Оо, Жараткан Кудайым,
Жалбарып Сенден сурайын!
Өтүнөөрүм Өзүңдөн,
Күнөөлөрүм кечиргин,
О дүйнөгө барганда,
Бейиштин суусун ичиргин.
Ардактап баккан жашымдан,
Ата-энемди жалгагын,
Акыретке барганда,
Азабыңа салбагын.
Таалим берген күнү-түн,
Устазымды жалгагын,
Кыяматка барганда,
Каарыңа мени албагын.
Жалбарамын сураймын,
Жаш болобу, карыбы,
Кечирип кой, Кудайым,
Мусулмандын баарысын,
Эки күндүк жалганда,
Өмүр бүтүп калганда,
Айырбагын ыймандан,
Аманат жанды алганда.
Ырайым кыл, Кудайым,
Чын дүйнөгө барганда.
Оомийн, оомийн йа Аллах,
Лаа иЛааха иллАЛЛАХ!