Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлү астында Баткен облусунун тургундарын арзан көмүр менен камсыздоо ишке ашырылууда. Облус аймагында 6 жерге көмүр кампалары уюшулуп, чек ара окуяларынан жабыркагандар, аярлуу катмардагы тургундар жана ден-соолугунан ажырагандар үчүн Сүлүктүнүн көмүрү 5 миң сомдон ашпаган баада сатылууда. Бул иш чара күз-кыш айларында үзгүлтүксүз улантылгандыктан облус тургундарынын баарына жеткиликтүү болот дешет кыргыз көмүр ишканасынын өкүлдөрү.
t.me/trkregion (
https://t.me/trkregion)