БУЛУТТАН ЧЫККАН ҮН
Курсант Абдыманап уулу
Абу Хурайра, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, уккан окуяны төмөндөгүчө баяндайт:
Бир киши ээн талаада бара жатып булуттардын арасынан «баланчанын багын сугар» деген үндү угат. Андан соң ошол булут жылып отуруп, таштак жерге барып нөшөрлөгөн жамгырын төгөт. Ал жамгырдан арыктарга суу чогулуп, агып жөнөйт. (Ал адамга суу кайсы жакка бараары кызык болуп, арыкты бойлоп жөнөйт). Караса, арыктын боюнда бир киши кетмени менен сууну өзүнүн багына буруп жатканын көрөт. Ага келип:
– Оо, Аллахтын пендеси! Атың ким? – деп сурайт. Ал:
– Атым баланча, – деп тиги киши асмандагы булуттан уккан атты айтат. Багын суугарып жаткан киши:
– Оо, Аллахтын пендеси! Менин атымды эмнеге сурап жатасың? – деп сурайт. Ал:
– Ушул сууну төккөн булуттан «баланчанын багын сугар» – деп сенин атыңдын айтылганын уктум. (Анан бул адам кандай адам болду экен деп мага кызык болду), Сен бул бакта эмне кыласың? – деп сурайт. Ал сугарып жаткан киши:
– Ал жөнүндө айта турган болсом. Мен бул бактан түшкөн мөмө-жемишне карайм. Анан анын үчтөн бир бөлүгүн садака кылам. Үчтөн бир бөлүгүн өзүм үй-бүлөм менен жейм, ал эми үчтөн бир бөлүгүн кайра бактын өзүнө жумшайм, – деп жооп берет. (Сахих Муслим)
БУЛ ОКУЯДАН АЛЫНА ТУРГАН ПАЙДАЛАР
Аллахка такыбалык кылган адамдардын дубасы кабыл болот жана Аллахка эң жакын адамдардан болот.
Садака берүүнүн пазилети жана анын башка мал-мүлккө тийгизген пайдасы ошондой эле берекеси да өтө чоң болот.
Жардам берүү жана кызматташуу
тел 0778787484 ватсап
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
☑ ИсламОнлайнKG
➥
Facebook.com/islamonlinekg
➥
Instagram.com/islamonlinekg
➥
Ok.ru/islamonlinekgz
➥
t.me/islamonlinekg
🔘 Ватсапка катталуу үчүн:
📲 +996 703 667 418