Предыдущая публикация
Эч нерсеге алмаштырбас асылдарым,
Эң бир кымбат табылбас алтындарым.
Жокко айлансам кабыргасын кайыштырып,
Жолум карап боздоп ыйлар жакындарым.
Карааныңар кандай мага кубат берет,
Мээримиңер мени көздөй кучак керет.
Жакыныңар жаңы жашоо бербесе да,
Силер үчүн чексиз бакыт сурап келет.
Бул жарыкка удаа келген катарлашым,
Жашоодогу жан шеригим, сапарлашым.
Маңызы жок өзүңөрсүз өткөн өмүр,
Түк кургабай көздөрүмдөн агар жашым.
Силер менин бийим дагы мырза, төрөм.
Урук-тууган, тайкем жана карын бөлөм.
Сыймыгым, жарык чачкан жакындарым,
Мен силерди бүт баарынан жакшы көрөм!!!
Азим Сатымкулов
26 01 2016
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11