=НАМАЗГА БЕКЕМ БОЛ=
"Оо, ыйман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен (Аллахтан) жардам сурагыла".(2:153)
Эгер күтпөгөн жерден коркунуч келсе, кайгы-капа башыңа түшсө, ошол замат намазга тур, эс акылың өзүңө келет, жаның эс алат, албетте намаз- Аллахтын каалоосу менен - башка түшкөн кайгы-капаларды кетиргенге кепил болот.
Эгер Пайгамбарыбызга (Сав) бир иш таасир берсе, анда айтаар эле: " Оо, Билал (азан айтсаң) намаз менен мындан кутулалы"- деп. Намаз Пайгамбарыбыздын (САВ) көзүнүн кареги, бактысы жана кубанычы эле.
Эң чоң жакшылыктардын бири- эгер көңүл бурсак- бизге парз кылынган беш убак намаз. Аны аткарсак, кылган (кичине) күнөөлөрүбүз кечирилет, Кудайдын алдында даражаларыбыз көтөр