Предыдущая публикация
Кээде тиет ачуу сөздөр көңүлгө.
Сабыр сакта кайгыларга чөмүлбө.
Бүгүн жаша, таттуу жаша адамзат,
Эртең кайра келбеген соң өмүргө.
Бирде кашаң, бирде күлүк чаптырат.
Жашоо шумпай шылдың кылып каткырат.
Алдап-алдап акыретке жеткирип,
Сулк түшүрүп көр ичине жаткырат.
Сынабы деп, сынап көрөт черткилеп.
Канатыңды канжалата керткилеп.
Кетпей жүрүп кек алгандай жабышат,
Өйдө кылбайт, өчү бардай тепкилеп.
Турмуш калат, кээде бизди асырап.
Бак дөөлөттү башыбыздан ашырат.
Көкөлөтүп көккө чейин жеткирип,
Кырдан ары кулатууга шашылат.
Ач баладай, жүзү курсун тирилик.
Ичип жатат өмүрлөрдү шимирип.
Амандыкта сыйлашалы адамзат,
Эртең кайра келбеген соң тирилип.
Азим Сатымкулов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4