Свернуть поиск
Правая колонка
АҢГЕМЕ
Терезени черткилеген жамгыр добушун тыңшап көпкө турду. Бала кезинде жамгырда, белине түшкөн узун чачын жая салып сыртка жүгүргөндү жакшы көрөр эле. Бирок апасы урушуп үйгө киргизчү. Айласы кеткенде терезеден карап, өтмө катардан суу болуп ойноп жүргөндөй кыялданчу. “Бала кезимде апам тыйса, андан соң күйөөм… Эми минтип өзүмдү-өзүм…» — деп ойлоно үшкүрүнүп койду.
Андан соң демекчи… Турмушка чыккандан бир жыл өтпөй апасына даттанган.
— Менин ар бир басыгымды аңдый берет. Эч жакка чыгарбайт. Жадагалса курбуларыма кошула албай калдым. Тажадым ушундан! — деген, күйөөсүнө болгон таарынычын айтып.
— Ак катыгүн, бул эмне дегениң? Ысыгыңар тарай элек жатып тажадым дегенин кара! Күйөө деген ошондой болот. Курбуларың менен жүрө берем десең турмушка чыкпай койбойт белең! Чыктыңбы, курбуларыңды унут! — деген апасы ачууланып.
— Иий апа… Ушинтесиз анан… Жок дегенде сиз менин сөзүмдү сүйлөйт экен десем… — апасынын сөзүнө териккенден ыйлап жиберген.
— Ай кызым… Сен өзүң каалап, жактырып жүрүп турмуш курдуң го. Жактырбаган бирөө ала качып кетсе эмне кылат элең? Анда деле айла жок тагдырыңа моюн сунмаксың… Кудай Таалам аялзатына ушундай милдет жүктөгөн турбайбы… Бала төрө. Баары унутулат.
Бала деген сөздү угаар замат жүзү тамылжый түшкөн. Жакында эле билген боюнда бар экенин.
Жашырып айтпай келди эле. Ушул мезгилден пайдаланып айтып алайын деп барып токтогон. Ал болбойт, бул болбойт деп бала чагынан тыюуга кабыла бергендин залакасыдыр, а балким пайдасыбы? Ою кай тарапка бурулганын жашыруунун айласы кылып:
— Апо-ов! Атам экөөңөрдүн кантип табышканыңар тууралуу айтып бериңизчи… — деген, азыр эле ый толгон жүзүн жылмаюу аралап.
— Атаң экөөбүздүн кантип таанышып турмуш курганыбыз тууралуу канча жолу айтам, айланайын… Кайра эле майнеке кыла бересиңби?
– Бир эле жолу айткансыз… Эми дагы бир айтып берсеңиз, эки жолу болот. – Эркелиги кала элек неме апасынын мойнунан шуу эттире жыттап, алдына жата кеткен…
Колундагы ийигин чимирилткен апасы:
— Аа кызым, менин жашоомду сурай бергенден, айтып берсем уга бергенден тажабайт экенсиң го. Баладан башкачасың деги… Болуптур эми, дагы сурасаң, дагы айтып берейин, – деп узун аңгемесин баштаган.
— Мектепти аяктаган жылы Фрунзеге жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн келгем. Борборубуз азыркыга салыштырмалуу жупуну болгону менен өтө кооз, таза, анан да өтө сүйкүмдүү эле.
— Коюңузчу, апа. Азыркыдан мурун жакшы болуп калыппы?
— Менин сөзүмдү бөлбөй тек отур. Болбосо айтпай коём! — Бүттү, ушул сөзүнөн соң унчукпай отуруш керек. Антпесе, апасынын кызыктуу окуясын угуудан, жанында отуруп мээрим төгүлгөн көздөрүн тиктөөдөн куру жалак калаарын билет.
