Мени көпкө тиктеп калат. “Оюмду окугусу келип жатабы?” Ичимден күмөндөр болом. Опера жана Балет театрынын жанындагы скамейкага отурдук. Байкасам эми мени өтө эле табышмактуу тиктегенсийт? “Эмне эле мени кечке тиктеп жатат, мейличи тиктей берсин!” Бирок, бул жолу үңүлүп, сыры бардай, терең тиктейт. Блокнотун алып чыгып жазып кирди.
-Мен сага сюрприз көрсөтөйүн. Бирок бүтө элек нерсени көрсөткөндөн уялып да жатам.
Чоң альбомун баштыктан алып чыгып, тизесине коюп, бир аз убакыт кармап туруп... Анан алыс жакты карап, ойлонуп, шашпай сунду. Альбомун барактап кирдим, көптөн бери тартып жүргөн окшойт, карандаш менен чиймеленген ар кандай сүрөттөр; тамдар, имараттар, бактар, эстеликтер, кишилердин ары-бери көчөлөрдө кетип баратканы, парктардагы сюжеттер, скамейкада отургандар... Бирок өңдөрү толук жана ачык көрүнбөйт, артынан же капталынан тартылган. Гүлдүү тарелкалар, вазалар. Көбүнүн сөлөкөттөрү окшошот. А мен анысын түшүнбөсөм эмне дейм?. Профессионал сүрөтчү болбосом. Кызыктуу же таң каларлык эч нерсе көрө алган жокмун. Бирок Сайра “буларды бекер көрсөткөн жок да, комплимент айтпасам болбойт го, антпесем таарынтып алам?” Ойлоно баштадым, кайсы сүрөтүн мактасам? Кайра барактап кирдим. Ал мени аябай тиктеп, жообумду чыдамсыз күтүп турат. Мага “жаккан” сүрөтүн таппай убарамын. Бир маалда альбомун Сайра, кайра колуна алып, барактап кирди.
-Сен бул эле сүрөттөрдү эмес, дагы аягына жеткирип баракта, анан көрөсүң? Жазды.
Кайра барактап отуруп, аягындагы актай баракты бүтүрүп ачсам, менин сүрөтүм чыга калса болобу. “А, ушуну айтып жаткан тура!” Окшоштуктар бар экен; бет түзүлүшүм, кашым, көзүм. Бирок кээ бир жерлери тартылбай; ээгим, оозум, мурдум, темгилдери жок, актай бойдон. Сүрөтү бүтө элек, толук образым жок. “Тарта алат окшойт?” деген ойдо калдым.
-Мага окшош экен, чоң сүрөтчү турбайсыңбы! Мактоого татыктуу тартып бара жатыпсың!
-Рахмат! Бирок мен сени толук тарта элекмин. Бул жерден машина, эл көп өтүп, алаксыйт окшойм. “Чернышевкага” баралыбы, дагы калганын тартып көрөм. Жазды.
-Мейли, баралы. Бирок суроом бар? Мени кайсы маалда тартып алдың? Жоопту кечиктирип, күлүмсүрөп, сөөмөйүн оозуна басып койду.
Чернышевский атындагы борбордук китепканага да биринчи барышым. Сайранын окуучулук күбөлүгү бар, мен студенттик күбөлүгүм менен кирдим. Бийик терезеге жакын бурчтан орун алдык. Мени “китеп окусун” дегендей, Сайра Куприндин бир томун алып келип берип, карандашын колго алып, альбомунун барактарын тиктеп калды. Китепке бейкапар үңүлүп, алгач аягынан башына бачым жылдырып, баяндарын аттап-буттап, кыскартып окуп кирсем, кээ бир жерлери жагып кетип, кайра башынан баштап, анан калтырбай катарлатып окуп кирдим, чын эле кызыгуум артып, берилип баратам. Бир маалда жанымдагы Сайраны да унутуп салып, жазган баяндарды көбүрөөк окуп үлгүрсөм деп, баш отум менен окууга алаксып, аягына чыкканча, эми чыдамым кете баштады. Бир маалда Сайра;
-Кеч болуп кетти, эртең келип калганын оку! -Бул карточканы көчүрүп ал, оңой таап беришет. Жазып, мага ыраазы боло жылмайды.
