КИМДИР БИРӨӨГӨ ПАЙДАСЫ ТИЕР.
Изилдөөлөр боюнча акыркы мезгилде адамдар бир күндө 1,5-2 миң кадам жөө басышат. Норма боюнча адам баласы бир күндө 10 миң кадам басышы керек. Дал ушул эрежени сактагандан улам жапон элинин өмүрү узун болгону аныкталган. 10 миң кадам кантип адамдын өмүрүн узартаарын төмөнкү макалада окуй аласыз.
10 миң кадамдын эрежеси
Жөө басуу ден соолугуңузга таасирин берүү үчүн жумасына аз дегенде үч жолу 10 миң кадам басуу керек.
10 миң кадам жаштар үчүн орточо 6-7 километр болот. Ал эми орто жаштан жогорулардын кадамдары кичине болгондуктан 3-4 километр болот. Бул аралыкты дароо жүрө албасаңыз алгач 5 миң кадам менен баштаныз.
Жөө басуу учурунда бир жерге шашып бара ж
Көпчүлүгүбүз бирөөнүн мүнөзүн, бирөөгө болгон жаман жакшы мамилесин , үй бүлөсүн, кызматын,уул кызын , тууган уругун,байыганын, (акчасына чейин эсептеп жиберебиз),банкрот болгонун , ким менен турмуш курганын, кантип ажырашканын, кайсы ооруу менен оорурун, ким менен ойнош болгонун ( төшөгүнө чейин киришебиз), кантип өлгөнүн и т п өмүр бою илим изилдегендей изилдеп артынан түшүп алабыз.
Ошол эле учурда өзүбүз жөнүндө эч нерсе билгибиз да келбейт.
Сен кандай перзент болдуң ата энеңе?
Ата энеңди ыраазы кыла алдыңбы?
Дубасын алдыңбы?
Кандай бир тууган болдуң?
Достукка кандай мамиле кылдың ,сатып кеткен жоксуңбу?
Пайдасын көргөндөн кийин таштап кетпединби?
Классташтар менен кандайсың ?
КУДАГЫЙЫМ. Таасирдүү окуя. Күздүн керемети терезеден сыртка караганда жүрөгүңдү жылытат. Жашым алтымышка барып калса дагы тээ бала кезимдеги күркүрөгөн күз айындагы жагымдуу элестер, мектепке даярдык, түшүм жыйноо, түн кечип айылды кыдырып оюнга тойбогон сезимдерим мени таштап кете элек. Жыл жаңырып күз келсе эле дал ошол зор сезимдер менен мас болом. Ушул мезгил мага өзгөчө жагат. Өрүк как жыйып, буудай сапырып, жүгөрү чыгарып, тегирменде кезек күтүп, талкан кууруп, кышкыга отун жарып, жыйып, эх, деги койчу кандай сонун сезимдер калды. Сагынам. Айылымды сагынам. Ошол кез кайтып келбеген зор бакытка бөлөгөн жаштыгыбыз экен го... Баса, ушул күз мезгилин күтүп жүрүп кенжемди үйлөдүм. Той абда