпейт. Албетте, дуба кылуунун дагы өз шарттары бар. Алла Тааланын кудуретине жана илимине толук ишенүү, Ага моюн сунуу – бул дубанын эң негизги шарттарынан. Дуба кылуу биздин милдетибиз, ага жооп берүү Жараткандын өз ыктыяры. Мисалы, оорулуу адам доктурга сары кутудагы дарыны бер десе, доктур же берет, же сары эмес башка кутудагысын берет. Анткени, ал орулууга кайсы дары пайда берээрин дагы жакшыраак билет. Ушул сыяктуу эле, Алла Таала да пендесине эмненин жакшы, эмненин жаман экенин эң жакшы билгендигинен кээде тилегибизди орундатат, кээде башка нерсе берет. Кайсы учурда болбосун дуба кылган Адам эч качан уттурбайт, бул дүйнөдө болбосо, акыретте дубасынын сообун алат жана чоң сыйлыктар күтөт.
Адам баласынын жашоосун ирээтке салып турган, анын муктаждыктарын камсыз кылып турган Улуу кудурет ээси – бул албетте Алла Таала. Алла бул мыйзамды да пенденин дубасына, тилегине байланыштырат. Башка эшикти каккылабай, сурай турган Жараткандан сураган адам дайыма ал Раббисине жакын болот жана Анын эшигинен бош кайтпайт.
ДУБА КАБЫЛ БОЛУУНУН СЕБЕПТЕРИ:
Күндөрдүн биринде Ибрахим ибн Адхам рахимахуллах, Басра шаарындагы базарлардын биринен өтүп калат. Ошондо адамдар ага үймөктөшүп: «О Абу Исхак! Чындыгында Алла Таала: «Мага дуба кылгыла, Мен силерге жооп беремин» (Гаафир, 60) — деп убада кылды. А биз Аллага дуба кылып жатабыз, бирок неге дубаларыбыз кабыл болбойт?» деп сурашат. Ал мындай деп жооп берди: Анткени силердин жүрөгүңөр төмөнкү 10 нерседе мөөрлөнүп калган:
1) Алланы билип, бирок Анын акысын аткарбадыңар;
2) Куранды окуп, бирок ага амал кылбадыңар;
3) Пайгамбарды жакшы көрөбүз деп, Сүннөтүн таштадыңар;
4) Шайтанды анык душман деп, аны ээрчидиңер;
5) Бейишке кирүүнү эңсеп, ага татыктуу иш кылбадыңар;
6) Тозок азабынан коркуп, өзүңөрдү андан куткарбадыңар;
7) Өлүм анык деп айтып, ага эч даярдык көрбөдүңөр;
8) Адамдардан айып издеп, өз айыбыңарга көңүл бурбадыңар;
9) Алланын берген ырыскысын жеп, Ага шүгүр кылбадыңар;
10) Өлгөндөрдү көмүп, алардан үлгү-насаат албадыңар; Анан кантип силердин дубаңар кабыл болсун?!» деген экен.
Пайгамбарыбыздын хадисинде төмөнкүдөй айтылат: Кабыл болуучу 5 түрдүү дуба бар. Алар;
1. Зулумдук көргөн адамдын дубасы, 2. Ажылыктан кайтып келгенге чейинки (өзгөчө Арафатта) дуба. 3. Мужахиддин (Алла жолунда жүргөн адам, илим алып, өлкөсүн коргоп ж.б) дубасы. 4. Оорулуунун дубасы 5. Мусулман башка бир мусулманга кайыптан (аны көрбөстөн) туруп кылган дубасы кабыл болот.
БАРДЫК ЖАНДУУ, ЖАНСЫЗДАР ДА АЛЛАГА ДУБА КЫЛЫШАТ...
