Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
БЕЛЕК. --Жылдыз, сен каякка жөнөдүң? Майрамдык кече жаңы эле башталды го... Кесиптештериң менен бирге бир аз да болсо дагы мээңди сергитип чер жазып алсаң жакшы болмок... Аныс деле ушул айда өзгөчө сенин жаның тынган жок, өзүң деле абдан чарчаган болсоң керек... Баары бир сени үйүңдө күткөн эч кимиң жок, каякка шаштың деги?-деп Жылдыздын кесиптеши кейип сүйлөп айтканына: -- Мен балдарыма шашып бара жатамын эжеке. Жылдын аягы болуп жумуш көп болгондуктан, балдарымды апам үйүнө эки, үч күнгө карап турайын деп алып кеткен болчу. Азыр үйгө барып, балдарыма даярдап алып койгон белектеримди алып алып апамдыкына барамын. Кечеге катышканда эмне... Баары бир көңүл, маанай да жок... Өзүм дагы абдан