— Тагдырдын буйругу экен, өтпөй калдым. Кийим тигүү фабрикасына жумушка орноштум. Бир тааныш эже менен батирге чыктык. Ар аптанын аягында мончого түшүүнү адат кылып алганбыз. Ошол күнү мен башка кыздар менен эртелеп түшүп келген элем. Кечинде эже: “Жүрү мончого», — деп чакырып калды. Мен барып келгенимди айтсам, “Барсаң эмне болуптур? Дагы барасың!» — дейт күлкүмдү келтирип. “Барбайм, кайра-кайра жууна бермек белем?» — десем, тултуюп таарынып калды. Айла жок, макулдугумду берип жөнөп калдык. Жаңы эле көчөгө чыгып бир аз баса бергенибизде жолубузду торой бир машина келип токтоду. “Оой сулуулар! Кайда баратасыңар, кеч курун? Бирөө-жарым ала качып кетсе биз эмне кылабыз?» — деп бири түшө калып тийише сүйлөду. Мен коркуп кеттим. Эженин тааныштары экен. Экөө шыбыраша сүйлөшүп жаткандарын байкадым, бирок анча деле маани бербептирмин. Көрсө…
Апасы аңгеменин дал ушул жерине келгенде жүзү тамылжып, тээ жаш кезине кайрадан баргандай толкунданганы сезилген. Ууртуна билинер-билинбес жылмаюу уялап, бир аз ойлонуп отурган да, колундагы ийигин чимирилте сөзүн улаган:
— Жүрү, булар биз барчу мончонун жанынан өтүшөт экен. Түшүп алалы. Батыраак жетебиз деген эженин сунушуна макул болбой нары бастым. Эже көнмөкпү… Мени кичинекей кыздай колуман жетелеп, машинага отургузуп койду. Ичинде айдоочудан бөлөк сомодой эки жигит бар экен. Бирин көргөм. Анда-санда эжеге келип калчу. Эже шаңкылдай күлүп жигиттер менен тамашалашып баратат. А мен отурам башымды көтөрбөй. Жигиттерден уялганымданбы же машинанын ичи үп тартып чыктыбы, айтор эки бетим албырып, ысып чыктым. Терезени ача берип, башка жолго түшкөнүбүздү байкадым. Дароо эле ала качып баратышабы деген ой кылт этти. “Кызым, көчөгө көп чыкпа. Чоочун жигиттер менен сүйлөшпө. Бөтөн эл, бөтөн жерге баратасың. Ал жакты шаар деп коёт. Тентектер көп. Андан да ар кайсы жерден келгендер топтолгон. Шаар — айыл эмес…» — деп, кетээрде кулагыма куйган апамдын сөзү эсиме түштү. Ал кезде азыркыдай эмес. Ош, Жалал-Абадды кой, ушул жерде турган Нарын, Көл да абдан алыстай сезилчү. Чоочун жерге кетип жаткандай болор элек. Бизге, жаштарга билинбесе керек. А ата-энебиз тээ бир Америкага узатып жатышкандай кол булгалап көздөрүнө жаш алып, айылга барганыбызда башыбыздан суу айлантышып тосуп алышар эле.
Жанымда шаңкылдай күлүп отурган эжени чыкагынан түртүп: “Эже, мончого барчу жолдон чыгып кеттик…» — дедим шыбырай. Эженин көңүл бурар ою жок. Жөн отур дегенчелик кылып жоон саныман чымчып алды. Кыйкырып жибербей араң калдым. Негедир жүрөгүм опкоолжуп, денем титиреп чыкты. Эжеге бүрүшө жармашып бышактай баштадым. Азыр ойлосом, жаштык кылыптырмын. Үнүмдү катуураак чыгарып сурагандан да уялсам керек. Ошентип шуулдаган бойдон Фрунзеден алыстай баштадык. Ала качып баратышканын, эже алар менен алдыртан сүйлөшүп койгонун сездим. Улам Фрунзеден нарылаган сайын, улам үнүм бийиктей берди. Бир маалда жигиттердин бири: “Баратам Жантай чал мене-ен…» — деп созолонтуп калды. Үнү бир укмуш болсочу…
Апасы ошол ырды азыр да угуп отургандай бырс этсе, машинадагы жигитти туурап ырдаган апасына бул күлгөн. “Болду эми… Шыңкылдай бербей. Айтпай коём.” Апасы коркутумуш этип далысына эркелете нукуган.
— Ал ырдай баштаганда, мен ыйымды токтотуп тыңшап калдым. Ыр бүтөр менен кайрадан ыйлай баштадым. Кой-ай деген, соороткон эч ким жок. Бир маалда баягы жигит тиги ырын кайра созолонтуп калды. Менин ыйым тып басылды. Ошентип, эсимдеги боюнча ал үч-төрт жолу бул обонду созолонтсо, мен ошончо жолу ыйымды токтотуп, жаңырттым. Кийин айтып күлүп жүрбөйбү атаң… Көрсө жол боюндагы жол сакчыларын көрүп, алар менин ыйымды угуп калышпаса экен деп ырдай бериптир да.
