Жакшы адамдар барган жерден сени издейм,
Сени бийик Тоо дейм, терең Деңиз дейм!
Сен бар үчүн көп көйгөйдөн кутулуп,
Көңүлүмдүн бөксөө жерин тегиздейм!Сени ырга, жакшылыкка эгиз дейм,
Ошондуктан жүрөктү убай жегизбейм!
Сен бар үчүн ырларымды махабат,
Арзуу аттуу ырыскыдан кемитпейм!Жолум тосуп, жолукпайт деп терикпейм,
Күтөм, күтпөйм! Күдөр да үзбөйм неликтен?
Каяктадыр бар экенин билем да,
Жакшы адамдар жүргөн жерден сени издейм!