“Асмандардын жана жердин сырларын жалгыз Алла билет. Ал кандай сонун көрөт, кандай сонун угат”. (Кахф 26-аят)
“(Оо, Мухаммед (сав)) Аллага асмандар жана жердеги бардык жандуу да асманда, сап тарткан куштар да аруулаганын көрбөдүңбү, акыйкатта Алла бардыгынын дубасын, аруулаганын билип турат. (Нур, 41-аят)
Бул жашоодогу табияттын бардык жандуулары дайыма Алла Таалага, Жаратуучубузга дуба кылганын билесиңерби. Бак дарактар, гүлдөр бүчүр ачкан сайын, ар дайым дуба кылышат. Дарыялар деңизге агып куйганда дуба кылат. Деңиздер толкуну менен дуба кылышат. Тоолор, асман да күркүрөп, чагылган чарсылдап дуба кылышат. Учкан куштардын чырылдап сайрашы да дубанын бир түрү.
Эмне үчүн инсандар бул ажайып дубаларга кошулбайт. Келгиле биз да кошулалы бул табияттын дубасына. Биз да кошулайлы бак дарактардын, гүлдөрдүн, дарыялардын, деңиздердин, асман тоолордун, куштардын дубасына. Аллага шүгүр кылалы, бизге көптөгөн ырыскы бергендиги үчүн. Ага мактоолор айталы, бизге бир канча жакшылык, кооздуктар тартуулагандыгы үчүн.
Дуба кылалы энелерибизге, аталарыбызга. Бир туугандарыбыз, досторубуз үчүн дуба кылалы. Согушта шейит болгон, Алланын сүйүктүү досторуна дуба кылалы. Мамлекетибиз үчүн, Мухаммед (сав) пайгамбардын үммөтү үчүн дуба кылалы. Колдорубузду алакан жайып тан атканда, түн оогондо, жатаарда, уйкудан ойгонгондо, тамактанаарда дайыма дуба кылалы. Аллага мактоо, пайгамбарыбызга саламдар айталы. Шүгүр кылалы, Раббибиздин түрдүү ниматтарына.
АР БИР ИШТИ ДУБА МЕНЕН БАШТОО...
Күнүмдүк жашообуздун чоң бөлүгү ар кандай ишкылуу менен өтөт. Ар бир кылган ишибиз жакшы болуусу, башыбызга кайра кыйынчылык болбоосу жана баштаган иштерибизди жетишкендик менен бүтүрүү үчүн улуу Алла Тааладан жардам сурашыбыз керек. Жардам суроо (дуба аркылуу) ар түрдүү болушу мүмкүн. Пайгамбарыбыздын бизге сунуштаган насаатына караганда Алла Тааланын ыраазычылыгына туура келген ар бир ишти «бисмилла» менен башташыбыз керек.
ДУБАДАН МУРУН БИСМИЛЛАНЫ АЙТЫП,
ДААРАТ АЛЫП, АНДАН КИЙИН,
АЛЛАГА МАКТООЛОР,
ПАЙГАМБАРЫБЫЗГА
САЛАМ ДУБАЛАР АЙТКАНДАН КИЙИН
БАШТАШЫБЫЗ КЕРЕК!
Бисмилла, «бисмиллаахир-рахмаанир-рахиим» сөзүнүн кыскача айтылышы. Мааниси: “Боорукер жана Ырайымдуу болгон Алланын аты менен баштайм” — дегенди билдирет. Бисмилла — береке жана жакшылык эшиктерин ачкан ачкыч. Алла Таала менен болгон байланышты бекемдеген руханий себеп жана көпүрө. Бисмилла менен киришкен ишибиздин аягына чыгыш үчүн Алла Тааладан күч-кудурет тилешибиз керек. Себеби биз ар убакта, ар бир ишибизде Аллага муктажбыз. Анын уруксаты, каалоосу болмойунча бир дем ала албайбыз. Бир кадам шилтей албайбыз. Кыла турган иштерибизде Ал мүмкүнчүлүк берип, күч-кудурет берсе гана ошол иштин аягына чыга алабыз. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ар бир мусулманга «бисмилланы» айтып иш баштоосун айткан. Чындыгында «Бисмилла менен башталган ар иш берекелүү жана пайдалуу болот» (Алжууни;2,174) — деген. «Бисмилла» сөзү Алланын ыраазы боло турган иштерде айтылышы керек. Мисалга ала турган болсок, (кудай сактасын) арак ичкенде, уурдалган жана тонолгон бир мал-мүлк, азык-заттарды жегенде бисмилла сөзү айтылбайт. Себеби, арам, жаман иштерде Алланын ыраазычылыгы болбойт.
