#Көз жаш
10-болум
Үзүлбөгөн үмүт менен күндөрдү алга жетелеп ,таттуу кыялдарга бай болот эмеспи? Чырмалышкан сыноолорду унут кылып ,аз минуттага болсо да бакытка кадам шилтегенге ашыгасын. Ошол гана ашыккан минуталар, түбөлүктү эсте калган күндөр болот тура. Айбек менен таанышкан күндөрү ал мага ,жөн гана жалганчы адамдай туюлуп, өзүмдү ала качып турчу элем. Ал эми азырчы, сагынып ,үнүн да уккум келет. Бактылуу үй -бүлөө боло тургандай кыялданам. Ал да турмуштун оор арабасын тартып, эртелеп атасынан ажырап ,үйдүн чоңу болгонго ини карындаштары үчүн иштеп тырмышып жүрүптүр. Тагдырыбыздын кайчылаштыгын кара. Мен эртелеп апамдан айрылып, боздоп жүрсөм, мен сыяктуу бул да арманын ичи
#Көз жаш
9-болум
Кимдир бирөө документ тапшырганы келе , кай бири алып кетип ,дагы бирөө билет алганы келип ,айтор убакыт билинбей , бул күн да өтүп кетти. Аксана жумушка келбеди, үйгө барганда тамак даярдап күтүп олтуруптур. Акылай алып келиптир жанында ойноп жүрөт.
- Келдиңби? Жүрчү ашканага . Сага биздин олтурган жакпаган көрүнөт ээ.
-Жоок баары жакшы. Биринчи жолу барганга го.
-Айбек жактыбы?
-Билбейм Аксана.
-Неге сүйлөшүп көр ,мындай жалгыз жүрбөй курбум. Мен жакында Адылга турмушка чыгамын. Балдарымды да алып келебиз -деди. Жашоого бир келген соң өзүң үчүн да жашоо керек эмеспи? Кечинде сен келе берген соң колумду сурады.
-Чын элеби? Куттуктаймын. Бу
#Көз жаш
8-болум
Шашпай кийинген кыздар ,кафеге кам көрүп башташты. Боёнуп ,күзгү түбүнөн жылбай ,бири -бирине кимибиз сулуу -деп ,жанаша карашып.
-Жүрү курбум , саат он экиден кийин дагы бир жылга картайып баштаймын.
-Койчу , дагы көп бар картайганга. Айгерим жошуткан болду. Бирок жүрөгү ,бир тыз этип алды . Анткени аз күндөн кийин өзү да, бир жашка картая түшөрүн эстеп алды.
-Туура курбум, биз эми отузга чыгып баратабыз го, ашыкпайлы карылыкка ансыз да өзү келет. Шаңкылдап күлүп ,сөздү буруп кетти.
-Мен даяр болдум , а сенчи?
-Мына баратамын -деп шашыла Аксана .
Экөө эгиз козудай ээрчишип ,көчөгө чыгышты. Жолдо күтүп турган Адыл
-Оо кыздар ,күттүрүп койдуңа
#Көз жаш
7-болум
Таң атышы саат жебесин улам алга карай такылдатып ургулап , өмүрдү ала качып ал кайда шаштырганы шаштырып турат. Аксана уйкулуу көзүн ачкысы келбей
-Айгерим ,магазинге чыгып ,балага сүт сатып келчи. Ии айтмакчы памперсин да унутпа. Тургусу келбеген Айгерим да жооп кайтарды.
-Аксана ,кичине жата туралычы, магазиндер ачылсын.
-Азыр ыйлап баштаса ,экөөбүздүн тең тынчыбызды алат. Мени билесин уйкуну жакшы көрүшүмдү. Турчу алтыным ,барып келе калчы.
-Мейли ,араң гана ордумдан туруп жөнөп калдым. Айткандарын сатып алып келсем ,экөө дале мемиреп уйкуда жатышыптыр. Убакыт эрте болгону менен кайрадан уктагым келбеди.
Мадинага көзүм түштү. Чоң кишидей уктап жаткан т
#Көз жаш
6-болум
Жумушта көпчүлүк адамдар менен иштегенге , убакыт да байкалбай өтөт. Бүгүн негедир уйкудан жеңил турдум, өзүмчө кыңылдап ырдап алганмын. Баардык ой -санаадан арылып, көкөлөп учуп кетчүүдөймүн. Жан дүйнөм оорубай бир башкача сезим жаралгандай. Табийгат да мени билгендей ,күн жаркырай тийип жылуу көрүнөт. Бир чыны кофе ичтим да ,алгач боёнуп ,татына кийинип , Аксананы ойготум
-Тур ,курбум жумушка барабыз ,мен даяр болдум.
-Коё турчу, кичине уктап алайын ,сен бара берчи.
-Мейли ,бирок кечке уктай бербе, офистен күтөм -деп жөнөп кеттим.
Жаңы гана көчөгө чыга бергенимде урунуп алган жигит
-Ой кечиресиз, шашылып баратып....
-Эч нерсе эмес, күлүп гана ко
#Көз жаш
5 -бөлүм
Өткөн күнүмө назар салып жатып, көзүмдөн тыпылдап тамып жаткан ,көз жашым сүртүп, саатка карадым. Саат да, бир канча болуптур, кетүү керек эле го, шашыла кийинип жолго чыктым. Мээдеги уюган санаадан кутула албай бараттым. Эх жаштыгымды унуткарып таштайын десем да, негедир унуткарып таштай албадым . Өзүмдү бир жемелеп да алчу болдум акыркы күндөрү. Түшүнүксүз бул дүйнөнү унутсаң боло - деп.
Үйгө кире бергенде Аксана ,
-Келдиңби Айгерим. Кечиктиң го ,жасаган тамагым да муздап калды, көрүнөт. Чечинип чыга кал, мен болсо даярдай берейин. Ач калдың го ,кайрылып карап алып, дагы ыйлаган көрүнөсүң го.... Сөз бербедиң беле башка ыйлабайм - деп. Кана ошол сөз кана. Мага дагы б