Сыртта суук, үй да салкын, төшөк муздак,
Өкүнөм өтмүшүмө жүрөк сыздап.
Мазактап, жатасыңбы деген сыңар,
Тагдырым тамашалуу күлөт жыргап.
Караңгы, таң да атпайт, түн да узун,
Олтурам ойлуу тиктеп айнек тушун.
Саны жок санаа менен алпурушуп,
Ыр жазам калемимдин бүлөп учун.
Күн кыска, уясына күлүп батат,
Таң атпайт түн сүзүлүп сүлүк тартат.
Оор уйку баскан айыл тынчын бузуп,
Төмөндө ит арсылдап үрүп жатат.
Кар ээрип, жер дагы чаң, карандай суук,
Кайгырам көп нерседен көңүлүм сууп.
Колума гитар алып ырдайын дейм,
Ызалык ооз ачырбайт алкымды бууп.
Шок кыял бирде эргийт, бирде чөгөт,
Эрк ага коё алмак эмне бөгөт?
Уйкаш сап дептериме жамгыр болуп,
Чаба жаап арты артынан ырлар төгөт.
Кою түн акын үчүн ал да керек,
Баарына бирдей тегиз бар да себеп.
Көрөсүң, көтөрөсүң өмүр барда,
Кыңк этпей маңдайыңа жазса демек.
Азим Сатымкулов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 41