Свернуть поиск
Правая колонка
4-БӨЛҮМ.
Кумсарып тошогуно келип кулады. Эки-уч кун тошоктон туралбай жатты. Айланчыктап энеси жанынан кетпеди. Сопсоо эле журду эле, эмне балакет болуп кетти деген эне Мараттын колдорун кармалады. Муздак тер басып, алсыз.
- Кечинде Айнур менен чокуша кетип, эшикке чыккам. Тамеки куйгузуп, чеге албай койдум. Отургам, анан бутуман баштап эле мага ээ бербей, мени укпай, эптеп уйго кирип жаттым. Эртен менен турайын деп туралбай койдум. Марат энесине жалдырай, жаш балача жалдырады.
- Алдына кетейин, мен молдого барып келейинчи деген энеси, уй ичин аластап, Мараттын колдорун кармалап жанында отурду. Коркуп турам, апа жанымда эле болунузчу деген Марат уктап кетти. Анын жанына Айнурду таштап, энеси молдого кетти. Марат жоолуп, чочуй берди. Ойгонуп кетип, энесин издеди. Айнура экинчи катуу айтпайм, айыгып эле кетчи деп бышактап алды. Молдо Маратка кунуго дем салып атып, ордунан тургузду
Бир жумадан ашык Мараттын короосун акмалап, анын караанын коро албай жургон караан бугун дагы келди. Марат уйуно кирип бараткан эле. Бирок токтоп, кочону бир карап алды да, кирип кетти. Эч нерсе деле байкаган жок. Маратты коргонуно жаны жай ала, тиги караан узап баратты. Колунда кармалаган бир нерсеси бардай. Кундор ото берди. Батма кызынын башкача болуп жургонун байкаганы менен унчуга албады. Айтканда деле Мира аны тушунбогондой текмире тиктей карап, оз оюндагыдай басып кетет. Куугум талаш эшикке чыккан Мира коздон кайым болду. Талаалап журо берди. Алдынан эрбендеген караан корунду. Токтоп аны кутту. Бугун Аликтин уйлары талаадан келбей калган эле. Жаныбек уй издеп чыккан. Уйларын айдап, кынылдап келе жаткан Жаныбек, алдынан чыккан Мираны коруп токтоп калды. Уй издеп журсо керек деп ойлоду. Экоо бири-бирине жакындай берди. Уйлар эч нерседен капарсыз отуп кетишти. Мира Жаныбекти карап туруп калды. - Уй издеп журосузбу? Тээтетигил жерде коп уйлар коп журот, ошояктан карабайсызбы?
Жаныбек Мирага колун жансап батыш тарапты коргозду. Мира ага башын ийкеп койду. - Бугун уйчулар эмнени карашкан билбейм. Туз эле барыныз, тапсаныз ошол жактан табасыз. Жаныбектин уну Мараттын эле унундой экен. Миранын журогу зырп этти. Жаныбек Мирага бир танкалып карап алды. Мира Жаныбекти кучагына кыса кучактап, чачтан сылай эркелеткиси келди, оз баласындай. Мира унчукпай, мойнундагы чынжырын чечип, балага сунду. - Албайм бироонукун, кереги жок. Сиз кимсиз? Жаныбек уйларын узап кетпесин деген ойдо, эми басып кетеринде, Мира аны женден тартты. Башын ийкеп, Жаныбектин алаканына чынжырын салып, манжаларын жаап, жылмайып койду. Жаныбек ага тушунгон жок. - А дудук турбайбы, мейли, ала берейинчи,-деген бала Мирага жылмайып башын ийкеди. Мага тушунгон эмес тура деген ал Мирага уйлар жургон жакты жандап коюп, чуркап кетти. Уйуно кирип эле Айжанга суроо салды. - Апа, биздин айылда дудук аял барбы? - Жок, эмне болду? Дудукпу, жок болсо керек. - Ооба, дудук, уй издеп журот окшойт. Мага мына муну берди. - Ал ким экен? Эмнени берди? - Дудук аял мага моюнга такчу чынжыр берди. - Анан, алып алдынбы?
Уландысы бар

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3