‼️📢 Маалыматтык билдирүү. Көңүл бургула!!!!
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымдайт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 буйругу менен жарактуулук мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-августуна чейин аяктай турган Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы паспортунун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдагы жалпы жарандык паспортунун (16 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кошпогондо) мөөнөтү, убактылуу 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узартылат.
Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө паспортторунун жарактуулук мөөнөтү аяктаган жарандар жалпы жарандык паспортторго белгилерди коюу же аларды узартуу боюнча ID-card күбөлүктөрүнө маалымдама алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы төмөнкү мекемелерине кайрыла алышат:
1. Кыргыз Республикасынын Москвадагы Элчилиги: Большая Ордынка көчөсү, 64 (метро станциялары Добрынинская, Полянка, Третьяковская);
2. Кыргыз Республикасынын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу: Cорса көч. 54а, кеңсе 5;
1. КРнын Новосибирсктеги Башкы консулдугу: Крылов көчөсү 64/1;
2. Элчиликтин Владивостоктогу канцеляриясы: Алеутская көчөсү, 15 «В» кеңсе 402;
3. Элчиликтин Иркутсктагы канцеляриясы: Декабрьских Событий 107А;
4. Канцелярия (отделение) Посольства в Красноярске: проспект Мира, 132;
5. Элчиликтин Санкт-Петербургдагы Канцеляриясы: Чехов көчөсү, д. 14б үй. А пом. 2Н;
6. Элчиликтин Сургуттагы Канцеляриясы: Югорский тракт, д. 1;
7. Элчиликтин Южно-Сахалинсктеги Канцеляриясы: проспект Мира, .2б/5 үй (2-й этаж);
8. Элчиликтин Якутскдагы Канцеляриясы: проспект Ленина 58.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын паспортторун каттоо үчүн документтерди тапшыруу бир эле режимде жазылуу жолу менен жүргүзүлөт.