Бисмилланы атоо ошол эле маалда; ”Оо Аллам сен берген дем менен, Сен жараткан жаңы бир күнгө баштайм. Сага бет алам, Сенден жардам сурайм, мени жамандыктардан сакта жана жакшылыкка жанаштыр, бул күнүмдү кайырдуу кылып кооздогун”, дегенди туюнтат. “Бисмилла менен башталбаган ар кайсы иш берекесиз болот”. (Байхаки, Сунан, 209)
Сүйүктүү пайгамбарыбыз мындай кабар берет. ”Кимде ким үйүнөн чыгып жатып бисмилла деп Алланын атын атап, Аллага ишендим (таяндым жана тобокел кылдым), жамандыктан коргоочу жана жакшылыкка жеткирүүчү күч кубат Алладан десе, ага мындай делет; Туура жолго түштүң, муктаждыгың кетирилди жана жамандыктардан корголдуң”. (Абу Давуд, Адаб 103)
Куранда “Силер Мени эстегиле (мага зикир кылгыла), Мен да силерди эстейин. Мага шүгүр кылгыла. Жана мага каапыр (жакшылыкты билбеген) болбогула.” (Бакара, 152-аят)
Дубаларым — менин тилегим.
“Алланын алдында дубадан да маанилүү эч нерсе жок”. (Ибн Маажа, Дуба,1)
Дуба кылуу бизден, кабыл кылуу Алладан. Дубаларыбызды уккан Раббибиз албетте, жооп кылып кабыл кылат. Бирок биздин дубабызга кайсы убакта, кандай жооп берет, биз биле албайбыз. Биздин милдет дубабызды ар дайым сабырдуулук менен улантуу. Ошондуктан бир жолу тиледим, болбоду дебейли. Дуба кылууну уланталы. Ушуну унутпашыбыз керек, Раббибиз биз үчүн кайырдуу болгон жакшылыкты, белгилүү бир убакта, жооп кылып тилегибизди берет. Себеби биз үчүн эмне кайырдуу, биз эмнеге муктажбыз, Раббибиз бизден дагы жакшы билет. Кааласа тилеген нерсебиздин өзүн берет, кааласа андан да көбүн же тилегенибизден башка бир жакшылыгын берет. Же болбосо бул дүйнөдө же акыретте берет. Албетте дубаларыбызды кабыл кылат. Алла өз аятында мындай дейт. “Мага дуба кылгыла, дубаңарга жооп берейин”, (Мумин сүрөөсү, 60-аят) “Алла жана периштелери Пайгамбарга көп дуба кылышат. Силер да ага дуба кылгыла жана ага Алладан жакшылык тилегиле”. (Ахзаб сүрөөсү, 56-аят)
Хадистерде айтылгандай, “Алла дубаңарды кабылдайт. Бирок кабыл болушу үчүн шашылбагыла, дуба кылдым кабыл болбоду, дебегиле”. (Тирмизи, Даават, 12) “Кабыл болушуна толук ишенип, Аллага (чын ыкластан) дуба кылгыла”. (Тирмизи, Даават, 66)
“Оо Аллам жандуу, жансыз бардыгын жараткан, өстүрүп чоңойткон жана көзөмөлдөп турган Сенсиң. Мени жараткан да жашаткан да Сенсиң. Мага акыл, күч кубат берген да Сенсиң. Бирок мен бардык нерсеге күчүм жетпейт. Сенин атыңды эстөө, мага күч кубат жана жеңилдик берет. Ошон үчүн мен ар дайым Сенин атыңды (бисмилла) айтып иш баштайм. Мага жардам бер. Сенин күчүң бардык нерсеге жетет.”
