САГЫНЫЧ
Уйкусуз түндөр өтөт арылбаган ,
Сезимге сезим коштуң чыга албаган .
Көздөрүң мынча неге сулуу эле ,
Жүрөккө отту салдың жалындаган .
Чыгалбай ошол оттун учкунунда ,
Келатам бирде бийик коңулуңда .
Буулугам буйдалгансып бүгүн неге ,
Көкүрөк толуп ташкан муң кайгыга .
Алсыздык кадам таштайт кусалыкта ,
Капалуу карегимде сүйүү турса .
Түн кезген саманчынын жолун карап ,
Келээрсиң түштөн болуп сагынганда .
Шермамат Эрмекбаев .
26.10.2018 жыл .