— Ошондо… Ырчы жигит атамбы?
— Ооба…
Тээ качанкы, жаш кезиндеги көз ирмемдерди сагынуу менен айтып берген эле. Ата-энесинин бири-бирин жакшы тааныбай, сүйүшпөй, кыз-жигит болуп кол кармашып көчө бойлобой эле турмуш курушса да бактылуу жашаганына баа берет. Кээде таң калат. Неге биз башкалардай бактылуу боло алган жокпуз деген ой жүрөгүн өйүп келет.
… Ойго батып отуруп сырттагы жаандын басылганын деле этибар албаптыр. Күрмөсүн желбегей жамынып сыртка бет алды. Жаз келип, жер көрктөнүп калганы менен, муздак шамал кыш суугунун кете элегинен кабар бергенсийт. Бекеринен “жазгы суук жандан өтөт” деп айтылбаса керек. Короонун четине барып чокусун аппак кар чүмкөгөн тоолорго көз чаптырды. Тоону сагынганда, айылына болгон кусасы көөдөнүнө сыйбай кеткенде ушул бурчка келет. Короонун башка жагынан тоо анчейин көрүнө бербейт. Учу-кыйрына көз жетпеген кыркелекей тоолордун сыйкырдуу күчү келинди өзүнө чакыргандай мелтирейт. Кыялында ал менен сүйлөшөт. Ага сырын айтат. Келин үчүн тоонун кулагы, көзү, жадагалса жүрөгү да бардай сезилет. Ооба… Дал ошондой… Бала кезинде тоого барганында мына бул тоонун оозу деп үңкүр, ойдуңдарды караса, а булар тиштери деп таштарга суктанчу. Ар бири менен сүйлөшө турган. Ал кезде балалык кыялы менен ишенсе, азыр чындап ишенет…
Отуздун кырынан ашып-ашпай өзүн абдан кары адамдай сезчү болду. Жадагалса курбулары шаңкылдай күлүп тамашалашып турушканда да өзүн оолак кармайт. “Булар кантет?» — дейт ичинен аларды жактыра бербей. “Көргөн адам жаман ойлойт ко… Топтошкон топ катын өздөрүн жаш кыздай сезип алышканын кара дешип…” А курбулары мунун эмнеликтен алардай болуп жадырап-жайнап жүрбөгөнүнө башка себеп деп ойлошот. “Кантсин эми… Сүйүп турган адамынан айрылып калыш деле оңой эмес… Унута албай койду», — деп өз ара шыбырашып коюшат. Сырдашып отуруп калышканда сөзгө тартып көрүштү. “Качанкыга чейин кабагыңды ачпай жүрө бересиң? Ушинте берсең ден-соолугуңан айрылып каларың айдан ачык. Жолдошун жоготкон жалгыз сен эмес. Жашоо өтө берет. Өзүңдү болбосо жок дегенде балдарыңды ойлосоң боло!”
