Бишкек шаарындагы «Ыйман» маданий комплексинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Кувейт мамлекети менен биргеликте «Исламдын аруулугу аша чабуудан, кемчиликтерден сырткары» аттуу семинарын шаардагы баш имам хатибдерге жана имамдарга өткөрүүдө.
Семианрга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Акимжана ажы Эргешов жана Кувейт мамлекетинен келген дорктор Аатиф Ар-Рифааьини катышып, имамдарга ислам дининин аруулугу, тазалыгы, экстремизм, терроризм жана диний агымдар, имамдардын коомдогу орду боюнча кеңири түшүнүктөр берилүүдө.