52068413079741

Ыр дүйнө

Сенин мүнөзүң Мүнөзүң, мүнөзүң ай жаркылдаган, Кири жок арашандай шарпылдаган. Сезимдүү, назик, эрке бирок дагы, Сүйүүдөн, сүйүлүүдөн тартынбаган. Көздөрүң, көздөрүң ай жанып турган, Жай бербей көрдөн жерге алып урган. Ирмелген кирпигигиңдин учтарына, Илинип калыш үчүн жаным курман. Мен белем, менби сени сагынбаган, Менсинип, мерез болуп жалынбаган. Жаралап жүрөгүмдү тешип өттү, Огу жок махабаттын жаңылбаган. Зирегим, зирегим ай асыл адам, Жан дүйнөң керемет жай, ачылбаган. Жер астын-үстүн болуп кетсе дагы, Желпинип, жеңил ойлоп, шашылбаган. Мүнөзүң, мүнөзүң ай жаркылдаган, Чечкиндүү, кесе сүйлөп, шартылдаган. Кээде тынч, бир калыпта мелтирейсиң, Кайыктай көл үстүндө калкыл
52068413079741

Ыр дүйнө

Сүйүү Махабат кандай ачуу, кандай уусуң, Митаамсың, менден кытмыр, менден куусуң. Чынжырга чырмап алып чыгарбаган, Чынында менден бекем чыдамдуусуң. Сүйдүрдүң, ыр жаздырып, ыр ырдаттың, Ак жерден чөгөлөттүң, чырылдаттың. Көңүлүм жедеп сенден калып бүттү, Мокоттуң, жүрөгүмдү зырылдаттың. Сагынттың, жол караттың, зарыктырып, Чарчаттың, чалыштаттың, чаалыктырып. Көп жолу үмүт берип, нурун алдың, Көзүмдүн каректерин карыктырып. Жаш элем курчтугумдан пайдаландың, Жашырбайм буттан кетип тайгаландым. Жалп этип, кулай берип, кулай берип, Жалкыдым, тарпым чыгып, майдаландым. Барбы жан четке каксаң сүрүлбөгөн, Бүк түшүп, түпкүч болуп түйүлбөгөн. Шартыңа, амириңе кулдук уруп, Шагынан
52068413079741

Ыр дүйнө

Айылдын жолу Темир тулпар атырылат алкынып, Өжөрлөнөт өрдү көздөй тартынып. Өркөчүнө тээ тетигил айылдын, Түйшүгү көп акын уулун артынып. Сары Өзөндүн санаасы көп жолдору, Миңди сүйүп, алпештеди, колдоду. А кимдерди мүдүрүлтүп, чалынтып, Кекээр карап, келекелеп кордоду. Мында баскан нечен ата-бабалар, Калган издер миллиондоп саналар. Жашоо эгер мыйзамынан тайбаса, Келечек муун уруу болуп таралар. Ошондо да ушул жолдон өтүшөт, Эл көбөйүп, айылдан тыш көчүшөт. Мына мобул ээнсиреген талаага, Кабат-кабат үйдү куруп кетишет. Жоргологон ойлорумду чаргытып, Жолду тиктейм карегимди талытып. Бизди тосуп, кайра узатып дүйнөдөн, Дагы жашайт канча кылым карытып. Биздин жолдор биз кү
52068413079741

Ыр дүйнө

Көз ирмем - Алло, жаным, кандай ишиң, маанайың, - Жакшы, жүрөм шүгүр кылып баарына. - Сагындырдың бачым келчи, таалайым, - Макул, бүгүн эрте барам жаныңа. - Жакшы түштөн кардың ачып калбасын, - Курсагым ток тынбай иштеп жүрөмүн. - Ооруп калба сыркоо бетин салбасын, - Камкор жаным, сени абдан сүйөмүн. - Жылуу кийин, үшүбөсүн буттарың, - Баары жакшы түк дагы кам санаба. - Өмүр бою керексиң да кутманым, - Сөздөрүңө чабылсам дейм садага. - Анда мени эркелетчи жаным деп, - Тунугум дейт ашык жандар бири-бирин. - Эргип кетем айтсаң эле жарым кеп, - Айта электе сезериң чын, дилгирим. - Сени сүйдүм, сага арнадым өмүрдү, - Бул сөздөргө учуп жүрөм көкөлөп. - Суранарым сындырба наз кө
52068413079741