Сыртка чыксак, эшик күүгүмдөп кетиптир. Саат кечки сегиз. Китепкана биз менен кошо жабылды. Дзержинский булварын аралап, Ала-Тоо кинотеатрына жакындап, кичинекей кафеге кирип, бир стакандан кофе ичтик. Китепке, өтө таасирлениптирмин. Оюм андан араң тарады. Сайра дагы тигилип мени сырлуу тиктеп:
-Китепке аябай берилип, мени эми баштан карап кирдиң, чала тааныдың көрүнөт? Кайра таанышып албайлыбы? Атым-Сайра! Жазганын окутуп, назданып күлмүңдөдү.
-Сайра, сенин көзүңдө магия бар. Кантип оюмду билип алдың? Мен сенден эми жашырына албай калдым. Менин оюмдагыны заматта окуп аласың? Чып-чын айтам! Сага мен апачык болуп көрүнөм го? Бул оюма эми ишенип баратам!
-Жок, андай эмес, бирөөнү көңүл коюп карашым мүмкүн. Ар бир адамдын мүнөзү ар башка. Адамдын ички дүйнөсүн билиш, эң татаал? Анткени адамдын ою күлүк, аны кууп жетиш - эч мүмкүн эмес! Жок, чоочулабай эле кой, ошондой сага сезилип жатат. Сени жакшы биле элекмин? Эки эле жолу жолуктук да. Мени да сен жакшы билбейсиң? -Адамды билиш үчүн, көп убакыт керек. Бирок ошондо да толук билүү кыйын. -жазды.
“Акылдуу кыз экен,” Ойлодум ичимден.
-Карып кетпейбизби анан, бири-бирибизди толук билгиче?
Башын ийкеп күлүп; “Мүмкүн?” жазды.
-Анда кантип, мени бир көрүп эле, сүрөтүмдү тартып алдың?
-Ал бөлөк, “көз менен” эске тутуу... Музыканттар -үндү, акын-жазуучулар - сөздү, инженерлер -тетикти унутушпайт.
-Сүрөттү аяктадыңбы, карап көрөйүн?
-Жок, тартып бүтүш үчүн, сенин ички дүйнөңдү жакшы билишим керек экен? Жакшы билгенде, сүрөтүң толук бүтөт, дагы күтүүгө туура келет. Кечээ кандайдыр мага эргүү келген. Бүгүн жоготуп жатам, анткени сүрөт музейине барып, оюмду бөлөк нерсеге алаксытып алдым. Жазды.
Башка сураган жокмун. Бирок ичимде; “Сайра мага керек тура!” Менде эми ишеним пайда болду. Анткени ал мага башка, жаңы дүйнөнү таанытып, көзүмдү ачып, ички дүйнөмдү кеңейтип жатат.
Адабиятка жакындап, ой жүгүртүүм өзгөрүлүп кеткенсийт. Билими күчтүү кыз экен. Мага көп жардамы тийчүдөй.
-Эмки жолу, Кыргыз драма театрына баралы. Жазды.
-Макул.