ТҮБӨЛҮККӨ АЧЫЛГАН ЭШИК: ФАТИХА СҮРӨӨСҮ...
Фатиха, ачылыш, бет ачаар дегенди билдирет. Куран-Каримди ачканыбызда эле Фатиха сүрөөсү көзгө урунат. Ал, Курандын өзөгү, жыйынтыгы, ошондой эле эң чоң дуба жана Аллага болгон жалбаруу. Намазда Фатиха сүрөөсүн окуу менен ошол эле маалда Аллага дуба кылган болобуз. Сүрөөнүн аягында да кабыл кыл маанисинде “Оомиин” деп айтабыз.
Бата кылуу бир маанисинде Фатиха окуу дегенди туюнтат. Биз ар күнү беш маал Аллага фатиха окуу менен бет алабыз. Анын кабылдоосунда болобуз. Түзмө түз байланышабыз. Бардык ички муңубузду дартыбызды айтып жалбарабыз. Биз эмнеге муктаж болсок дароо Аллага кайрылууга тийишпиз. Ага эч кимди ортого кошпойбуз. Фатиханын маанисинде айтылгандай биз жалгыз Сага гана ибадат кылабыз, Сенден гана жардам сурайбыз. Өзүң бизди туура жолго баштагын, деп ар күнү 32 жолу дуба кылабыз.
Жашоону, өлүмдү да жараткан Алла. Бардык жандуулар бул дүйнөгө келет, жашайт жана өлөт. Муну жылдын 4 мезгилине салыштырсак болот. Жаз келип айлана жашылданып, жай күз болуп, анан эле аппак болуп, кепен оролгон сыяктуу кышка айланып, жер жүзү ак кепендин түбүндө уктагансып калат.
Ар бир жан сыяктуу эле инсан да бир күнү өлөт. Бирок өлүм, жашоонун аягы болбой ошол эле маалда, жаңы башка бир жашоонун башталгычы. Бул дүйнөдө көзүбүздү жумдурган өлүм, ошол эле маалда башка жашоого, акырет жашоосуна көзүбүздү ачат. Ал жакта бардыгынын эсеп кысабы суралат. Бул жалган дүйнөдөгү кылган сооп, күнөө иштерибизди, амал дептерибизди алдыбызга койот.
Бул дүйнө жашоосу, акырет үчүн даярдык, сыноо дүйнөсү. Бул дүйнөдө кылган амалыбыз, акыретте; же жолубузду агартат, же карартат. Дал ошол күн, инсандардын эсеп кысабы таразада тартыла турган күн, бүткүл ааламдын Жаратуучусу болгон Алла Таалага жолугуу күнү.
Улуу Раббибиз бул дүйнөгө жаратылыш максатыбызды мындай билдирет: ”Инсандарды жалгыз Мага ибадат кылышсын деп жараттым”. (Зарият, 56) Биз да жаратылышыбыздын максатына ылайык жана бактылуулук үчүн Аллага ибадат кылып, алакан жайып, жалынып жалбарып дуба кылабыз.
АЛЛАНЫН КООЗ ЫСЫМДАРЫ МЕНЕН ДУБА КЫЛУУ...
Дуба кылуу муктаждыгыбызды Аллага жеткирүүдөн башка, Аны эстеп данктап, мактоонун дагы бир жолу анын ысымдарын атайбыз. “Эн сонун, кооз ысымдар Алланын, ага кооз ысымдары менен дуба кылгыла”. (Араф, 180-аят) Хадистерде Алланын 99 сыпатын баяндап өтөт. Дуба кылган убагыбызда бул ысымдарын да колдонсок болот. Рахман ысымы (сыпаты) менен бизге ырайым кылышын, Раззак ысымы менен ырыскыбызга береке беришин, Тавваб ысымы менен тооболорубузду кабыл кылышын, Вадуд ысымы менен бизди сүйүүсүн жана сүйдүрүүсүн суранып жалбарсак болот.
