Чоңойсун Амир
Неберем мага тизелеп туруп гүл берди
Энелер күнүндө, укмуштай эле күн келди
Толкунданып, сүйүнгөнүмдөн теңселип
Турган жерден басалбай кеттим түз жерди
,,Күндүк өмүрдүн, түштүгүнө жорго минейин"
Буйруганын көрүп, жадырап жайнап күлөйүн
Бар байлыгым, кыз-уулум.. неберелеримдин
Чайларын ичип, чапанын кийип жүрөйүн
Энесин сыйлайт, өзүнүн кезеги келгенде
Урматтайт ата, турмушу оомат бергенде
Чоңойсун Амир, өмүрлүү болуп кем болбой
Ата-энеси жүрсүн, бакыт мөмөсүн тергенге
Күзөбаева Бүүрайым Кутушевна
Бишкек/Токтогул.
19-05-2024.
Өткөндү эстеп, эскерип турган жакшы
Дагы чыктык даңгыраган узак жолго
Оо, жараткан баарыбызды өзүң колдо
Балдарымдын, кыздарымдын мындан аркы
Иштерине ийгилик, келечегин өзүң оңдо
Бийик ашуу, татаал жолду басып өтүп
Бараар жерге кырсыгы жок аман жетип
Өткөндү эстеп, эскерип турган жакшы
Көңүлдөр да көтөрүлүп калат өсүп
Күзөбаева Бүүрайым
Бишкек/Токтогул
16-05-2024.