Бир жигит досуна чалып апасынын ооруп жатканын айтып акча сураптыр.
Досу макул түштөн кийин чал дептир.
Түштөн кийин чалса досунун телефону өчүк.
Кайра-кайра чалып, айласы кеткенде акча издеп чыгып кетип эч кимден акча таппай, кайгырып үйгө келет.
Апасынын даарысына акча таппаганына, досу алдап телефон албаганына күйүп үйгө кирсе - апасы уктап жатат, мемиреп уктап жаткан апасынын жанында баягы алчуу даарылар.
Таң калган жигит эжесинен сурайт:
- Даарыларды ким алып келди?
- Сенин досуң үйгө келип, даарылардын тизмесин алып кетип, даарыларды алып келди, апам ичти азыр жакшы, уктап жатат дейт.
Жигит сүйүнүп досун издеп жөнөйт. Досун таап, сага чалсам албадың досум десе.
Досу: - "Мен телефонум