Пайгамбарыбыздын хадисинде келгендей; “Оо Аллам сүйүүңдү мага, напсимен, үй-бүлөмөн жана муздак суудан дагы сүйүктүү кыл”. (Тирмизий, Дуъа 73)
ЭҢ УЛУК ДУБА:
АЯТ АЛ КУРСИЙ
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз, “Ар бир нерсенин бийик чокусу бар. Курандын чокусу бул — Бакара сүрөөсү. Анда Куран аяттарынын улугу болгон бир аят бар, ал да аят ал Курсий”. (Тирмизий, Савабул Куран, 2)
Аят ал Курсинин мааниси; “Алла жалгыз – эч кандай Жаратуучу жок, Анын Өзү гана бар. Ал тирүү жана түбөлүк туруучу. Аны үргүлөө да, уйку да албайт. Асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аныкы. Анын алдында эч ким (бирөөнү) анын уруксаты жок колдой албайт. Ал алардын (бардык адамдардын) алдыларындагы жана аркаларындагы бардык нерселерди билет. Алар болсо, Ал Заттын илиминен Өзү каалаган гана нерселерди билишет. Анын Такты (Күрсүсү), Асмандардан жана Жерден кең. Ага, Асмандар менен Жерди коргоп, сактап туруу эч кыйынга турбайт. Ал, даңкы эң Жогору жана өтө Улук. (Бакара, 255-аят)
Алла бардык нерсеге жашоо берген. Себеби жашоонун ээси Ал. Ар бир нерсенин аягы бар, Бирок Алла эзелки. (башы, аягы жок). Ар бир жан өлөт, бирок Алла түбөлүктүү. Алла бардык жараткан нерселерин көзөмөлдөп коргоп турат. Бардык жандуу, жансыз ага муктаж, Алла эч кимге муктаж эмес. Алла эмне кылганыбызды, эмне кылаарыбызды билип турат. Эч нерсе андан жашыруун калбайт. Ал Алиим, бардык нерсени билет. Кыялдануубуз да Аллага сыр купуя эмес. Анын Такты асман, жердеги бүт нерсени ичине камтыган; бүт нерсе Анын буйругу менен болот. Себеби Ал улуу, мертебеси жогору.
Абдималик ажы Турсунбеков
Аалымдар Кеңешинин мүчөсү
≈≈≈
3. АЛКОО, БАТА БЕРҮҮ САЛТЫ...
Улуттук дүйнө тааным...
Кыргыз маданият борбору.
Кыргыз маданияты жана адабияты.
Улуттук философия.
Кыргыз эли бу жер үстүндө канча кылым жашагандыгын так аныктап берген киши жок. Бир билгенибиз – качан адам баласы пайда болгондон бери байыркы элдерге эмне мүнөздүү болсо, ошонун баары кыргыздарда бар экендигин көрөбүз. Эң кызык жери – мына ошол байыркы мезгилдерге мүнөздүү болуп турган нерселердин баарын эч жерге жазып калтырбастан эле, муундан муунга калтырып келгендиги болуп саналат. Ага мисал көп, биз азыр мына ошондой байыркылык касиетке ээ болгон өзгөчөлүктөн бири болгон салтка кайрылалы деп турабыз.
