Биле Жүрсөңүздөр ашыкча болбос...
"Кепиниңди кийип кал" деп эч кимди урушпа.
Колуңду төбөңө койбо.
Тизеңди кучактап олтурба, бул жесирликтин белгиси.
Жаагыңды таянба, ыксыз үшкүрүнбө, капачылыкты чакырасың.
Миздүүнүн мизин каратып койбо, кан тилейт.
Боюңду карыштаба.
Жаш туруп, желбегей жамынба.
Итиңдин улуганы - жамандыктын жышааны.
Мойнуңа аркан (кур, жип) салба, анты болот.
Жер таянып олтурба, таякка сүйөнбө.
Колуңду аркаңа алып баспа.
Беймаал убакта ыйлаба, күүгүмдө уктаба.
Шайтан аттайт делет элде.
Босогого жөлөнбө, бойлоп турба, астананы басып турба, астанага жатпа.
Босогодо туруп кол алышып учурашпа.
Шыпырынды менен күлдү чогуу чыгарба, өлүм менен той бир күнгө келип к