Дерматит (дерма — тери + итис — сезгенүү) — теринин сезгениши. Оору физиологиялык (рентген, күн нурлары), химиялык (жегич, кислота), механикалык таасирлерден пайда болот. Дерматит жөнөкөй жана өнөкөт түргө бөлүнөт. Жөнөкөй түрү көпчүлүк учурда дүүлүктүргүч таасир эткен жерде (контакт болгондо), башкача айтканда теринин ачык жерлеринде болот. Химиялык заттар менен иштегендерде көп жолугат. Дерматит өтө сезгич териге йод, сымап, новокаин, синтомицин жана башкалар дарыларды жана алардын майын, эмульсиясын, эритмелерин колдонгондо болот. Кийимдин туура эмес тандалышы (мисалы, бут кийим өйкөгөндө, кысканда) Дерматиттин өнүгүшүнө көмөк берет. Өндүрүш шартында жумушчулардын терисине металл, жыгач,