2-бөлүм
-А, баса бүгүн кожоюн жок эле да эсимден чыгыптыр, дүйшөмбү күндөрү келбейт, бирок билерманыбыз бар.
-Аа... жо-ок, кереги жок уулум. Былтыр бул жерде там жок эле, быйыл бат эле көзүмө урунду да. Бул жолдон жүз ирет өтөм күн сайын. Өзгөргөнү дароо байкалды. Өтө бийикте турасың уулум, этият бол!Үмүтай эне бийикте турган жигитти карап кооптуу көрүнүп коркуп алды.
-Рахмат апа, сак болуп иштеп жатам. “Пулуң болсо кулуңмун”- дешет эмеспи, акча болсо мунара куруп деле жиберебиз да, туурабы апа?
-Туура айтасың уулум. Эмнеси болсо да абайла кагылайын. Үмүтай андан ары жолун улады. Бийик тамдын чатырында турган кара мурутчан жаш жигит, апага тигиле карап, көпкө турду. Үм