Свернуть поиск
АЯЛ..... (ангеме). Шаарда жашайбыз,агам уулун уйлонтуп жатыптыр,тойго жоноп кеттим.Жетип келдим,коптон бери корушпогон туугандарым жылуу кабыл алышты.Баары тегеректеп,кечке созубуз тугонбоду.Айылдагы элге той беруу таптакыр башкача.....Бутундой айылга кабар айтылат.Чон казандарда боркулдап кайнаган шорпо,казан толо аш демделип,элге тартылат.Келген элди тейлегени мен да сыртка чыктым.Бир убакта топ аялдар келе жатышты.Алар баары учурашып,уйго кирип кетишти.Эн артында келген алысыраак эжекеме козум тушту,таанылгыстай озгоруптур,аран тааныдым.Капкара молтурогон коздору мурдагыдай эмес,мунайым,суз.Мурда Минар эжебиз татынакай,узун чачтарын экиге болуп оруп чонтогуно салып,атлес койноктор
0 комментариев
38 классов
ТАКСИСТТИ ТААСИРЛЕНТКЕН СӨЗ
(сатиралык аңгеме)
Дивандын үстүнө кулаалыдай конуп алып, телевизордон көз айырбай футбол көрүп отурган күйөөсү бир мезгилде көчүгү талыдыбы же көзү карыктыбы эртеден бери кумурскадай күйпөлөктөп үй жыйнаштырып жүргөн келинчегине өктөм үн катты:
-Эу, байбиче, конокко бармак эмес белек, кеч кирип баратат го?
-Ооба, мен такси чакырып койгом. Муздаткыч бузулуп калыптыр, мобу айылдан апкелген этти бүгүнчө балконго эле аса туралычы, эртеңгече эчтеңке болбос...
-Ошентсең да болот, муздаткычты эртең оңдотобуз. Бирок, мышыктан этият кыл. Аның чычкан уулагандан эринип, ачык калган нерсени жөн койчу эмес эле...
-Кетеерде сыртка алып чыгып салабыз мышыкты.
Арадан аш бышым уб
0 комментариев
6 классов
Ѳлүм төшөгүндө болгон ажайып бир окуя.
Басра шаарында бир Кудайдан корккон такыбадар инсандын ажалы жетип өлүм төшөгүндө жатты. Анын бул дүйнө менен кош айтышаарын билген туугандары тегеректешип алып ыйлап жатышты. Алардын ага ушунчалык ыйлашканын көрүп:
– Мени төшөктөн чыгарып олтургузгулачы – деп суранды. Туугандары анын өтүнүчүн дароо орундатышты. Анда ал атасына карап:
– Оо атаке сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – деди. Атасы баласына көзүнөн жашы токтобой:
– Ай балам ай, сени жоготуп, өзүм жалгыз каламбы – деп, ыйлап жатам деди. Андан соӊ энесине кайрылып:
– Оо энекем, сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – дегенде, жүрөгүмдү жаралантып кетип жатасың ал мен үчүн айыкпас дарт – деди. Анда
1 комментарий
25 классов
ЖӨӨТ КАНТИП МУСУЛМАН БОЛДУ.
================================
Өткөн айда жума күнү мечитибизге бир мусулман бир тууганыбыз келди. Мурун йахудий( жөөт) болгон экен. Ал жөнөкөй жөөт эмес, эл аралык ири соода түйүндөрүнө ээ болгон киши экен. Анан кантип мусулман болуп калдыңыз деп сурадым. Ал мынтип түшүндүрдү:
“Атын айтпасам да тааныйсын, бир белгилүү мусулман ишкер менен соода-сатык кылчубуз. Бир мезгилде экөөбүздүн эки тарапка ажыраша турган күнүбүз келди. Эсеп-китеп кылган соң, баланча акчаны сага берем да орток ишибиз бүтөт дедим.Бирок ал мага: “Сен ыймансыз, гайрыдин бир адамсың. Бирок акың менде калып кетпесин, эгер менин акым сага өткөн болсо акымды адал кылдым. Керек болсо бул ашыкча
0 комментариев
5 классов
Сулайман пайгамбардын эң мыкты уламыштарынын бири
Сулайман пайгамбар тоого чыгып таңды тосуп келе жатса, тоо этегинде тосуп турган адамдар ага кайрылышат:
– Сен бизге ар дайым шык бересиң. Сенин сөздөрүң жүрөгүбүздү кубанычка бөлөйт. Акылмандыгың акыл-эсибизди сергитет. Биз сенин аңгемеңе суусап турабыз.