Мындайда ным дебейт. Көздөрүнө жаш топтоло калат. Тамагы буулуп чыгат да, эч кимди көзгө илбей бакырып ыйлап алгысы келет. Жолдошунан айрылган күнү эсине түшөт. Анда да жер чапчып ыйлай алган эмес. Мончоктоп төгүлгөн көз жашын аарчыганга жарабай отура берген. “Кызыке… Алдагинтип ичиңен сызылбай, кыйкырып алсаң боло. Муң ичке түшүп кетсе жаман болот. Сыртыңа чыгарып ыйла…» — деген жеңеси. Анын сөзүнүн бири угулса бири угулган эмес. Уккан күндө жасалма жер чапчымак беле? Ыйлаган… Жолдошу менен өткөргөн көз ирмемчелик өмүрүнө ыйлаган. Жалган жашоонун ушунчалык кыскалыгына ыйлаган. Бири-биринин баркын түшүнө албай жаштык доорун тепсендиге айландырып койгондоруна өкүнгөн. Бул жашоого түркүк болчудай бири-биринин көз караштарын сыйлабай көңүл калтырышкандарын армандаган. Ооба, ыйлаган… Бирок, ансыз жашоом кантет деп ыйлаган эмес. Сүйгөнүмөн, өмүрлүк жарыман айрылып калдым деп ыйлаган эмес. Балдарым атасыз кантет деген эмес. Тек гана экөөнүн көз ирмемчелик жашоосу сыйы жок, сүйүү жок, бири-бирине болгон арзуу, махабат, сагынуу жок өтүп кеткенине ыйлаган…
Алгач баары башкача болчу… Бир күн көрүшпөй калышса сагынышып калышар эле. Бул жашоо бири-бирисиз кызыгы жоктой туюлчу. Кең ааламда экөө гана… Сүйлөшсө сөз түгөнбөй, күлсө күлкүгө, ойносо оюнга тоюшчу эмес. Анан бат эле… Баары өзгөргөн. Алоолонгон сезим бир заматта жалп өчкөн. Себебин эч ким билбейт. Керек болсо экөө да билбес. А балким утурумдук каалоону сүйүү деп ойлоп алышкандыр? Кептин баары жаштыкта болуп жүрбөсүн? А мүмкүн бири-биринин эркиндигин тыя бергендендир? Жок, жок… Жолдошунун эркиндигинде чек жок эле. Каалагандай басып, каалагандай жүрчү. А бул… Бардыгына чек коюлган. “Сен жаш кыз эмессиң! Болду, токтот! Мен эмне десем ошол гана болот!» — деген кыязда “акыл” айтчу. Алгач жолдошунун мындай “акылына” теригип так секирген. Алдап да, таарынып да, ыйлап да көргөн. Керек болсо кайым айтыша кетип муштум жеген. Апасына даттанган. Анын “аялдын милдети ушундай болот” деген сөзүнө ийип, тагдырына моюн сунган. Бирок сыртынан гана… Жан дүйнөсү далай кыйналган. Көз жашын дайра кылып канча агызган. Баарынан да эч күнөөсү жок жерден токмок жегенде бул жашоодон безе качкысы келчү…
— Апа!
Селт эте түштү. Жанына келип калган кызын байкаган эмес экен. Ойго батканда башканы эмес өзүн да унутуп коёт. Кызынын мектептен келер маалы болуп калганын эсинен чыгарып койгон турбайбы.
— Апа… Бул жерде неге турасыз? – кызы эркелей бетинен өптү. — Иий, бетиңиз муздап кетиптир. Үшүбөй жүрүңүз үйгө. Курсагым ачты.
Кыз балам дедиби же балким балдарынын улуусу болгонгобу, айтор, эки уулун кайындарына кыйса да, кызын калтыра албай койгон. Кызым деп айтканы болбосо; сырдашындай… Эртелеп турмушту түшүнүп апасынын көңүлүнүн ар бир өзгөрүшүн байкап турат. Ыйласа маңдайынан сылап, күлсө кабагы ачыла түшөт. Атасынын апасына болгон кырс мамилесин жүрөгүнөн өткөрдү. Апасына кошулуп ыйлаган күндөрү да болду. Ошол кездерде атасын жек көрүп кетер эле. “Апама тийбеңиз! Жаман сөз айтпаңыз!» — деп кыйкыргысы келчү. Керек болсо өзүн апасынын ордуна коюп, анын көргөн запкысын өз мойнуна алгысы келчү. Анте албасын сезгенде ызасынан эч ким таба алгыс алы-ыс-алыс жактарга кетип калгысы келер эле. Бирок, жай күндөрү атасын абдан жакшы көрчү. Ага эркелегиси, кайраттуу ээгинен сылап ойногусу келчү. Атасынын көңүлү жайында турганда эркелеп алганы менен жүрөгү сестенип турар эле… Эми… Эми минтип атасыз калды. Апасынын мүнөзү ого бетер оорлоп кеткенине түшүнө албай кетет. Баягыдай урушкан атам жок да дейт ичинен. Анан неге көңүлү ачылбайт? Бир жолу атасы апасын урушканда ыйлап отуруп “Жек көрөм сени…» — деп айтканын укпады беле. Жөн эле айтса керек ко. Жакшы көрчү окшойт… Чын эле жакшы көрчү… Ошого унута албай жүрөт апасы… Анда неге урушушчу? Улуулардын кылыктарын муштумдай жүрөгү түшүнө албай койду…
* * *
— Апамдар айылга келсин деп айттырып жиберишти. – Ата-энеси менен бирге жашаган улуу агасы келиптир. Калаага каттаган сайын карындашынын ал-акыбалын билүүгө кайрыла кетет. Көпкө отурбайт. Шашылыш экенин айтып, ата-энесинин берип жиберген базарлыктарын тапшырат да жөнөп кетет. Бул жолу анткен жок. – Бол, чогуу кетип калалы, — деди шаштырып.