Ыр дүйнө

Кусалык Чыга албай кусалыктан арылып, Жүргөндүрсүң күндө мени сагынып. Утур бирден бараткандыр чыдабай, Жүрөгүңдүн кан тамыры жарылып. Балбыл жанып, эки көзүң чырактай, Кала бердиң, мен узадым ыраактай. Тез келем деп маңдайыңан жыттадым, Кара, коңур чачтарыңан сылап жай. Жалгыздыктын желесине чырмалып, Сагынычтын элегине ыргалып, Жаткандырсың жаздыгыңды кучактап, Ичке, узун кирпиктериң нымдалып. Уйку качып, жүрөк кылың дирилдей, Жаш сыгылган кирпиктериң илинбей. Жүргөндүрсүң оюң онго бөлүнүп, Сапырылган санааларың бириндей. Окшош күндөр, таңдар атып, кеч кирип, Өткөн жылдар унут калып, эскирип. Жашырынып, үн чыгарбай өзүңчө, Ыйладыңбы эл жок жерде эчкирип? Асыл жаным, се
52068413079741

Ыр дүйнө

Биз жөнүндө Бакырадык, бапырадык, чачылдык, Батырадык, бардаңкесиз атылдык. Бакырышып, сөөмөй кезеп, жакалап, Бирибизге экинчибиз катылдык. Ыры чыкпай, шыбагасыз, олжосуз, Ырысы жок ыйлап турду ордобуз. Ысырапкер, текеберге айланып, Ыркы кетип, ыраактады ортобуз. Түтүн болуп, отсуз калды милтебиз, Түк түшүнбөйм эмне эле минтебиз? Түбү чексиз боло албадык океан, Түмөн элди сугара албайт бир деңиз. Ууру-кески, каракчыга тонолдук, Урап түштүк, дарек таппай жоголдук. Урмат кетти, кадыр кетти, барк кетти, Ушундан соң эми кантип оңолдук? От албадык, быкшып күйдүк, түтөдүк, Ой калчабай эсирдик да, күчөдүк. Ойрон кылып, жалгыз тонду өзүбүз, Оюп, кесип, кайра жамап, бүтөдүк. Т
52068413079741

Ыр дүйнө

Мукуроо Миң сан ой алпурушам, жууруламын, Жол таппай, алдастаймын, урунамын. Элдерден обочолоп эмнегедир, Эч кимге керексиздей туюламын. Мезгилден суранамын өтүнөмүн, Эрксизден кыйкырамын, өкүрөмүн. Өчпөгөн каңырыгым дагы түтөп, Өзүмдүн мендигиме өкүнөмүн. Өксүйм да өз ичимен эзилемин, Канжарсыз тарам-тарам кесилемин. Ашатам тагдырымды себеп ошол, Ашыктай бул жашоого сезилемин. Матадай ыдыраймын сөгүлөмүн, Мелт турам кылт дей түшсө төгүлөмүн. Бакылдап ырдап коём а байкасам, Бактысыз бир бечара көрүнөмүн. Тынч албай сапырылам, буюгамын, Бул ойго аргасыздан муюганмын: Жекире карап турган бул дүйнөгө, Эмнеге өгөй болуп туюламын?.. Азим Сатымкулов
52068413079741

Ыр дүйнө

АК ТҮН "Жорго" такси жортуп чуркайт жел таман, Жолдор тыгын жетчү жерге жетти араң. Экөөбүздү кезиктирчү мына бул, Эки кабат аппак сарай - ресторан. Мрамор таш, тамда толо шам чырак, Көрк үстүнө көрк кошуптур жаркырап. Тепкич өйдө бара жатса көтөрүп, Лотос Темпл көз алдыңа тартылат. Бушаймандай бармен жигит көбүрөөк, Шишесинен шампан атып, көбүрөт. Шыпылдаган кыймылы бар өзгөчө, Өз ишинин устасындай көрүнөт. Коньяк, виски түркүн-түстүү виносу, Челек-челек муздатылган пивосу. Ушул жерге бул күн үчүн жаралып, Тартылгандай тагдырымдын киносу. Кызматчылар колун ийет бүгүлүп, Учурашат жаш келиндей жүгүнүп. Баары кылка бирдей, окшош кийинген, Кызмат кылат бут учунан жүгүрүп.
52068413079741

Ыр дүйнө

БАКЫТ Экөөбүз түгөйбүзбү, эгизбизби, Тайгакта табыштырган теңир бизди. Эртеңим эмне болсо ошол болсун, А бүгүн сени сүйдүм негизгиси. Күтүүсүз сылап койсоң колдорумду, Бах, чиркин! Бакытка мас болбодумбу! Сезимдин кылын черттиң кытыгылап, Секетим, сүйбөйт бул деп ойлодуңбу? Бактымды сынап көрүп, адегенде, Таң калдым таалайыма, баракелде! Сен сүргөн ушул доорго мен да келип Калганым бакыт болбой, анан эмне? Тең көрүп азабын да, жыргалын да, Термелдим махабаттын ыргагында. Билип кой, мага ошол чексиз бакыт, Жашасам сенин жазган ырларыңда. Экөөбүз ынакпызбы, шерикпизби, Теңирим тескебестир керексизди. Жашоонун көркүн ачып жүргүлө деп, Жараткан жолуктурду, демек, бизди. Азим
Показать ещё