Свернуть поиск
Правая колонка
Ар бир аткан таңда , сайраган канаттуулардын сайрап атышы адат болгон,бирок бул күн өзгөчө болду. Жайдын аптабында картайган чоң өрүк түбүндө жайгашкан сөрү . Арыкта шылдырап аккан суу ,жаш баладай булдуруктап так сүйлөй албай , таттуу сүйлөп жаткандай эле сезилип турат. Салкын жел суу тараптан согуп , беттен аймалап ,жылуу төшөктөн тургузуп жибергиси жок. Улам кымтыланып , таза абага мурдун тосо кере дем алган Канатбекти , ачуу кыйкырган короз үнү бузуп жаткандай эле болду. ,,Ку-кере - куу , ку-кере - куу " улам - улам кайталап . Башын төшөк ичине катып алды.
Аздык кылдыбы үйдүн босогосунда жаткан Аламойнок да арсылдап үрүп баштады. Эх сага не көрүндү, мени тынч уктатпас болдуңар го , жинденип алды. Бул айылдын бир гана мүнөттө болуп өткөн көрүнүшү эле. Картайган өрүк мөмө да бербей калган . Дүпүйгөн жашыл жалбырак ширеп араң эле көтөрүп тургандай ,желге шуудурап желеге түшкөн көпөлөктөй тыбырчылап , дирилдеген жалбырактарга көзү түштү. Эч ойгонгусу келбеген уйку чайыттай ачылып кетти. Өзүнчө ойго батып , өмүр да ушул сыяктуу ээ. Тирүүлүктө тигилген бир дарактын бутагында тыбырчылап жашап келебиз го өзүн аягандай болуп кетти. Ошол учурдагы чоң энесинин үнү чыкты ;
- Канат , балам тур койлорду кезүүгө кошуп кел. Энелүү эки тойду , аталуу алты тойду го. Баары бир эски адамдар сөзгө чебер ар бир сөзүнө макал кошуп сүйлөйт эмес беле. Эркелиги кармап кетти көрүнөт.
- Азыр эне , кичине жата турайынчы .
- Тур бат , азыр көк тал чыбык менен сабап салам. Шаардын газдалган абасын жутуп, бекерчиликке , уйкуга көнүп алгансың. Атаң , апаң да оюна коюп , өздөрү да жарыша уктап. Ырыскыдан куру калба.. Тургун бат!!! Чынында энем корс ,эркектей жумуш кылып , тарсылдаган аял болчу. Айтканын жасабай койсом сабап салуучудай сезилчү. Ордумдан ыргып туруп короодон чыгып бараткан койлордун артынан чуркадым. Өзүмчө балалык сезим менен ,ар бир койго ат коюп алгам , эй Алабаш алдыга түшүп жол башта , Чолок артынан эрчи - деп , дал эле адамга сүйлөп жаткандай. Мен сыяктуу айылдын жаш балдары да койлорун айдап жөнөшкөн. Бизден төрт - беш үй жогоруда жашаган Болот акенин уул баласы жок эле. Кыздары да көп болчу. Алардын үйүнөн кыздары чыгат кой айдап. Аны да жөн койбой балдар менен шылдың кылып күлчүбүз , кыз да кой айдайт беле , колубуздагы чыбыкты кезеп. Бирок унчукпай алдыга түшүп , бат - бат басып койлорду кошуп , үйүнө кетип калат. А биз үйгө жеткенче бир топ убакыт кетет. Киргенде чоң энемдин үнү жаңырып.
- Кой менен кошо кетип калган жоксуңбу? Тиги Болоттун кызы Бурулайдай жоксун ээ. Уйду да жеткирип коюп үйүнө кетти , а сен дале жоксуң. Бат жеткир болбосо калып кетип , артынан жеткирип каласың. Сага ошол Бурулайды алып берем , чыйрак кыз. Бат -баттан баскын. Бул чоң энемдин күндө колдончу сөзү эле. Чынында кээ күндөрү калып кетип артынан жеткирген күндөрүм да аз эмес эле. Бул күн дал ошондой болду. Шаарда окуп ,шаарда жашаганга мен үчүн айылга келүү , жомок дүйнөсүнө баш баккандай эле. Зоопарктан көргөндөрдү жанынан көрүп турат элем . Дайыма айылга барууга ашыгып турчу элем. Бул жыл да мектеп бүтөр замат келе бергем. Бирок жылдагыдай бала эмес ,жигит болуп калган учурум эле. Сууга чөмүлүп ,кумга ойноп кумардан чыкканда үйгө келсем тамак даярдап олтурчу чоң энем.
- Ай бала кайда жүрдүң ? Күндүн ысыгы төбөдөн түшүп ,мээни кайнатып жатканда ,баладай болуп үйдө отуруп калар күн барбы өзү?
- Эне мен сууга түшүп келдим , башка эч кайда барбадым . Актанып алар элем. Курсагым ачты деги эмне бар . Шашылып тамакка кол сунуп сугунуп жер элем. Эң жакшы көргөн тамагым , энемдин жасаган момпосуйу эле.. Ысык нанды сары майга мыжыгып , кумшекер кошуп коёр эле.
- Эх балам атаң Илимди эле кичинертип койгондой элесин . Тентек болуп жүрүшүң да . Ал же ач калсаң да жүрө берет бекен ушунчалык . Кургатылган өрүктөн кайнатылган муздак шербет же болбосо талкандан жасалган муздак жарма дайым арыктагы сууга малынып турар эле.
