Не иш кылдым, карайынчы артымды,
Өлчөп көрүп өзүмдөгү наркымды.
Кара жанды карч урамын, ким үчүн,
Катыгүн ай, барбы билээр баркымды?
Турмуш күрөш, а мен алсыз бирөөмүн,
Кээде өзүмө таң калам да, күлөмүн.
Адамзатка бир берилген дүйнөдө,
Ким деп жашап, эмне кылып жүрөмүн.
Оюм күлүк шашты кылып адамды,
Жок издейм да аңтарамын ааламды.
Бирок билбейм ким теңтерип дүйнөнү,
Ким керектейт мага окшогон жаманды.
Таман этим тарап чуркайм жүгүрүп,
Жаным сабап ооп түшөм үзүлүп.
Иштен чыгам мен да эскирип бир күнү,
Жыртылаармын чүпүрөктөй сүзүлүп.
Дүйнө жарык, а келечек караңгы,
Кыйчалышта туура жолду табамбы?
Же болбосо үстү-үстүнө жаңылып,
Бул өмүрдү текке өткөрүп саламбы?
Мейли, сүйсүн, кадырласын, издесин,
Берсин бөлүп өмүрүнөн бир кесим.
Бирок туям жакындарым эч качан,
Жүрөгүмдүн ак экенин билбешин.
Азим Сатымкулов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 11
Калбаса экен жан дүйнөлөр камалып
Караңгы эмес, дүйнө.. сендей акын бар
Келечекке жакшы жол сал..каранып
Мени айтсаң..не иш кылып кыйраттым
Бир жакшы ырым жок, сеникиндей..бул анык