Таш-Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектепте спорт залдын ордуна маданий жайды пайдаланып келишет. Ал да экинчи кабатта орун алып, алдыңкы класстык бөлмөлөргө залакасын тийгизип, шыптары көчүп түшүүдө. Мындан улам мектеп жамааты окуучулар үчүн бардык шарттары бар спорт зал курулса дешет. Бул боюнча тийиштүү тараптарга кайрылышкан,бирок бүгүнкүгө чейин жарытылуу жооп болгон эмес. Мектепте мындан башка дагы көйгөйлөр бар. Алар тууралуу кезектеги материалда кабарчыбыз кеп кылат.