- Эне чай ичким келди.
- Шербет ичсең боло , болбосо жармадан жутуп ал. Сары чайыңды шаарга барганда иче бересиң.
- Жоок эне чай ичем -дедим го. Көгөрүп отуруп алган күндөрүм көп болчу. Мына ушундай эс алуу күндөрү ар жыл сайын кайталанып туруучу. Тизгини жок өмүр менен желге учкандай балалык да коштошуп баратты. Энем да алдан тайып ак баскан чачы менен бырыш баскан бетти жашоодон чарчагандай көрсөтүп турар эле. Чынында мен гана ар жыл сайын келип кеткен болбосом , атам келбейт деле экен. Жумуштан бошобой жатам деген гана шылтоосу бар экен. Акыркы күндөрү баштагыдай күркүрөгөн малдын аягы суюлуп жок болуп кетти. Энем жасаган момпосуй да жок. Бирок мен келе берем. Коңшу жашагандар май ,сүт киргизип беришет. Акылым жетпеген мезгилден өтүп калганга баарын ойлонууга тура келди. Чынында мен дегенде жанын берген чоң энемдин үмүттүн актагым келчү болду. Атамды жек көрө баштадым ,неге жалгыз энем айылда жашаганын түшүнө албай. Чоң атам жаш чагында бул дүйнөдөн өткөн экен . Энем атам менен Жылдыз эжемди бооруна кысып калыптыр. Жалгыз иштеп ,жалгыз чоңойтуп ,окуймун десе окутуп , үйлөнөм десе үйлөнтүп анан жалгыз өзү калган экен. Эжекем да Бишкекте окуймун -деп , кетип Көлгө турмушка чыгып кетиптир. Ошол боюнча жылына бир келсе келет болбосо ,эки жылда бир келет экен. Атам да келип кеткен атты болбосо энем менен сырдашып көкүрөгүнө башын жөлөп ,бир күн түнөп кеткен күнү жок. Баарына маани бере баштадым. Башымды жөлөп бала болуп эркелеген жалгыз мен экенмин. Менин эки карындашым ,бир иним бар . Бирок алар эч качан келишпейт. Жүргүлө десем ,ал жак жаман барбайбыз дешет. Бирок мага жагат . Баарынан да энемди сагынып кетем. Мезгилинде мени карап бапестеп , кийимимди жууп ,тамагымды даярдап берсе , а азыр тескерисинче баарын мен жасаймын. Ал эми мен шаарда жашган кезде көбүнчө Бурулай каралашып турат экен. Апамдын каршы чыкканына карабай келе берем.
Арыктап өткөн жылкыдан да каарып кеткендей көрүндү. Келер замат кучактап алып ыйлап алдым. Энем да көзүнүн жашын төгүп ыйлап алды. Негедир бир жери ооруп тургандай туюлду. Дарыгерге алып барам десем көнбөй койду. Үй ичи кандай гана иреттүү жана таза турса дале ошондой . Бирок чындыгында акталган ,сырдалган эмес. Сырты да жамгыр чабылып жаап кыпкызыл болуп топурагы көрүнүп турат. Короо жайдагы тосулган тосмолор баары сынып талкаланган. Башта оюнга алаксып , уйкуга мас болуп кетчү болсом бул сапар короо жайды тазалап ,оңдоп баштадым. Менин келгенимди билбегенби же апасы тамак киргизип бер дегенби ,айтор Бурулай да кирип келди . Түз эле үйгө кирип баратты . Баштагыдай кара кичинекей кыз жок, бойго жетип ,булактан кара чачын экиге бөлүп өрүп койгон. Көзүмө перидей эле көрүндү. Же энемди мээрим төгүп карап жаткан үчүндүр. Заматта баарын жыйыштырып ,эки чака көтөрүп сууга жөнөп калды. Чыдабай
- Эй кыз бул жерде эмне кылып жүрөсүң?
Чочуп кетти. Жалт мени бир карап алды.
- Чоң апамды карап келдим. Суу алып келип берем. Өзүмчө намыстанып жаткан болуп, башка келбе өзүм караймын.
-Чаканы кой да , үйүңө бара бер - дедим.
Чыйрак кыз жооп кайтарып жиберди.
-Неге атаң экөөң жылына бир келип коюп эле карап жатам дейсиңерби? Мен эмес сен бара берсең болот шаарыңа. Тыпылдап жооп күтпөй кете берди. Союл менен башка жегендей боло түштүм. Ордумдан жылбай олтуруп калдым. Эх атакем ,кийин кеч болорун билдиң бекен. Өкүнүч өмүр бою жаныңды кыйнап өтөрүн биле бекенсиң. Чоочун бирөөгө каратып туруп , өзүң кеңири ичип ,кеңири жеп ,кеңири басып. Апам тапкан маалды да сатып алдыңыз. Өлсө мен жашырам жерге -деп. Ушунчалык таш боор болуп ,бизден кандай мээрим күтөт экенсиң. Эненин таманы бейиш болсо , ошол бейиштен неге качып жүрөсүзбү? Алсыз аялды аяп койгонго апамдын жүрөгү таш болсо бизге кайдагы мээримди төгүп жатты экен. Менден да дал өзүндөй мээрим жараларын ойлонду бекен.Учканда уядан эмнени көрсөтсө ,балапан да ошону аларын унутпаса кана.
Аягы

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4