— Анчалык эмне болду? Барам да бошогондо…
— Өкмөттүн ишинде иштеп жаттың беле? Соодаңды жыйыштыр да, кете бер! Же бир жыргаган соода болсочу…
Агасынын “жыргаган соода” дегени катуу тийди. Бирок, чындык агасы тарапта. Эптеп-септеп өлбөстүн күнүн көрүш үчүн сүт сатып жүрөт. Сүттү жакын арадагы бир фермадан таң азандан флягалап алып келип беришет. Аны түшкө чейин сатып түгөтүш керек. Болбосо, түнү менен турган сүт ирип кетиши мүмкүн. Кышы-жазы эч нерсе эмес. Жайкысы жаман болду. Кечки сүт… Эртең мененки сүт… Анан калса түшкүсү да бар. Ошентип тырбалаңдап кечте бошойт. Анан кантсин? Кезинде окуп ал десе көнбөй, турмушка чыга качкан. Шаарда жашайбыз, өзүм окутуп алам, мал деген толтура, сатсак үйлүү да болобуз деген сөзгө ишенбеди беле… Ушул ишти таап алганына кубанып жүрсө агасынын айтканы бул…
Ичинен сызып ыза болуп турганы менен жооп айтпады. Үн-сөзсүз кийинди да сыртка чыга жөнөдү.
— Ай! Токто! Кызыңды албайсыңбы?
— Келем да бат эле. Же эмне жол алыс беле?
— Келер-келбесиңди барганда көрө жатаарбыз! Ээн үйгө жалгыз таштабай ала кет да! Жаныбызда жүрсө зыяны тиймек беле!
— Барбайт! Түнгө калбай келип калам!
Агасына биринчи ирет каяша айтты. Бир кездеги жүзүнөн жылмаюу кетпей шаңкылдаган, каяша сүйлөө дегенди билбеген карындашын тагдырдын запкысы минтип каардуу келинге айландырганын агасы биринчи жолу сезгендей болду. Унчукпай сыртка чыга жөнөдү.
Агасынын көңүлү жайында болуп турганында мындан өткөн жайдары, берешен, сөзмөр адам жок. Көңүлү бир нерсеге түпөйүл тартып турганда ай-уйга карабай сөгүнүп-сагынып, жанындагыларды жерге киргизип жибергенден кайра тартпайт. Анын мындай сырын билген келин ата-энеси муну жөн жай чакырып турбаганын даана сезди. Шашылыш эмне болуп кетти экен деди ичинен. Көп сүйлөгөндү, такып сурай бергенди сүйбөгөн неме барганда билермин деген ой менен жөнөп калды…
* * *
Тоонун этегинде жайгашкан айылы бөтөнчө сүйкүм көрүнөт. Анда-санда гана үйлөр жаңы салынганы болбосо, дээрлик баардыгы бала кезинен тааныш. Айылын дал ортодон бөлө аккан тоо суусунун үнү кулагына угулгансыйт. Гүл терген, кубалаша топ ойноп мал тоскон кең талаа дале баягысындай керилип жатса керек? Кардын ордун талашкан байчечекейлер бажырая ачылышкандыр? Тоочу? Качан келип сырыңды айтасың деп сагына асман тиреп тургандыр?
— Азыртан мен сага бир нерсе айтып коёюн. Болбосо, кийин таарынасың да… – Машинасын жолдун өңгүл-дөңгүлүнө карабай зуулдата айдаган агасы келинге табышмактуу кайрылды.
— Айта бериңиз… – Келин көңүлсүз бурк этти.
— Эмесе мындай… Кудагый менен куда келиптир…
— Кайсы куда-кудагый? – Жүрөгү алде немени сезгендей зырп эте түшсө да, билмексенге сала суроо узатты.
