ЖАНЫМ
"ЖАНЫМ"- кандай сонун жагымдуу сөз. Мындай сөздү укканда бутуң жерге тийбей, дилиң кубанып, көөдөнүң көктү жиреп, өзгөчө сезим пайда болот эмеспи. Бул сөзүн касиети ушунчалык экен эмилеки ызаңды унутуп, көз жашыңды жутуп, бир сөз менен айтканда жан дүйнөңдөгү будуң- чаңды заматта утуп көңүлүң шат, бардык кыйынчылыкка кайыл болуп, бир сөз үчүн бир өмүрдү арноого даярсың. Бул касиети күчтүү "жаным" деген сөз ата - энеге, бир тууганыңа, каныңдан бүткөн балаңа, же көздөй көргөн жакыныңа, жакыын досуңа, өмүрлүк жарыңа гана айтыла турган ыйык сөз. Ар кимге эле айтыла бербейт. Тилекке каршы азыр бул сөздүн баркын кетирип жибердикпи деп корком. Өз жакыныңдан, жарыңдан бөлөктөргө деле " жан