Автобус келип, узатып ийдим. Эртеси сабак бүтөр менен Чернышевкага шашылдым, анткени китептин кызыктуу жерине жетип, аягына чыга албай калгам. Кийинки кезде китепке көп берилип, футбол ойногонго убактым калбай калды. Бош болсом эле, китепканага чуркамай. Жалгыз жүрүүнү да каалайм. Анткени өзүмчө эркин ойлонуп, турмушка, айлана-тегерегиме көз жүгүртүүм кеңейип, мени курчаган чөйрө; табият, турмуш, жашоо, келечек жөнүндө жаңы ой-толгоолор пайда боло баштады. Сезимимде кескин өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Окуган китептердеги каармандар эми мени жетелеп, жалгыз калтырбай, ички дүйнөмдөн түнөк алып жатышат. Дагы кызыктуу дүйнөгө сүрөшөт. Жашоом эми көрктөнүп, кумарым кызыйт, кереметтүү жаңы дүйнөгө сүңгүп баратам. Сайрадай, менин да өзүнчө кызыктуу дүйнөм ачылды. Эми көптү окушум, көптү билишим керек? Орус классиктеринин чыгармаларына кызыгуум арта баштады: Л.Толстой, А.Пушкин, Лермонтов, Тургенев, Чехов, Вересаев, Бунин, Куприндин чыгармалары кумарлантып кирди. Чет өлкөлүк классиктер: Хемингуэй, О.Генри, Джек Лондон, Д.Байрон, О.Бальзак, Стринбергдердин чыгармалары менен тааныша баштадым. “Сайрага жолукпасам, кайдан буларга кызыгат элем, келечегим кандай болор эле?” Анысын элестете албайм! Поэзия да кызыктырды; Пушкиндин - Онегини, Лермонтовдун - Мцыри, Гейненин ырлары. Кыргыз акындарыныкы; А.Осмонов, С.Шатманалиев, Э.Турсунов, О.Султанов, К.Маликов, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытовдун ырлары жүрөгүмөн түнөк алды. Сайра мага драма театрынын эшигин ачып берди; Шекспирдин: Король Лир, Отелло, Гамлет, Он экинчи түн драмаларын. Ч.Айтматовдун: Жамиля, Саманчынын жолу спекталдерин кызыгып көрдүм. Кыскасы жаңы руханий дүйнөгө сапар алып жатам. Сайра мурункудай эле, чоң альбом салынган баштыгын, жана ак сумкасын таштабайт. Кыргыз драма театрынын, Опера жана Балет театрынын, Политехникалык техникумдун, Финансы-экономикалык жана Соода техникумунун, ж.б. имараттарды, Дубовый паркынын жанындагы Дзержинский бульварын, шаардын Циркин, көчөдөгү жактырган адамдарын, карандашы менен эле келиштире тарта баштады.
Ал сүрөт тартуу менен гана алек. Мени кээде унутуп салгандай жүрөт. Жанында жүргөнүм ага сезилбей, кийинки күндөрү, анын көлөкөсү болуп ээрчип калдым. Өзүнүн өнөрүнө жан оту менен кирип кетти. Көп сүйлөшпөй да калдык. “ Жанында эмнеге көлөкөсү болуп жүрөм,” кийинки кездерде өзүмө суроо берем? Мен китеп окуу менен чектелем. Ортобузда эже-инидей мамиле жүрөт. Жолукканда көңүл кош бетин тосот, бетимди ага тийгизем. Башка кызыктуу сөз болбойт. Кийинки кезде; адабият, сүрөт, театр, дегеле искусство боюнча менин өзүнчө көз карашым калыптаныптыр, кээде пикирибиз төп келишпей, талаша кетүүчү болдук. Анткени мен өсүп жатат окшойм? Аны менен катар пикир келишпестиктер көбөйүп; “эки кочкордун башы-бир казанда кайнабайт!” дегендей, ойлорубуздун ажырымдары көбөйүп, бири-бирибизге болгон көңүлүбүз, күздүн муздак шамалындай, салкындай баштады .