Ар бир элдин өзүнө гана таандык салты бар экендиги кимге болбосун белгилүү. Балким, мына ушул салттар элдин байыркылыгын аныктап тургандай эле, аларды бирин-биринен бөлүп турат окшойт. Балким, мына ушул салттарга жараша адамдар топтолушуп, анан улут катары жетилсе керек… Дегинкиси, мына бул багытта айтылчу ойлор, илимий пикирлер али алдыда. Ал тууралуу дагы кези келгенде айтарбыз, ал эми биздин азыркы максат – кыргыздын бир салтын кепке алып, анын маанисин ачып берүү. Ырас, кыргызда салт көп, бирок, мен азыр алардын арасынан «алкоо» же «бата берүү» салты жөнүндө кеп кылууну туура көрүп отурам. Бир караганда, бул деле башка салттардан айырмаланбаган, ал тургай, айрым учурда салт катары анча маанилүү орунга чыкпаган салттардын бири экендиги талашсыз.
Ал эми маанисин изилдей келгенде, өтө терең касиетке ээ экендигин көрөбүз. Бул кыргыз болуп калган үчүн мактангандык эмес, тескерисинче, мына ушундай салттарга ээ болгон элдин кулуну болуп калганга сыймыктангандык болуп саналат. Ырас, бардык эле элдерде өз ара мамилелешүүлөрдө кылган кызматына карата ыраазычылык билдирген учурлар кездешет. Ал, бир эсептен, анын кызматын көргөн адамдын кызмат кылган адамга карата ыраазычылыгын билдирүүдө сыпайыкерчиликти көрсөтсө, экинчи тарабынан, ошол ишке карата алкоосун ичине алганын көрөбүз. Менин билишимче, мындай мамилелер бардык элде кездешет. Орус элинин таасиринен бизде да алкоонун бир түрү катары «ырахмат айтуу» аракети арбып кеткенин билебиз. Бирок, алардан айырмаланып турган кыргыз элинде алкоо салты күчтүү экендигин жана анын терең мааниси бар экендигин байкайбыз. Тактап айтканда, кыргыздар алкоосун билдиргенде жөн гана ыраазычылык эле билдирип, ырахмат деп койбостон, ал адамга карата каалоосун, анын келечегине карата тилегин да билдирип кетет. Мындай тилегин кошо билдирүү кыргыздан башка элде көп кездеше бербейт. Ал эми бир эле адамга карата айтылган көпчүлүктүн же ошол чөйрөнүн алкоосун жалпылаштырып караганда, төрөлгөндөн тартып адам болуп жетилгенге чейинки жашоосун белгилүү бир өлчөмдө аныктап берүүчү программага да айланып чыга келет. Демек, «алкоо» же «бата берүү» салты кыргыз баласын төрөлгөндөн тартып келечекте ким болушун аныктап бергендиги менен башка элдердеги ыраазычылык билдирүүчү мамилелерден айырмаланып турат.
Анын салт катары орун алышы «АЛКОО» же «БАТА БЕРҮҮ» адамдардын мамилесин көрсөтүп турган бардык жерде эле колдонула бербейт. Тескерисинче, аны колдоно билүүнүн да туруктуу орду бар экендигин байкайбыз. Маселен, кыргыздар бул жашоого жаңы келген адамга батасын берүүнү ымыркай төрөлүп, ага жентек берилгенден баштайт. Андан соң баланын тушоосун кесүүдө ал өтө маанилүү ролду ойнойт. Анан турмуш жолуна багыт алганда, мектепке барганда, андан кийин орто мектепти аяктаганда, жогорку окуу жайына киргенде, жогорку билимге ээ болгондугу тууралуу дипломго ээ болгондо, эң акыры үй-жай күтүп турмушка багыт алганда «бата берүү» салты колдонулат. Ырас, бул салттын негизги эрежелери шаар жеринде бир кыйла өзгөрүп кеткени менен, айыл ичинде ушул мезгилге чейин сакталып, колдонулуп келатканын да жашырууга болбойт.
