Жапжаш уулу, үйлөнөм деп чебелеп.
Бир "балалуу", келин келди жетелеп.
Апа муну, жан дилимден сүйөмүн.
Кабыл алгын, көөнүн койбо тебелеп.
Койчу уулум, ушул беле кылганың?
Тагдырыңа, кыянаттык кылбагын.
Эл эмне дейт? кабыл алсам келинди.
Кабыл алсам, эл алдында сынганым
Жок -жок апа, бул келинде айып жок.
Элдер айтат, нике деген кайып деп.
"Кызга бергис жубан бар" - деп айтылат.
Тандоомду, ойлобоңуз айып деп.
Көпкө чейин, перзент күтүп сабалдым.
Бул дүйнөгө, азап менен жаралдың.
Жакшы жердин, кызын келин кылам деп.
Кыялдарым, тоодой эле каралдым.
Ай - күнгө тең, ким бирөөгө ал да кыз.
Балалуу деп, көөнүңүзгө албаңыз.
Талаш - тартыш, болуп жатып соңунда.
Бала көнбөй, апа