— Кайын журтуңду айтам… Кечээ келишиптир. Атамдар менен көпкө сүйлөшүп отурушту. Чынында, алардын сунушуна мен макул деле эмесмин. Бирок… Айла жок… – Агасы жаман кабар угузчудай түйшөлө түштү. Машинанын айнегин түшүрдү да чылым күйгүздү.
— Тамекиңизди тартпай эле туруңузчу! Терезени жаппасаңыз үшүп кеттим! – Агасынын чылым күйгүзгөнүнүн шылтоосу менен араң турган келин кыйкыра сүйлөдү.
Көптөн бери бук болуп жүргөн неме албууттанып алгысы келип араң карманды. Машинадан түшө качып, күркүрөй аккан тоо суусуна бой таштагысы келди. Агасынан эмне кабар угарын билбесе да, жүрөгү алда-немени сезгендей тыбырчылай сокту. Кайын журту жөнүндө уккусу жок. Аларды көрсө өткөн күндөргө кайрадан кайрылчудай сызылат. Барынан кызыгы – уулунун кылык-жоругун билип, көрүп туруп бир да жолу мунун таламын талашып коюшпады го… Анан кантип аларды сагынат да, аларды көргүсү келет? Бирок, кичинекейлери ошол жакта болгондугуна байланыштуу алардан кол үзүп кете албайт. Чийедей балдары менен кимдикине батат? Өз ата-энесиникинеби? Кайда-ан? “Чыккан кыз чийден тышкары” деген макалды турмушка чыгып-чыкпай уккан. Баарынан да анда-санда бир келгенинде “төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт” болбосоңчу дегендеричи. Ата-энеде не айып дейсиң? Алар да кызынын бактылуу жашап кетүүсүн каалап турушканынан ушинтишкендир? Мунун жолдошу менен кер-мур айтышын, жашоолору бир калыпта болбой калганын билбей деле калышты. Жадагалса ур-токмок жегенин айтып даттанбаптыр. Катар төрөлгөн уул-кыздарынын убакерчилиги менен жүрө бербедиби… Жашоо деген ушундай, аялдын милдети түкүндөй деп кулагына куйган апасынын сөзүнө кыянаттык кылбайын дегендегиси го…
Кирпигин ирмесе көз жашы төгүлүп кетчүдөй араң турган карындашын күзгүдөн караган агасы сөзүн андан нары улагысы келбеди. “Маалкатпай айтчу сөзүңүздү айтпайсызбы!» — деген карындашына “Үйдөн угасың!” — деп бурк этти да, машинасын ого бетер жулка айдады…
* * *
Машина үйгө жакындай бергенде көзүнө биринчи эле урунганы уулу болду. Тумакты баса кийип, этегин жер чийгизип, тайнесинин чыптамасын үстүнө илип алыптыр. “Чоң ата, чоң апасы чарчашкан го мындан. Тентектиги жанда жок. Акыры жеткиришиптир да…” Оюна ушул келди. Таң калычтуусу — сагынган эмес көрүнөт. Уулун төркүнүнөн көрөм деп ойлобоптур. Аны калтырып кетишкендерине жини келе түштү. Ала кетейин дегенинде бербей коюшту эле го. Эми минтип таштап кетишкендери эмнеси? Кенжетайын да калтырышты бекен? Анысы байкеси жокто беймаза болчу эмес беле… Кенжесин эстегенде гана жини таркады көрүнөт. Жүрөгү жарылчудай лакылдап, сагынычы көкүрөгүнө сыйбай кетти…
Чоң мейман келчүдөй даярданышыптыр. Төркү бөлмөдө дасторкон жайылуу. Кой да союшкан көрүнөт. Сыртта чоң казанда эт бышып жатат. Эки жеңеси ары-бери жүгүрүп демейдегидей кызматта.
— Апа… Неге мынча шашылыш чакырттыңыздар? — деди баары менен учурашып чыккан соң апасынын жанына отуруп. Мурункудай эркелебей, апасынын алдына жата кетмей адаты калган.
— Аа секет кетейин… Жөн эле сагынып чакырдык да… — Апасы бир нерсени жашырып тургандай тайсалдай үн катты.
