Кош дедим, коштошууга колум сундум,
Демиңди ичке тартып улутундуң.
Кылчактап тээ алыска кеткенимче,
Кол булгап терезеңде туруп турдуң.
Ийиктей уйпаланып, ушаланып,
Жаныңды коё албай туталанып.
Кийинки кезигүүгө келгенимче,
Жол карап, күтөөрүң чын кусаланып.
Бекемдеп үмүт жибин чыйрадыңбы,
Бириндеп өз дилиңе сыйбадыңбы?
Жүз төмөн жаздыгыңа кулап түшүп,
Кучактап үн чыгарбай ыйладыңбы?
Секетим, мүнөзүңдөн жаркылдаган,
Ичиңде көп сөз калды айтылбаган.
Ыйлаба, убакыт бул учкан куш го,
Арадан аз күн өтсө кайтып барам.
Пейилге периштелер кондурабыз,
Жүрөктү сүйүүлөргө толтурабыз.
Асылым, тагдыр буйрук кылган күнү,
Жолугуп, жоодурашып олтурабыз.
Жамгыр жаайт ошол күнү майдалаган,
Жашартып сезимдерди саймалаган.
Акылдан адаштырар эриндериң,
Моюнуман назик гана аймалаган.
Азим Сатымкулов 6.07.2021.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12