Сиз издеген маалыматтар “Супер-Инфодо”! Жаңылыктарга бай гезиттин жаңы – №1116 саны 26-апрель күнү таң эрте сатыкта болот. 🌹🌹🌹
#ГезиттиЫсыгындаОкуңуз
#ЖаңыСанда
✅Самат Эркинбеков: “Өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар экен”
✅Жеңишбек Ысманов, опера ырчысы: “Бизде операга мамиле салкын, Европада атым жакшы эле таанымал”
✅Кожо Жоэл, футболчу: “Футбол – жашоомдун өзөгүн түзгөн кумар”
✅Дарыгер: “Аялдардын 20 пайызы гана балалуу болууга алдын ала даярданат”
✅Бала тарбиялоонун япончо ыкмасы
✅Жазында жаралчу тери көйгөйлөрү
✅13 жашар кыз зордукталганбы? Үч жыл мурунку окуя ачыкталды
✅“Көзүм өтүп кетсе, 2 балам кимге жалдырайт?” Жардамга муктаж эненин тагдыры
🥰Ушул жана башка кызыктардын
#ЖүрөкСыры
– Эмнеге күйөөгө тиет анан?! – ички бөлмөдө кыйкырып жаткан кызынын үнү селт эттирди Элмираны. Орусиядан келгенине бир апта болду, кызы менен тил табыша албай убара. Өткөөл курактагы кызы апасынын башынан эмнелер гана өткөнүн кайдан түшүнсүн?.. Баары башынан көз
Эл аралык сынактарга катышкан чыгармачыл адамдар аз. Алардын бири, чыгармачылыгын эл аралык деңгээлде өркүндөтүү үчүн аракет кылып жүргөн, Орусиянын "Ну-ка, все вместе!" сынагында 2-орунга жетишкен ырчы Азат Раимбердиев менен маектештик.
Кыргыз элинде айрым өзгөчө каада, жөрөлгөлөр бар. Адатта, алардын тарыхы, философиясы кызыгуу жаратат. Кыргыз эли илгертен көчмөн турмуш кечирип бийик тоолордо жашагандыктан ой-жоруму, дүйнө таанымы да бийик болгонун тана албайт эмеспизби. Аны көптөгөн каада салттардан дагы билсек болот. Кыргыз таануучу, психолог Гүлипа Жапарова айрым каада-салттардын тарыхын жана философиясын чечмелеп берди.
Ажырашкан аялдар кээде коомдо өгөйлөгөн мамилеге туш болушат. Мисалы, “ажырашкан аялга тойлордо жар-жар айттырбаш керек” деген пикирлер бар. Макалада ажырашкан аялдар, аларга жасалган коомчулуктун басымы жана колдоосу тууралуу кеп кылууну чечтик.
  • Класс
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев интернатта өткөн күндөрү, үй-бүлөсү менен чогуу баштан кечирген оор учурлары, саясаттагы оош-кыйыштар тууралуу кенен сөз кылып берди.
Лагманды жактырбагандар жок болсо керек, бирок окшоштура албай жаткандар бар. Бирде камыры ойлогондой болбой калса, бирде соусу окшошпой калат. Бул учурларды эске алуу менен ашпоздун кеңешине кайрылдык. 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар ашпоз Ырыс Зарылбеков лагман даярдоонун сырлары менен бөлүштү.
Бул инсандын өзүн көрбөй туруп, үнүн угуп эле таанысаңыз болот. Ал – чет тилдерден кыргызчага которулган кино, мультфильмдерде үн коштогон, театр жана кинодо роль жаратып жүргөн актёр Жолдошбек Жанжигит уулу. Кыргызчага которулган “Даңазалуу доор” сериалындагы Сулайман султандын үнүн да Жолдошбек мырза коштогон.
Показать ещё