Свернуть поиск
Фид
Гулзат Мамбетова
поделилась заметкой13 июн 2022
ЭГИЗДЕР
Уландысы... – Балыкчыга эле кете берейинчи, каршы болбосоңуз,-деп келин кичи пейил мага кайрылды. Биз Кочкорго токтобой андан ары жөнөдүк. Кызыктын баары орто жолдо башталды. Келин адегенде билинер-билинбес онтоп, анан үнү кыңкыстап чыга баштады. Жүрүп бараткан машинанын кабинасында келин бир калыпта отура албай копшолуп, тыяк-быягына оодарыла берди. – Сизге эмне болду?-деп сурадым келинден.-Кыйналып жатасызбы? Машинамды жолдун четине токтотуп, кабинанын ичиндеги жарыгын күйгүзүп, келинди карасам, ал алдыңкы эрдин бек тиштенип, колдорун отургучка таяп, чалкалай отурган экен. «Толгоо келип калганбы?» деп ойлоп, жүрөгүм опколжуй түштү. Келин ордунда оор күйшөлүп, ошо алдыңкы эрдин бек тиштеген калыбында кишинин жүрөгүнө ийне менен сайып аларлыктай катуу бир онтоп алды. – Кочкорго эле калып калсамчы?-деди келин онтоо аралаш кыйналган үн менен. Келиндин толгоосу келип жатканына көзүм жетип, эмне кыларымды билбей айлам кетти. Толгоосу жетип, мына төрөй турган аялга жанагы акушер аялдар эмне жардам кыларын да такыр билбейт экем. Менин эки оюмдун бири эле: «Келиндин кыйналганы басылса да, эптеп кылдыратып айдап Балыкчыга жетип, бул келинди төрөт үйүнө тапшырсам.» Келин басылмак түгүл, онтогону кайра күчөп, үнү да ачуу чыга баштады… Ошентип кабинада бир адам жарык дүйнөгө келди. Киндигин мен кестим. Киндик эне деп коюшат ко, а мен киндик ата болдум. Деги кыргызда киндик ата деген сөз барбы?-Шопур мени карап койду. Бирок анысына жооп күтпөй сөзүн улантты. — Ооба, ошентип жанагы бала жолдо төрөлгөн. Ошон үчүн аты Жолдубек коюлду. — Шопур ушул жерден аңгемесин үзүп койду. Андан ары аңгемесин улантабы же жокпу дегенчелик ага кыйгач көз жибердим. Ал болсо сигарет тутандырды. Негедир бүркүт кабагы калыңдай түшкөнбү? Ал сөзүн улады: – Мен ошол түнү алсырап кыйналган келинди баласы менен Балыкчынын төрөт үйүнө жеткирдим. Мүмкүн болушунча машинамды чебердеп айдадым. Дал ошондо мына бу биздин жолчуларды тилдегеним эсимде. Жолдун кайсы бир жерлеринин тегиз эмес өңгүл-дөңгүл экенин, төшөлгөн асфальт уңкул-чуңкул болуп калганын мен ошол түнү, ошо келинди баласы менен Балыкчыга алып бараткан түнү гана дааналап сездим. Анан эмне болду дейсиз? Айтууга ооз барбайт, бирок айла жок. Да! — шопур оор үшкүрүнүп алды.-Келин ошо күнү көз жумду. Канын жоготуп коюптур. Ушул кезге чейин ал келиндин өлүмүнө өзүмдү күнөлүүдөй сезем. Эми ойлоп, ошондо эмнеге гана кабинама салдым экен деп арман кылам. Эң болбогондо Кочкорго эле таштап кетпей. Балким аерде аман-эсен төрөп алат беле? Э-эй, ар нерсени айтуунун эми пайдасы эмне? — Шопур оор улутунду. Ушул калыбында бир топко унчукпай барып, кебин кайра улантты: – Баса, ошо түнү ошол төрөт үйүндө менин аялым да төрөптүр. Алиги Шурик деп жатпайбызбы? Галя менен акылдашып, энесиз калган тигил баланы да эмизип туруусун өтүндүм. Жана бир күнү төрөлүшүп, бир эненин сүтүнөн оозанышкан дегеним да ошол. Кийин уксам келинди машинага салышкан баягы чал-кемпир анын ата-энеси экен Ал кыз онунчуну бүткөн соң ата-энеси менен макулдашып, бир короо кой алат. Кийинчерээк өзү менен окуган балага турмушка чыгат. Сырттан окумак болушат. Бир жыл, эки жыл былк этишпейт. Үчүнчү жылы жайында күйөөсү окууга тапшырам деп Фрунзеге кетет. Ошо бойдон келбей кечиккенинен келин колхоздун чоңдоруна деле айтпай, каралашсын деп, ата-энесин жакадан алдыртып алат. Жаш неме төрөөр убагын жакшы билбей жүрө бериптир. Кыңкыстай баштаганда койду бирөөгө көздөтүп коюшуп, чал-кемпир ошондо кызын жол боюна апкелишкен экен. — Шопур бир нерсени эсине салып жаткансып, бир саамга унчупай калды да, анан сөзүн кайра улады. – Баса, келиндин күйөөсү ошо Фрунзеге кеткен бойдон келбей коюптур. Азыр же окуудан жок, же иштен жок, жүрөт дейт ошоякта. Келинди өз айылына алпарып көмдүк. Бала алиги тайата-тайенесинин