Бир күнү чоочугансып, менин үй-бүлөм; ата-энем, бир туугандарым жөнүндө сурайт? Кыскача эле, жалпылатып айтып бердим. Өзүнүкүн сурасам, өңү бозоро түшүп, жооп бербей койду. “Азыр даяр эмесмин!”- деген сөздү блокнотунан окудум. “Ал эмнеси? Эмнеге мынча жашырат?” Ичимен таң калдым. Бир аз ызаландым. Ортобуздагы жолугушуп жаткан убакыт бейкапар мамиледе өтүп жатты. Кээде көңүлүм чабыттап, ой-толгоом күчөп, андан алыстап, эми жалгыз жүрүүнү самап кетем. Сайра мага тоскоол болуп жаткандай сезилип, ээн эркин өзүмчө бульварларды аралап жүргөндү каалап кетем. Айланага өзүмдүн жекече көз жүгүртүүм, кызыгуум пайда болуп; “эркин куштай көккө сызсам” деген бийик, көрктүү ойлор көңүлгө конуп, толкуп кетем. Өзүмчө чыгармамды жараткым келе баштады. Бирок ыр жаратуу үчүн бийик сезим кезигип; курчап турган айлана-чөйрө, табият, сулуулук, сүйүү же патриоттук сезимдер ойлоруңду орош керек, анан чыгарма жаралат да. Андай сезим мага жолукпай жүрөт. Ушундай ойлор жанымды тынчытпай, Сайранын жанында жүрүүдөн, жүдөй жана тажай баштадым. Ага жолукканда; эркиндигим чектелгендей, ага көз каранды болгондой, өзүмдү ыңгайсыз сезе берем. Мага ачык, айкын, эркин, терең сүйүү сезимдер, эми абадай керек болуп калды. Ал эми Сайра экөөбүздө теңтуштук, бейкапар гана сезимдер өкүм сүрөт. Сайра өзүнүн ички кенен дүйнөсү менен жүрөт - кумары жалгыз гана сүрөт. Белгисиз башка дүйнөгө кирип кеткен, куштай учуп жүрөт. Бүркүттүн эгиз төрөлгөн балапанындай; “ал тыңы, күчтүүсү, учууга камынып, эми канатын күүлөп калды”. А мен болсо ал уядагы; “алы жок, чабал балапанындай, канат күүлөй албай, дагы жата берем”. Анын өткөн турмушун да, азыркысын да билбейм. Бара-бара чогуу жүрүү кызыксыз болуп; эскирген кийимдин өңүндөй, сезимдер саргайып, түсү өчүп баратат. Кичинеден андан алыстай баштадым. Мени кармаганы, капыстан качып кетип, аны жалгыз таштап кеткенден уялам. Эмнегедир боорум чыдабайт, заматта көңүлүн калтырып, аны корунткансып, чын эле кантип таштап кетем?
Январдын ортосу болуп калган, кар түшпөй жер кара бойдон, аба кирдеп турган убак. Элдин да, менин да көңүлүм кирдеп бараткандай. бүгүн 9-январда Сайранын туулган күнү экен. Мени чакырып калды. Булгары заводдогу квартирасына бармай болдум. “Ушуну менен мамиле бүтөт!” -деген бүтүм ойго келип, бирок атайын чакырып жатса, акыркы жолу “барайын” болуп чыгынып, бир “Советский” таттуу шампанский, бир тал ак жоогазын гүл кармап, ал күндүз жумушта болот, болжоп, кечинде жөнөдүм. Менчик тамдын жарымын бөлгөн кичинекей квартирада, чогуу иштешкен эки кыз турат экен. Мурун жеткирип барган эмесмин, өзү дайыма автобус, троллейбус менен кетүүчү. Квартирасын араң таап, каалгасын тыкылдатсам, жылмайып чыкты. Туулган күнү менен куттуктап, гүлдү сунуп жатсам, бетин тосту. “А мейли эми, туулган күнү