«АЛКОО» МЕНЕН «БАТА БЕРҮҮ» эл арасында көп колдонулуп, ыраазычылыктан айырмаланып, улуу адамдардын жаштарга карата мамилесин, андан коомчулук кандай иш-аракетти талап кылып жаткандыгын же талап кыла тургандыгын көрсөтөт. Ошондуктан, ага жөнсалды мамиле кылбастан, анын маанисин балдарга түшүндүрүү зарылдыгы байкалат. Балдар ага терең маани берип уккандай, өзү тууралуу эмнелер айтылып жаткандыгына, ошондой эле коомчулук ага кандай адам болушу керектигин каалай тургандыгына көңүл бургудай үйрөтүү зарыл, анткени, мына ушул салт – «алкоо» же «бата берүү» менен эле айлана-чөйрөдөгүдөй туюндурушканын баамдоого болот. Тактап айтканда, кызмат көрсөтүп жаткан жаш балага улуу адамдар өз каалоолорун билдиришет.
Сыртынан алганда, анча маанисиз көрүнгөн, ошол эле мезгилде эл арасында айтылып жүргөн даяр айтымдар колдонулганы менен, ар ким ал жерде ошол жаш балага эмне каалоосу болсо, ошону билдирип (өмүрүң узун болсун, өркөнүң өссүн, денсоолукта бол ж. б.) гана чектелбестен, жаш баладан келечекте эмнени күтө тургандыктарын да ( ыймандуу бол, кайрымдуу бол, эл баккан жигиттерден бол, эл керегине жара ж. б. ) милдеттендиришкен.
Эл арасында айтылып жүргөн «алкоо» же «бата берүү» маанисинде айтылган сөздөрдү иликтей келгенде, кыргыздар бул сөздөрдү кечээ же бүгүн эмес, байыркы мезгилдерден бери колдонуп, ал тургай, ал сөздөрдү пайдалануунун да жол-жоболору иштелип чыкканын байкоого болот. Ал сөздөрдүн маанисин туура түшүнгөн адамга кыргыздар кадимки турмуш-тиричиликте кездеше калып жаткан ар кандай окуялар менен бирдикте карап, жаштар кандай аракети менен өзүнүн улууларга жага тургандыгын, ал тургай, андан ары кандай сапаттарга жетишүүсү керектигин да дал ушул алкоолору же бата берүүлөрү менен билдирип, түшүндүрүп турушкан. Бир караганда, жөн гана каалоо, ой-тилек катары көрүнгөнү менен, анын мазмунунда көптөгөн нерселер бар экендиги, аны тереңирээк аңдаштыра келгенде, байкалат. Ошондой эле бул салт кыргыздар менен бирдикте узак жылдарды басып өткөндүгүн да эстен чыгарууга болбойт. Себеби, анын баштапкы булагы адам баласы сөзгө сыйынган мезгилге барып такалат. Бул пикирди далилдөө үчүн, кыргыздардын баарына белгилүү, «Манас» эпосунда кездешкен бир мисалга токтололу.
Ай десе айдай, күн десе күндөй, акылы адамзатты таң калтырган кадимки Каныкей апабызда бир кемчилдик болот. Ал ‑ бала көрбөй калуу коркунучу. Муну Каныкей апабыз өзү да билет. Арманы ичинде болсо да, ал ар кимге жакшылык кылып, ар кимдин алкоосун, карылардын батасын ала жүрөт. Анын бийик чокусу Көкөтөйдүн ашында көрүнөт, б. а., күрөшкө Жолой чыгып, кыргыздан ага тең келе турган эч ким чыкпай, ал тургай, Манастын өзү да «ат үстүнө тың элем, жөө күрөшкө жок элем» деп качып, акыры Кошой баатыр күрөшкө түшө турган болгондо, ага чак келе турган кандагай шым табылбай, бүт кыргыз кыжаалат болуп турганда, бир мезгилде мына ушундай окуя болуп кетпесин деп акылы аштап, ичине бүктөм калтырып кеткен кандагайдын тигишин сөгүп жиберип, ал шым Кошойго батып, ошондо Кошой баатыр Каныкей апабыздын кылган ишине ыраазы болуп бата бергенин, аны менен кошулуп, кытай, калмак кошо алакан жайып бата беришкенин, мына ошондон Каныкей апабыздын кемчили толуп, Семетей баатыр төрөлгөнүн эпостун сюжети саймедиреп айтып отурат.