колунда калды. Ошолор багып чоңойтушту. Мурдагы жылы чал өлдү. Ошондон бери кемпир экөө бирге жашап жатышат. Алиги атасы деген неменин ата-энеси намыстанымыш этип, балабызды өзүбүз алабыз дешип, нечен ирет чамынышты. Тааныбаган немелерге бала эле кайдан макул боло койсун. Бала төрөлгөндөн баштап эки үй-бүлө үзбөй катышып турабыз. Мен өйдө-төмөн өткөндө алардыкына кирбей койбойм. Жолодубек сагынып калабы, кадимки өз атасындай мойнума асылып эркелейт. Шурикти сурайт. Галя жеңесин сурайт. Шуриктен кийин дагы бир кыздуу болгонбуз. Ал тигил экөөнөн үч жашка кичүү. Аты Наташа. Аны сурайт. Жолдубектерге колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Отун-суусуна каралашабыз. Галя жеңеси болбой эле Шурикке эмне алсак, Жолдубекке да ошону алат. Жайкы каникулда эки бала бири-бириникине жүрүп кетишет. Жолдубек биздикине август айынын баш ченинде келген. Шурик, Наташа болушуп көлгө түшүп, бирге ойноп жүрүштү. Жакында окуу башталат эмеспи. Жолдубек ошого карата үйүнө келди. * * * Мен шопурдун бул аңгемесин мындан үч жыл мурда уккам. Быйыл министрликтин «Социалисттик мелдеште жеңип чыккандар» деген значок жана күбүлүктөрүн тапшы-рып келүү үчүн Балыкчыга жиберип калышты. «Авто-внештранс» автобазасынын алдыңкы шопурларына тапшыр-макмын. Алардын арасында алиги Ложников Иван Тимо-феевич деген шопур да бар экен. Мелдеште жеңип чыккан-дарга значоктор менен күбөлүктөрүн тапшырып болуп, Ложниковду өзүмө алып калдым. Ал мени дароо эле тааныды. Ал-жай сураштык. Баарынан да мени кызыктырган Жолдубектин тагдыры болду. – Ал чоңоюп он үчтөргө чыгып калды. Карыган тайенеси өлгөндөн кийин аны Балыкчыдагы мектеп-интернатка өткөрүп койгом. Каникул күндөрүндө биздикинде жүрөт, — деп Иван Тимофеевич жайма-жай баяндап берди. – Жолдубек эми биздин бала болуп калды го. Аны чоңойтуп, эл катарына кошуу биздин милдет, — деди сөзүнүн акырын ишенимдүү чыгарып. – Баса, Кадыр Айтиевич, кыргызча айтканда биздикине кирип, даам ооз тийип чыкпайсызбы? Өзүңүз тапшырган сыйлыкты жууп берейин, – Иван Тимофеевич токтоо күлүмсүрөп койду. — Анан Фрунзеден келген чоңдор начальниктин сыйын көрөсүңөр да кетесиңер. Бизге окшогон катардагы жумушчу калкынын жашоо-турмушун да билип койсоңор жаман болбойт ко дейм. Жүрүңүз, Кадыр Айтиевич. Жолдубекти да көрөсүз. Чынымды айтсам Иван Тимофеевичтикине барайын деген оюмда деле жок болучу. Жолдубектин атын укканда дароо макул болдум. Чын эле ошол баланы көргүм келди. Биз үйгө жакындаганда андан окшош кийинген эки бала, анан алардан кичирээк кыз чыгышып, бизди утурлай басышты. – Мына, Кадыр Айтиевич. Менин балдарым. Бири Шурик, бири Жолдубек, а тигиниси кызым Наташа. Балдар биздин жаныбызга келишип жапырт салам айтышты. – Кайда камындыңар? — Иван Тимофеевич сурады. – Апам дүкөнгө жиберди, — деди кыз баарынан озунуп. Мен Жолдубекти сынай карадым. Анын ойноктогон кара көздөрүндө адатта жетимдерде болчу басынгандыкты байкай алган жокмун. Анын ошол жалтылдаган көздөрүндө акыл-сезими жетиле элек жаш балдардагы маңыроолук жок эле. Он үч жаштагы бул баланын көздөрүндө акыл да, мээрим да бар болучу. – Жолдубек, мени тааныйсыңбы? Ал көпкө ойлонуп турбастан ошо баягы жылы Иван байкесинин машинасы менен бирге барып, алардыкынан жарма ичкенимди дароо эле айта салды. – Болуптур анда. Дүкөнүңөргө бара бергиле, — деди Иван Тимофеевич. Балдар нары басып кетишти. Алардын артынан көз кырымды жибердим. Биринин башы сары, бириники каралыгы болбосо бойлору бипбирдей, окшош кийинишкен Шурик менен Жолдубекти мындайынан караган адам чын эле эгиз деп ойлоор эле.58 комментариев
6 раз поделились
387 классов
Фид
Гулзат Мамбетова
поделилась заметкой6 дек 2018
Заметка удалена или не является публично доступной
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
71
- УМИДА АХУНОВА (Замужем)Бишкек (Пишпек, Фрунзе)
- Шолпан АхметоваКостанай
- Юлия ЗыряноваМосква
Правая колонка