Тумардын тонолушу Ош базардын ичиндеги уурулукту, чөнтөкчүлөрдү караган Белый аттуу бир эмес эки жолу түрмөнүн босогосун аттап келген шылуунга угулду.Ал чөнтөкчүлөрдү көзөмөлдөп алардын тынч иштеши үчүн өзүнүн долясын алып турчу.Уурдалган акчанын өзүнө тиешелуусун алып келип бербеген болсо кармап алып аёсуз токмоктоп уурдаган акчасын толук алып базарга жологус кылчу.Кабар кулагына жеткен соң издештирип өзүнүн маалымат булактарынан сураштырып жаткан.Майда барат нерселер уурдашып булардын аттары деле чыкчу эмес.Бул бычак менен коркутуп тоноп кеткендерди уккан Белый башка тараптан келген уурулар же жаңы аралашып акчаны көрө калып эле ниети
Акчасын тоноткон Тумар үйгө жетип эле Салияга боюн таштап кучактап алып аябай солуктап ыйлады.Салия эмне болду деген суроосуна жооп бере албай эле ыйлап жатты.Үйүнөн жаман кабар укканбы деп ,Салия чочуп эмне болду балаңбы деп сураса ,башын чайкап ыйын токтотподу.Салия суу алып келип ичирип эмне шумдук болуп кетти айтчы деги, деп,Тумарды сооронтконго аракет кылды.Суудан ичип өзүн токтоткон соң ,болгонун болгондой кылып айтып жатып дагы ыйлап кирди.Чочуп кеткен Салия :
---Оо,кудай ай,бул эмнеси,башыңда ушундай азап да бар беле деп ,Салия да чыдап тура албай ыйлап жиберди.Бир аздан кийин,кандайча болуп тоноп кетти ,эч ким көрбөдүбү,жардамга деп чакырбадыңбы деп
Тумар токтоно албай ыйлап баратты.Канаты болсо азыр эле учуп барып баласын алып келгиси келип кетти.Бирок азыр барганга шарты жоктугунан күчүн көз жашынан чыгарды.Салияга келип жеңеси менен сүйлөшкөнүн ,баласын алып кетип калганын айтып дагы көз жашы төгүп ыйлап алды.Салия сөздү бузбай угуп отурду да Тумар басылгандан кийин мындай деди:
---Угуп турчу сиңдим,мен сага бир кеп кеңешимди айтайын.Туура көрсөң кабыл ал,болбосо жаман көрбө.Тумар ыйын токтотуп тыңшап калды.
---Балаңды алып кеткени да бир жагы жакшы болуптур.Ал дагы көрсүн,баксын.Сенин азапка түшкөнүңү ал билип жатыптырбы?Жөн кой баласы менен ошол көңүлдөш аялдын үйүнө батаар бекен.Сен барып балаңы
Жол азабы гөр азабы деп жүк жүктөлгөн Камаз машинасы кыбырап атып Бишкек шаарына жетип барды.Мындай бийик аска зоону көрбөгөн Тумар кызыгып караганы менен жолдун ийри буйру тартып тоонун туу чокусуна чыкканда машина кулап кетпесин деген коркунучта бекем жабышып алып келе жатты.Булутка колу тиер бийиктикке чыкканда аба жетишпей жаткандай абадан кере кере дем алып айдоочуну карап коюп келатты.Бул жолдон далай өткөн айдоочу мындай бийиктикке көнгөндөй сезбей магнитофонунан чыккан ырларын угуп жай баракат баратат.Бишкеке келгенде жеңесинин эжеси Салия тосуп алды да жашаган үйүнө эрчитип барды.Шаар десе эле асман тиреген үйлөрдү элестеткен Тумар ,айы
Нурдин Толгонай менен алаксып жатып Тумардын чыгып кеткенин байкабай калды.Оозуна ак ит көк,ит кирип каргап шилеп чапкылап аткан Толгонайдын колунан коргонуп жатты.Ачуусу менен бир урганда жыгылган Толгонайды жерге басып алып болду дегенге деле болбой айкырып жатканын баса албай шаштысы кетти.Шараптан ичип кызуу болуп алган Толгонай Нурдинге баш бербей кыйкыра берди.Тумардын жоктугун байкаган Нурдин Толгонайдын таштап атып эшикке чыкты да Тумарды таппай калды.Ансыз деле караңгыда эч нерсе көрүнмөк эмес.Алдастап бир кыйла жерге чуркап барды да көрүнбөгөндүктөн кайра артка кайтып бекинип алган жокпу деп үйдү бир тегеренип чыкты.Эч жерде жоктугун билген соң үй жак
Өткөл мезгил келип мамлекет ыдырап жок болуп кетүү коркунучуна кептелди.Жумуштар баары жабылып иштеген жумушчулар баары жумушсуз калышты.Заводтор талкаланып четинен сатылып завод эле аты болбосо кароолчусунан бөлөк эч ким жок.Нурдин иштеген ферма малдарын Өзбекстанга сатып ,фермада бир баш мал дагы калбады.Жумушчылар ,малчылар саанчылар баары жумушсуз калып жашоо кыйындады.Машиналарды акчалуулар алып менчик кылып алышып айдоочулар да жумушу жок ар жака таркап кетишти.Фермадагы бузулган машиналар, тракторлор тетиктериге бөлүнүп уурдалып темир аттуулар темир алчууларга сатылды.Фермадагы сарайлар да сатылып бузулуп курулуш материал болуп базарда сатыкка чыгып кетти