Свернуть поиск
Фид
Шарапат Алиева
поделилась заметкой23 авг 2022
КУМАР АЗАБЫ
Ханифа Садыкова
1 - БӨЛҮМ
(Болгон окуя) Тоо койнунан орун алган алакандай айылдын кооздугун мыкты калемгер гана чебер кыл калеми менен тартпаса,жөнө- көй адамдын да,сүрөттөп айтышы колдон келе берчүдөй эмес.Айыл аска зоо менен курчалып,айылды жарып өткөн дарыяны бойлой өскөн бак дарактын түрүнө сукта- насың.Тоолор сүрдүү көрүнөт,тоонун бетин бербеген арчаны айт,арча аралаган чаар- чыктардын эркин ойноп жүргөнүн,кырды ашып бараткан кайберенди отуруп алып санашкан айылдыктар,жаратылыш менен бир гармонияда жашап,айылдыктар чарба- нын ишинде,өз тирликтери менен күн кечи- ришип,жашоо өз нугунда өтүп жатты. "Мектепке жаңы деректир келет экен" деген сөз,окуу жылы бүткөндө эле айты- лып,отуз жыл бою ушул мектепте деректир болгон Зууракан эжекени ардактуу эс алууга узатышып,узатуу аземи окуу жылы баштал- ганда,жаңы деректирдин катышуусу менен болот экен деген аңыз эбак эле айыл ара- лаган. Жаңы окуу жылына карата толуктоо жыйналышы болуп,районго барган айыл- дын мугалимдери,мектепке деректир болуп,Сарматов Теңиз деген келет экен,тү- бү бул жактык,энесинин курсагында кеткен бала экен,Чүйдө тайларынын колунда өсүп, жогорку билимди Москвадан алыптыр,ата журтун эңсеп келиптир дешсе,аны уккандар, бирдемеси бар го,окуусун кең Маскөөдөн бүтсө,алты күндө эки жолу маңка автобус каттаган айылга,эмнеге келет,Чүйгө көнгөн неме,экинчи кар жааганда,көк чимкириги чыгып качат да деп,деректир келе электе эле,анын бейнесине каалагандай сүрөт тар- тып жатышты. Баарынан да,деректир Зууракандын күй- бөгөн жери күл,пенсияга эле жашы келгени болбосо,али алдан күчтөн тайый элек,оозу- нан от эмес,жалбырттаган жалын чыккан бул аялды,айылдыктар "каймак" катары сыйлашып,мектеп мугалимдери,окуучулар алдынан чыккандан ыйбаа кылып,анын ка- раанын көргөн окуучу,бута атым айланып өтөөр эле.Зууракан талапты катуу койгон,те- мирдей бекем тартипти сактаган,ар бир му- галимге,окуучуга тарбия,тартип,сабак бирин- чи орунда туруусу керек,үйдөгү жомогуңар- ды үйүңөргө калтырып,сергек мээңер ме- нен мектепке келгиле дээр эле.Мектеп ра- йон боюнча алдыңкы орунда,мектеп окуучулары республикалык олимпиадалар- да алдыңкы орундарды алып,алакандай айылдын атын чыгарышып,сыймык да, сыйлык да,мектептин арты менен дүңгүрө- чү. "Ийлеп,ийлеп итке салдым,ушул жаңы мектеп бүткөнчө таманым,район менен айылдын ортосунда калды,мектеп бүтүп,жаркыраган мектепте бир,эки жыл иштетишпей,пенсияма шылтоолоп,жолго салышты,өзүбүздө деле,мыкты кадрлар бар эле,эмне үчүн "келгинди" алып келишти деп,нааразы болуп,азын-оолак сабак алып,мектепте кала турган болду. Быйыл жаңы окуу жылында айылда жаңы мектеп ачылат,бул да түздөн түз Зууракан эжекенин эмгеги,мектеп балдар- ды басып калат деп,айылдагы бош калган үйлөрдү сурап,балдар окуудан өксүп калба- сын деп,талапты катуу коюп,чуркап жүрүп курдурган мектепте,бир күн ээлик кылып, иштебей,пенсияга кетиши,мугалимдердин да ичин ачыштырып,"көнгөн жообуз,атыш- канга жакшы" эле,эми "жаңы шыпыргы жа- ңыча шыпырат" эмеспи,деген ой менен,чы- дамсыздана окуу жылынын башталышын күтүп жатышты. Жаңы окуу жылы башталып,айыл кал- кынын кубанычында чек жок,айрыкча мек- теп окуучуларынын бактылуу балалыгына күбө болоор,билим ордосунун баалуулугун сезген ата-энелер да,мугалимдер да,кадам- дарын аяр таштап,кучак толгон талаа гүлдөрүн көтөрүп,мектепти көздөй агылып жатышты. Райононун кара волгасы көрүнгөндө, мектептин алдындагы аянтка төрт бурчтук болуп катар тизилген ата-энелер,окуучу- лар,мугалимдер кол чабуу менен тосуп алы- шып,салтанаттуу ачылышты райондук Элге Билим Берүү бөлүмүнүн башчысы Узак Кубатов