эмеспи?” Ойлоп, бетинен өөп койдум. Күлүңдөп, ңазданып кетти. Кичинекей коридоруна кирсем; газ плита, умывальник, дубалдагы кийим илгичте; пальтолор, курткалар илинип турат. Илгичке кийимди илип, сапожкамды чечип, төркү үйгө кирсем, чоочун эки кыз отурат, мени көрүшүп орундарынан тура калышты. Бирөөсүнүн бою мени менен тең, толмоч келген, кыска кесилген көкүлү маңдайына түшүрүлгөн, чоң бетинин теңин жаап, сары чач, өңү да сары, чоң чекир көз, эрди калың, сөөк-саактуу. Атын өзү атады - Бурул! Дагы бир кызы; орто бойлуу, ичке кара каш, кууш жаак, кара көз, беркиге караганда өңдүүрөөк, бирок ичкерээк үн менен сүйлөйт экен, анысы атын атады – Асыл. Колдорун кысып, өзүмдүн атымды атадым. Алар аркы беттеги кроватта отурушат, мен берки өйүздөгү жабуу жабылган кроватка кысылып жетип, отурдум. Бөлмөсү кичине; оң жана сол жагын бирден темир кровать орун ээлеп, ортосу тар. Бирок тумбочкадан экини бириктирип, жылдырып, стол ордуна жайгаштырып коюшкан. Үстүндө кичине клеенка, эки ак гвоздика гүлү салынган ваза турат. Жаңы эле жумуштан келишкен окшойт, столго тамак коюла элек. Кире беришинде чоң кара сумкадан бир чоң литрлик “зом кара” бөтөлкө виносунун башы чыгып, калганы азык-түлүккө толгон. Полу линолиум капталган асты бетон экен, байпакчан басып байкадым. Бирок үйү жылуу, от жагылган, паровойдун батереялары терезенин астында. Терезенин үстүндө магнитофон, радио, фото альбомдор, сүрөт тартуучу альбомдор, китептер жыйылып турат. Столдун баш жагында кийим салуучу, бир эшиктүү шкаф жайгашкан. Берки ичке кызы Асел, ордунан туруп, коридордо жүргөн Сайрага кол кабыш кылганы чыкты. Бурул ордунан өсүн өзүмө алдым. Барактап кирсем, Сайраныкы экен, сүрөттөрүн көрүп отурам. Сүрөттөрүнөн; Сайранын жанындагы баягыда кинотеатрдан көргөн “жигитин” гана тааныдым. Ал жигиттин балалык чагы, Сайра андан узун болуп, аны колунан кармап, сүрөткө түшүшкөнүн көрүп; “ал иниси турбайбы”. Эми түшүндүм. Бир кыймылдаган да жок. Ал кыймылдаса, комната дагы тарып кетмек эле. Мен эмне кыларымды билбей, колумду сунуп, бир фото альмомду Бурулга жеткизип, бирө маалда Сайра кирип, мени бир тиктеп, жылмайып коюп, сумканы көтөрүп чыкты. Столдун үстүнө даам, таттуу коюшту. Шампанскийди жана төрт фужер стаканы менен алып келишти. Арасында жалгыз мен эркекмин, ошол себеби туруп, кыздарды сыйлап кирдим. Чай ичилип, тосттор сүйлөнүп, шампанскийден баарыбыз бирден чоң фужер түгөтүп, көңүл жайланып, ичкилик тамырды улам аралап, эми мурункудай бири-бирибизден кысынбай, каныбыз ысып, жүрөгүбүз ачылып, кенен сүйлөшүп калдык. Бурул баарыбыздан сөзмөр экен; тамаша сөздөр, анекдотторду биринен сала бирин айтып, күлдүрүп жайдары отурабыз. Шорпо даярдай салышкан экен, андан ичкенден кийин, ортодогу стол ролун аткарган тумбочкаларды жылдырып, эшикке чыгарып салып, андан