Андан болдубу же башка себеп болдубу – кеп анда эмес, мында: кыргыздар байыркы мезгилден бери эле «алкоо» менен «батада» айтылган сөздөр аткарыла турганына катуу ишеним артып, сөз сыйлап, анын маанисин түшүнө билүүгө терең басым койгондугун айтпай кетүүгө болбойт. Ал эми сөздүн байыркылыгы менен аныкталып, сөздүн магиясы менен аныкталуучу маселе экендиги талашсыз. Тактап айтканда, мында азыркыдай сөздүн жөн гана туюндурган мааниси тууралуу эле кеп болбостон, жакшы мааниде айтылган ой-пикирдин артында адамдын тагдырын аныктачу кандайдыр бир жакшы касиет бар экендигине терең ишеним арткан байыркы түшүнүктөр катылып жаткандыгын жокко чыгара албайбыз.
Байыркы кыргыздар эле эмес, бардык элдер сөздүн мына ушундай кудурети боло тургандыгына ишенип келген болсо, азыр кыргыздардын айылдарында мына ушул салт мурдагысындай эле күчүн жоготпой колдонулуп келаткандыгы сыймыктандырат. Эл арасында анын бир канча формасы (жентек тойдо, бешик тойдо, тушоо кесүүдө, баланы мектепке бергенде, мектепти бүткөндө, диплом алганда, аскерге кетип жатканда, алыскы сапарга аттанганда, ж. б.) салт катары колдонулуп, улуулардан бата алуу жөрөлгөсү аткарылып жатканын көрөбүз. Анын маанисин дагы чечмелеп берсек болот эле, бирок, макаланын көлөм чектелүү экенин эске алып, улануучу сөздү кийинкиге калтыралы.
Жалпылаштырып айтчу сөз – бул салт колдонулганы менен, анын мааниси мурдагыдай болбой жатканы бизди өкүндүрбөй койбойт. Мындагы башкы кемчилик – биздин улуу аталарыбыз, агаларыбыз, апаларыбыз же эжелерибиз мурдагы салттуу ордун жоготуп, жаштар менен жаш болуп, ыгы келсе да, келбесе да теңтуш болуп, бата берүүгө жарай албай калганы. Алар мына ушул байыркы салттуу касиетине келсе, анда жаштар да алардын артынан ээрчип, кыргыз элинде ушунчалык уникалдуу мүнөзгө ээ болуп турган мына ушундай салттар кайрадан баш көтөрүп, эл мурдагыдай касиеттүү абалына келе тургандыгы анык.
ЖЕҢИЖОКТУН БАТАСЫ:
Тогузу болгун жылдыздын,
Туйгуну болгун кыргыздын.
Жетиси болгун жылдыздын,
Жетиги болгун кыргыздын.
Учу болгун кылычтын,
Учкуну болгун жылдыздын.
Сабы болгун кылычтын,
Сазы болгун кыргыздын.
Оомийин!
КОРГОЛДУН БАТАСЫ:
Отурган жерде айдай бол,
Оозго салган майдай бол.
Жумшактыгы пейлиңдин
Жылма жибек шайыдай бол.
Жакпай турган кишиге
Жер жуткан Карынбайдай бол.
Оомийин!
Болотбек Акматов,
Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору,
филология илимдеринин кандидаты,
“Шоокум”, 24.06.2014-ж.
≈≈≈
Аманчылыкта,
бакыбат өмүрдүн байырын көрүп,
бар болуңуздар,
арыбаңыздар да карыбаңыздар,
Ала-Тоолук асыл журтум!
"ПОЭЗИЯ ОРДОСУ" көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү.
Муратбек Ысмайыл Алымкулов,
/Казыбек Казалчы/,
Казыбек Талас
Комментарии 4