Куран (араб. القرآن, окуу, «Кудайдын аяны») – исламдын ыйык китеби. Куран сүрөлөрменен аяттардан турат. Курандагы бардык аяттар Мухаммед пайгамбарга (С.А.В) аян түрүндө түшкөн Алланын сөзү болуп саналат. Куран — Алла Тааланын жер менен асмандагы көркөм ысымдарынын руханий казынасын ачыктаган, сырдуу кайып ааламынан кабарларды билдирген тил. Куран — Ислам дининин жаркырыган күнү, пайдубалы. Куран — адамзаттын материалдык, моралдык бүткүл муктаждыктарын канааттандыраарлык абалда түшүргөн Аллах тааланын берекелүү, кемтиксиз ыйык китеби. Куран — адамдык наркка ылайык анын жүрөк, рух, акыл жана дене түзүлүшүн эске алып Аллах Таала тарабынан жиберилген мыйзамдар жыйнагы. Куран — шарият өкүмдөрүн, Алла Таалага кулчулуктун кандайча аткарылаарын, дуба-адептерин жана башка даанышман сырларга толгон маалыматтарды өз ичине камтыйт. Куран — Аллах Таала тарабынан жиберилген китептердин эң соңкусу жана кыяматка чейин жоголбой бузулбай турганы. Куран — Аллах Таала тарабынан вахий жолу аркылуу Азирети Мухаммад Пайгамбарыбызга (с.а.в.) түшүрүлгөн ыйык китеп. 6236 аяттан жана 114 сүрөдөн турган мужиза китеп. Куран — сабатсыздарды, адашкандарды, туура эмес ишенимдегилерди, адамдардын кайдан келип кайда бараарын билбегендерге туура жолду көргөзүү үчүн жана адамдарды эки дүйнөдө бактылуу кылуу үчүн түшүрүлгөн. Куран — адамзаттын Кудай менен, жаратылыш жана андагы жандуу нерселер менен адам баласынын ортосундагы мамилелерди үйрөтөт. Ошондой эле Куран адамзаттын материалдык жана руханий муктаждыктарын толуктайт. Куран — адамдын үй-бүлөсүндө жана социалдык жашоосунда чоң роль ойнойт жана эң туура жолго жолдойт. Куран — адамдарды караңгылыктан нурга чыгарат. Турмушубузда кандай гана нерсе болбосун ар дайым Куран менен сүннөткө таянып иш кылсак эч качан адашпайбыз жана ишибиз ар дайым ийгиликтүү болот.
#кудайгашугур🙏