бошогон тар аянтчага бий уюштурдук. Магнитофонду иштетип; “Твисть”, “Шейх” бийлерин бийлеп кирдик. Мени ортого чагарышып, ар кимиси менен бийлеп жатам. Бирок бүгүн Сайрага көзүм түшүп, эмнегедир ага өзгөчө суктанып калыпмын; кыймылы желдей жумшак, тим эле ак булуттай учат, элпек бийлейт, бели шыңга, сүймөнчүктүү, шайдоот жүрөт. Шампанскийден кийин “зом кара” виного өттүк! Кочкул келген кычкыл таттуу вино ичип, бийлеп атабыз, түндүн бир топ убакыты өттү. “Кошуна нааразы болбойбу” -десем, үйдүн ээси бир кемпир жашайт экен, ал от жагып коюп, баласыныкына кетиптир. От жаккан комнатасын ачып коюптур, көмүрдү дагы толтура жактык. Сайранын туулган күнүн жакшы, көңүлдүү өткөрөлү деген ниетте, баарыбыз аракет кылып жүрөбүз. Өзгөчө Сайранын бизге шайкеш, бүгүн өтө көңүлдүү, шайыр жүргөнүнө мен суктанам. Мындай өтө көңүлдүү ачык жүргөнүн, алгач көрүшүм эле. Эмнегедир көзүмө-көзү улам урунат, өтө эле чырайы келишимдүү, тоонун элигиндей денеси ийилчээк, кымча бел, карашы жагымдуу, көздөрүнөн күн нуру куюлат, бетин жакшылап боеп алганбы деген ойго да шекшинем, анткени ал ошол күнү асмандагы айга окшоп, толукшуп, сүйкүмдүүлүгү, сулуулугу да эми ачылып, тим эле тамшандырат. Андан көзүмдү тарта албай калдым! Жаркылдап, көңүлдүү жүргөнүнөн, өңү жазгы жааган таза жаандай агарып, кирпигинен күмүш нуру чачырап, көзү ак куунун көзүндөй ойноктоп, назданып, жүрөгүмдү козгоп турат. Бул сулуулугун менден кантип жашырып жүргөнүнө, бүгүн таң калып турам.
Даяр мантысын асып коюптур, бир маалда анысы бышып, тумбочканы кайра киргизип, вино менен кошо дагы кайталап, тост сүйлөп ичип кирдик. Үй ысып кетип, каныбыз дүргүп, кызый да баштадык, костюм, жемпирлерди чечип таштап, көйнөкчөн жеңилдедик. Пулат Бил Оглынын “Позвони мне” жана “Дололай” ырлары токтобой жаңырат. Сезимибиз аябай козголот, тыным албай бийлеп жатабыз. Бир маал өткөн соң, жана көрүнгөн Сайраны эми тааныбай турдум. Өтө эле шок бийлеп кирди, өңү эмнегедир кубарып кетиптир. Көздөрү от болуп, жалын чачат. Кирпиктеринин айланасы кызарат. Бир кезде Сайра менен Асыл, “печкага көмүр салабыз, от өчүп калбасын” деп сыртка чыгып кетишти. Бурул жаныма жакындап, ууру мышыктай жылып, чоң көзүн алайтып, чекир көзү чөйчөгүнөн чыга жаздап, чоочулаган түрү бар, каалганы улам-улам тыңшап, үнүн акырын чыгарып, мага шыбырап кирди:
-Ушул күнү авария болушуп, Сайранын атасы, апасы каза болгон. Сайра анда он эки жашта экен. Ал күнү туулган күнүн Чаек айылындагы кафеде өткөрүшүп, караңгыда үйүнө кайтып келе жатышып, ошол кырсыкка учурашкан. Бүгүн ал окуяга он жыл толот. Сайраны өңүнөн байкасаң, эмнегедир бүгүн өзгөчө айырмаланып, буулугуп турат. Мүнөзү мынчалык өзгөрүлчү эмес эле. Бир жаман нерсени сезип, чоочулап жатам.
-Эмне болуп авария болушкан, кызыгып, дагы толук сурадым.
