Достор, бул Сингапур эмес, Тоң районунда жайгашкан чакан айыл - Тоң. Бирок, Сингапурдагыдай ар түрлүү өңдө кубулган фонтанды кадимки алыскы чакан айылга да орнотсо болоорун Болот Мамбетов башында турган Тоң айыл өкмөтүнүн кызматкерлери көрсөтүп жатат. Айыл өкмөтү дотацияда турганына карабай учурда айыл элине керектүү кызматтардын дээрлик баарын жөнгө салып жатышат. Айылдык кеңештин депутаттары менен биргелешип, ынтымакта иш алпарып, ийгилик жаратып жатышкан айыл өкмөттөрдү өлкөбүздүн булуң-бурчуна иш сапары менен барганда көрүп, кубанып калам. Чыгармачылык менен изденип, жоктон бар кылган баардык айыл өкмөт жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарына баракелде. Элге эң жакын бийлик - силерси