— Качантан бери сагынганда чакыртып калдыңар эле? Андан да мен чоң мейман болуп калгам го ээ?
Кызынын какшыгына энеси жооп айтпады. Тек гана жоолугунун учу менен көзүн аарчымыш этти да, оор күрсүнүп алды. Картайып кетиптир. Жүзүн кат-кат бырыш басып, өмүр бою кара жумуш жасаган колунун эби кетип калгандай. Көздөрү ичине кирип муңдуу. Апасына жүрөгү ооруп кетти. Акырын жыла, жанына жакын отурду да сөөгү көрүнүп ката түшкөн колунан аяр кармады. Баштапкыдай алдына жата кетти. Шуу эттире этегинен жыттап алды да, төгүлө албай араң турган көз жашын токтотууга алы жетпей өксүп жиберди.
— Балакетиңди алайын каралдым… Ыйла-ыйлап ал… Сени ойлогондо сай-сөөгүм сыздап кетчү болду го. – Апасы кошо жашыды. Калчылдаган колдору кызынын чачынан аялуу сылады, — макул деп койдум… Анан кантем? — деди, санаасы бир жерде эмес экени үнүнөн билинип турду.
— Эмнеге макул дедиңер? Табышмактатпай айтсаңар боло! Байкем да дурустап айтпайт. Сиз да ар кайсы сөздү чарпып… — Ордунун тура калды. Ою ого бетер бузулуп, салааланган көз жашын аарчыганга да чамасы келбей турду.
— Отурчу каралдым… Ыйыңды токтот да кулак сал. Бизди да, өзүңдү да кыйнай бербечи…
— Кимиңди кыйнап жатам?! Кимиңерден нан сурадым?! Жүрөм го өз арабамды өзүм тартып! — Жүзү ылдый төгүлгөн көз жашын аарчыганга жарабай албуутанып кыйкыра баштады: — Мени неге төрөдүңүз, апа! Тагдырымды неге мындай тайкы кылып төрөдүңүз! Чарчап кеттим! Баарынан тажадым! Күйөөм бир күйөөдөй болгон жок! Ал өлбөй мен өлсөм не!
— Болду! Токтот! Жөн койсо жин даарып кетет! — Апасынын үнү өктөм чыкты. Баягысындай… Бала кезинде укчу мындай өктөм үндү.
— И-ий!- деп жерди бир тепти. Эки тизесине башын катып отура калды да үңүлдөп ыйлай берди.
— Ыйласаң ыйлап ал да, мени ук! Балдарың чачырап калды. Ошолорду ойло. Өзүңдү гана ойлой турган мезгил артта калган. Аларга эш болгонго, буттарына тургузуп адам кылууга жалгыз дараметиң жетпейт. Анан да… Тиги жашап турган үйгө эртели кеч агаң ээлик кыларын унутпа…
Мунун баарын мен билбей, туйбай калгансып неге айтып турат дегендей апасына жалдырай карады.
— Апа! Мени балдарды ойлобойт деп жүрөсүзбү? Бассам-турсам аларды ойлоп, уктасам түшүмдө көрүп… Керек болсо базарда да алар деп жүрөм го.
— Билем балам, билем… — апасынын үнү жумшарып, кызын аянычтуу карады да маанилүү маселени айта албай жаткандай буйдала түштү. — Кел жакын отурчу… Сен эми баягы кичинекей кыз эмессиң. Турмуш көрө элек жаш келин да эмессиң. Бир эмес, Кудай берген үч балапаның турат. Кечээ кайын журтуң келген. Сунуштары бар экен. Ошону айталы, биз менен кеңешели дешиптир… Биз да алардыкын эп көрдук. Атаң экөөбүз ушинтип эле жүрө берет дейсиңби? Биз да арыдык, карыдык… Эчкидей жашообуз калды. Кетсем да жүрөгүм ылдыйлап кетейин…
— Апа! Маалкатпай түз айтыңызчы!