-Түн ичинде Жумгалдын Арал айылына бараткан жолдо, кыштын кычыраган айы, так ушул күнү келе жатышып... Жолду коюу туман каптап, асфальт бети көк жалтаң муз, Көкөмерен суусунун жээгинде атасы жигули машинасын айдап баратып, жолдун каршысында трактор токтоп турганын чукул байкап калып, тормоз тепсе, муз жолдон машинасы сыйгаланып токтобой алып жөнөп, ошол тракторго катуу урунат. Алдында отурган атасы, апасы мүрт кетип, арткы орундукта уктап жаткан иниси жана өзү аман калышкан. Кырсык учурунда Сайра ойгоо экен, маңдайынан чыга калган тракторду көрө калып, катуу чоочуп, сүзүшкөндө эсин жоготуп, бир жумадан кийин араң эсине келиптир. Ошол каргашалуу түндөн бери, сүйлөбөй калган. Атасынын жакын туугандары жок, таякелеринде чоңоюшту. Иниси айылда калып, өзү Фрунзедеги дүлөйлөр-дудуктар интернатынан окуду. Биз теңтуштары кож.заводдо чогуу иштейбиз, сумка тигебиз. Мурун борбордогу №17 техникалык училищаны чогуу окуганбыз. Ал жөнүндө эстесек, эми боорубуз ооруйт. Байкуш, тоголок жетим калган. Ченебегендей жакшы көргөн, теңтушубуз.
Алар кирип келишти. Дагы бир бөтөлкө вино Сайранын колунда жүрөт. Бирок ал винонун эми эч кимге кереги жок эле. Бурул мени карап, экөөбүздүн көңүлүбүз бирдей бузула түштү. Ал тура калып;
-Болду ичпейбиз, эртең жумушка эрте чыгыш керек. -Кылыч, эми ачпай эле кой, аны эч ким ичпейт!
Сайранын көзүнөн качам. Бөтөлкөнү болбой мага кармата салып; “Ача бер!” дегендей белги берет. Жүрөгүм түйшөлүп калган. Бирок кантип жашырам аны... Дагы “куй” дейт, колун кезеп. Өңү кумсарып, туталанып алыптыр, көзүн тик карай албайсың, тим эле карышкырдын көзүндөй жалын чачат. Кызып, дүүлүгүп калганын баарыбыз байкадык. Ичкенге эми каршы болдук. Сайра мени жекирген көзү менен карап, бөтөлкөнү кайра талашты. Бирок көңүлүн оорутпай, Сайрага жана баарына тамчылатып аздан куюп, өзүмө толтура куйдум. Ага Сайра каршы чыгып; “баарына толтура куйгун!” дегендей колун кезейт. Менден талашып, бөтөлкөгө колун сунат, мен ага карматпай, көңүлүн да оорутпай:
-Эмесе, Сайрага узак өмүр тилейли, чакырганына чоң рахмат! Буга чейин айткандарыбыздын баары кабыл болсун! Калганын эртең баш жазабыз... тамашага буруп, өзүм эле сөздү жыйынтыктап, толтура куюлган винону тартып ийдим. Сайрадан башкасы кол чаап; “ура!” дешип, мени бир добуштан кубаттап, кичинекей тамчы куюлган винолорун бошотушуп, үн чыгарып ырдамыш болуп, эми кетүүгө камынышты. Сайра дагы эле буулугуп турат, өткөндөгүсүн эстеп жатабы; ичиндеги жалынды, муңду өчүрө албаганы сезилет. Өңү аянычтуу кубарат. “Эми аны кантип сооротуш керек, жолун таба албай, кайсалактайм. “Кантип бул учурда, ага жардам берем?” “Кантип аны сактайм?!” “Кайгыны кантип өчүрүүгө болот” Айлам куруп барат...” Кудай сактай гөр!” Ичимен тиленем... “Бүгүн бир балээ болуп кетпесин? Ушундай абалда аны, эми кантип таштап кетем?!” деген ойлор мени чырмайт. Артка бурулуп, сыртка чыгайын, -десем Сайра көйнөгүмдүн этегинен кармап, тарткылап, сыртка чыгарбайт. Эптеп чыгып, винонун калганын умывальникке төгүп жибердим. Аны көрүп, Сайранын ого бетер ачуусу келди. Мени эки колу менен көкүрөккө болгон күчү менен түртүп жиберди. Чалкалап барып, аз жерден жыгылбай, чайпалып туруп калдым.
УЛАНДЫСЫ БАР....
ЖАНЫШБЕК СЫДЫКОВ.
Комментарии 19