Бизге айтчы: биз деги кимбиз?
Ал жылмайып мындай жооп берди:
– Силер дүйнөнүн жарык нурусуңар. Силер – жымыңдап жанып турган жылдызсыңар. Силер чындыктын – храмысыңар. Ар бириңер өзүңөрчө бир ааламсыңар. Акылыңарды калчап, жүрөгүңөрдү тыңшап көргүлө, өзүңөрдү сүйгөн көз караш менен карап көргүлө Кудайдын тилин түшүнгөндөр, – жыргалдын даамын таткандар.
— Жашоо мааниси эмнеде?
Жашоо
0 комментариев
9 классов
ДИЛАЗЫК...
Сөөлжандын курч тырмактары да, чокуганга тумшугу да жок...
Кудайым ага жада калса бекем булчуңдарды, карылуу сөөктөрду да бербеген.
Бирок, ал жер үстүндө топурак менен азыктанып, жер түбүндө тунук сууларды ичет.
Мунун баарына себепчи-анын АРАКЕТЧИЛДИГИ!
Чаянга Кудайым бир нече буттарды, тиштегенге кыпчуурду да берген, бирок ал кычык-кучукта, коңулдарда гана жашап келет.
Мунун себеби анын - ЧЫДАМСЫЗДЫГЫ!.
***
Кимде ким өзүнүн ишине толук бойдон берилбеген болсо, чоң ийгиликтерге жетише албайт!
(Сюнь-Цзы)
***
Акылмандуулукка жетүүнүн үч жолу бар: ой жүгүртүү-эң жакшы жолу, тууроо-эң оңой жолу, жеке тажрыйба-эң оор жолу.
(Конфуций).
***
Алдануунун эң оңой жолу-бул өзү
0 комментариев
4 класса
АЛДАМЧЫ АКЫЛ САНДЫК...
( 1 - бөлүм.)
Сумая келин болуп келгенден бери,кайынэнеси Калипа,кайынатасы Кожо да өз кызындай мамиле жасашып,босого-
бузду аттаган соң балабыз эмей эмне,жаш экен,анча-мынчасын жаап жашырып,төрөп
түшүп алганча,аксак-таскагын чыгарбай,кө-
төрмөлөп туралы дешип,ыдык көрсөтүшпө-
дү.Уулу Төлөгөн вахтада жумушта,он беш күн ишке кетип,он беш күн бош.Төлөгөн жок
то,"келин ойгонуп,кетпесин" деп,ашканада
тынч чай ичишип,отурганда,эки көзүн уша-
лап келин туруп,жуунуп келет да,кайынэне-
нин катарына олтуруп чай иче баштайт.Бала
кыялы баарын жууп кеткен Сумая он тогуз-
га жаңы гана чыккан,оюндагысын шар ай-
тат,кайынатасын жакшы көрөм,апамды "чуть-чуть" жаман көрөм,деп
2 комментария
20 классов
АЖЫДААРДЫН КАРГЫШЫ
4-БӨЛҮМ
_Сен эгер биздин аймакта дагы болчу болсоң, олжоңдун баарын мага алып кел. Мен сени капа кылбайм. Жакшы төлөп берем.
Фальк кагазга оролгон, какталып кургатылган торпоктун этин сунду.
_Аялым мергенчиге бер деди.
_Рахмат. _Ли куржунуна салды да жол тартып жөнөп кетти.
_Мен мында дагы бир нече күн болом!
Дарбазага жете бергенде артка бурулду. _Коён алып келем аласыңбы?
_Алам. _ Фальк кубанып кетти. Анткени жакшы коёндун терисинен бардык үй бүлө мүчөсүнө башына тумак тиктирүүгө болот эле. Артыгын сатып акча да кылып алмак. А бул мергенчинин алып келген терилеринин эң мыкты болоруна Фальк көзсүз ишенген.
Оливия калаадан сыртка чыгып, атын агытып жиберди да өзү, Д
0 комментариев
4 класса
загрузка
Показать ещёДополнительная колонка
О группе
Кызыктуу чыгарма,аңгемелерди окуу жана жан дүйнөнү байытуу, пайдалуу кеңештер! теңин табуу
https://www.instagram.com/bakyt_uiu?igsh=MTVvenQ2NjRzdDY3Zg==
Показать еще
Скрыть информацию
Фото из альбомов
Правая колонка