Карааныңан кагылайын кутманым,
Кетпе дедим, жалдырадым укпадың.
Күйүтүмөн эриндерим титиреп,
Чалыштады баса албай буттарым.
Ичтен өксүп, айта албай боздодум,
Эңшерилтип эт жүрөктү толгодуң.
Тирүү болсоң тура калып ордуңан,
Сурайт элең мага эмне болгонун.
Ал дүйнөгө эмне анча шашылдың,
Жылт эттиң да кайра эле бат жашындың.
Айтылбаган өзүң менен ичиңде,
Эмне кетти, эмнелерди жашырдың?
Тууганымдын эң жакшысы кетти деп,
Калбадымбы кара жерди тепкилеп.
Ансыз дагы жарааты көп жүрөктү,
Салбадыңбы биротоло кескилеп.
Бейиш бер деп жаратканга жалынып,
Өтөөрмүн ээ өмүр бою сагынып.
Кутулгансып бул бейопа турмуштан,
Жатып калдың топуракты жамынып.
Жүзүмдөгү кызыл нурду бууданым,
Көрбөдүң ээ, көз жашымдын жууганын.
Ыза, күйүт, кайгы, аза биригип,
Сөз айттырбай алкымымды бууганын.
Кала бердим аргам канча, томсоруп,
Кош бол боорум, кош бол эми тууганым...
Азим Сатымкулов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 8