Отурган ордунан кайрадан тура калды. Эки ата-эне тагдырын эбак чечип коюшканын баамдады. Кызына кошулуп эне жүрөгү да сөгүлүп турду. Бирок… Апасынын үнү айласы кеткендей шыбырай чыкты:
— Күйөө баланын аталаш иниси бар экен го, сени менен чамалаш. Ажырашкан… Ошол жигитке башыңды байлаганга макулдугубузду бердик. Балдарың үчүн…
Апасынын сөзүнүн ары жагы угулган жок. Көзү тумандап, кулагы чуулдап чыкты. Кечээ жакында курбусуна жолуккан. Атайын келиптир болчу. “Сенин бала кезиңдеги шайыр мүнөзүңдү сагындым, — деген ал. — Класстын алдыңкысы элең го. Чоң окуу жайды бүтүрөм, жакшы жумушта иштейм деген кыялдарың эсиндеби? Болуптур, ал максаттарың убагында ишке ашпай калды. Эми деле кеч эмес го. Күйөөм, балдарым деп жүрдүң. Тагдырдын жазмышы экен. Жолдошуңан айрылдың. Бирок… Бирок, жашоо өтө берет да. Бүгүнкү эле күнүңдү ойлой берсең келечегиң туңгуюк болуп каларын билесиңби? Келечегиңди ойлосоң, окууга тапшыр… Сен окушуң керек!” — деген сырдашып отуруп.
Ошол мезгилде “Кайдагы окууну айтасың?! Карыдым го… Анан да… Окуш үчүн акча керек. А мени ким колдойт дейсиң? Балдарымды багамбы же окуймбу?!” – деп караманча каршы чыккан. “Бир эмес, үч агаң турат. Колдорунда жок эмес. А окуу үчүн эч качан кеч болбойт. Ал эми сен, азыртан карыдым дегенге акың жок…» — деген курбусу. Курбусу кеткен соң көпкө ойлонгон. Анын айтканын бирде туура көрсө, бирде: “Кайдагы окуу? Эсиңе кел!» — деп өзүнө өзү каршы чыккан. Эми ошол ойлору эки анжы боюнча талкаланганы турат. Болгондо да эң жакын адамдары ойрон кылчудай… Коркуп кетти. Кыз кезиндеги кыялдарын өз колу менен талкалаган. Эмичи? Жок, жок! Жол бербеши керек! Балдарын шылтоолоп турушкандарын кара! Алар жүк боло турган болсо, өзү менен ала кетет. Болбосо… Өз оюнан өзү коркуп кетти. Эч качан антпейм деди ичинен. Күчүн жаштан чыгарып ыйлай берсе эч нерсе чечилбесин түшүндү. Чечилсе да мунун каалоосуна каршы… Демек… Көз жашын аарчыды да, апасын жаңы көрүп тургандай кадала тиктеди.
— Апа… Апаке… — деди акырын. — Сиз ушунун баарын туура деп ойлойсузбу? Атамчы? Ал дагы макул бекен? Менин келечегимди ушинтип чечип коёлу дедиңерби? А менин каалоом, оюм, тилегим, кыялдарым силер үчүн маанилүү эмеспи? Жаштык кылып сүйүү деген ушу экен деп эртелеп күйөөгө тийдим. Анын ар бир кылыгын көтөрдүм. Аялдын милдети ушундай болот деген сөзүңүзгө ишендим. Өз күнөөмдү өз мойнум менен тарттым. Баарына кайыл болуп балдарым деп жашадым. Эмичи?! Эми да ушинтишим керекпи?!
Апасы кызын биринчи жолу көрүп тургандай таң кала карады. Жооп бере алган жок. Тек гана оор күрсүнүп алды да:
— Кызым… Жалгыз калсаң… Келечегиң кандай болот? — деди акырын.
— Эмнеге жалгыз?! Силерчи?! Балдарымчы?! Бир туугандарымчы?! Сөзсүз түрдө келечегим күйөөнүн колунда болушу керекпи?!
— Күйөөдө… — апасы ишенимсиз үн катты.
— Апаке… Түшүнсөңүз… Менин келечегимди чындап ойлосоңор, окуганга мүмкүнчүлүк бергилечи. Балдарымды гана кор кылбай каралашканга жардам кылсаңар… Калганын өзүм… — Аба жетпеген кишидей оор дем алды да, сөзүнүн аягына чыкпай сыртка бет алды.
Короо тараптан иттин арсылдаганы, “Кет! Кет дейм! Жат нары!” — деп агасынын кыйкырганына удаалаш: “Оо кудалар, келгиле, келгиле!” — деген атасынын каргыл үнү угулду…
Аягы.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10
Туура эмес да.