ачып,окуу жылынын башталышы менен куттуктап,жаңы деректирди "кыздын баласындай" мактап,тааныштырды. Теңиз Сарматовдун болуп,толуп турган убагы экен,Москва эмес эле,Кишенёвдогу педагогикалык институттун физика-матема- тика факультетин артыкчылык диплому ме- нен бүтүп келгендигин,Фрунзедеги мектеп- тердин биринде иштегендигин,айыл жерине келип,мектеп окуучуларынын билим деңгээ- лин көтөрүп,билгенин үйрөтүп,эмгек чыйы- рын ушул тоолуу аймактан баштагысы кел- генин айтып,албан ийгиликтерди каалады. Баарынан да,"жаш келсе ишке,кары келсе ашка" дегендей,Зууракан эже,эми эс алыңыз деп,супсак куттуктап,мурунку де- ректир тууралуу учкай гана айтып койгону, одоно болуп,Зууракан сыймыкка да,сый- лыкка да татыктуу эле деп,шыпшынып турганда,айылдагы ээн ооз "Бөөкара" деп, айыл эркелеткен Жумабай:-Ой,райондон келген мыктылар,сөзгө конок бергилечи, бул мектеп түптөлгөнү Зууракан Зууракан- дыгынан бүттү,бүткөн ишке сынчы да көп, аптор да көп,биздин оюбузга койсо,алдагы кайырма жака,ак көйнөк,шиш тумшук ба- тинке кийген,эне сүтү оозунан кете элек, сарыбаш балапандай болгон жаш баланы мектебибизге деректир кылбайт элек.Мек- тептеги төрт жүз бала эмес,үйүмдөгү төрт балама алым жетпейт,Зууракан орноткон темирдей тартип,мыкты тарбия келечеги- биздин уңгусу,жок дегенде,эмгегин айтып баалап,кучагын толтуруп,талаанын бекер гүлүнөн берип,айыл эли ат мингизип,тон кийгизип узатмакпыз,отуз жылдык эмге- гин сууга салып коюп,"кары келсе ашка" дейсиң,алдагың жыргатса жыргатаар,би- рок көзүм жетпейт,мектеп "баланын үйү,Ба- панын алачыгы" болбосо болду,бергиле жанагы агартуунун мыктысы деген наа- мыңарды,эшиктен төргө өткөзгөнүң аз кел- генсип,жаман үйдүн коногу бий болбо дегенде,ким баштап жибергени белгисиз бардыгы кол чаап жиберишти. Ызага муунуп турган Зуураканга канат бүтүп,айылдаштарынын карегинен көрүнгөн ыраазычылыктары толкундантып,ага мындан артык урматтын,деректирлик орун- дун да кереги жок болуп,кадимкисиндей басып келип,салтанатка катышкан жалпы элге,окуучуларына кайрылып,ыраазычы- лыгын айтып,деректирдей эле,салтанатты жабык деп жарыялап,жаңы деректирге иш бөлмөмдү өткөрүп берейин деп,мектептин лентасын кесүүгө,Кубатовду,ардагер Кабыл агайды чакырып,мектептин босогосун ат- ташты. Жаңы деректир жаңы гана отуздун кырына чыккан,узун бойлуу,чап жаак,мурду кырдач,коюу кара каштын алдындагы кап- кара оттуу көздөрү ойноктогон,эрини жука,суйдаң тармал чачына"бриолин"сүйкө- гөндөй жалтылдап,кулагы катылган,капка- ра костюм шымы,куш тумшук батинкеси куп жарашкан,кыскасы,менин эле"күйөөм" болсо экен деп,кыз эңсегендей,сулуу жигит экен.Бул келбетине билими жанашса,далай- ды үмүттөндүрө турган. Жаңы мектептеги деректирдин бөл- мөсү,коридордун эң башында орун алган экен,Зууракан эшигин ачып,конокторду кир- гизип,жаңы деректирдин ишине ак жол каа- лап,кеңеш суроодон тартынбагын деп,ачкы- чын колуна карматып,бардык документтер,печать жайланышкандан ки- йин толук өткөрүп алаарсыз деп,жашоо шартыңыз кандай болот,эски мектептин устаканасы кийин эле салынган,айылдан ылайыктуу там чыкпаса,ошол жакты таза- латып коёюн деди эле,Узак Кубатов Зуура- кандын кең пейилдигине,мыкты жетекчи экендигине баа берди. Теңиздин үй бүлөсү жок,райондун борборуна барып келип,иштээрин уккан соң,айылга бир жумада эки жолу гана авто- бус каттарлыгын айтты.Жеңил менчик унаам бар,кабатыр болбоңуз деди Теңиз. Бойдок болсоң,барып келип иштесең жыргатпайт экенсиң деген Зууракан,оюн ичине катып,сүйүнүп кетти.Жаңы деректир кетсе,анын ордун эч ким талаша алмак эмес. ( Уландысы бар.)91 комментарий
6 раз поделились
658 классов
На этом пока всё
Войдите в ОК, чтобы посмотреть всю ленту
Правая колонка