Көккө учуп кыйалдарым көкөлөгөн,
Көөдөнүмдө көп көп кыйал бөпөлөнгөн.
Кыялымда оңой ойлоп көп нерсени,
Кыйынчылык кыйалда экенин ойлобогом!
Ойлогон ойдун баарын жыга албай,
Ойлонуп бара жатам чыдай албай,
Билим алыш оңой экен деп ойлосом,
Билим алыш ийне менен кудук казгандай,
Мекенимде жүргөн экем эч нерсени ойлобой,
Ошондо казып койсом болмок кудуктарды оңой оңой.
Эми мынтип кудуктун катык кудугунда,
Турамын ийне сайсам мокой мокой.
Ийне кармап ийсем аны көп күч менен,
Ийне ийет кайра мени бир күч менен.
Бир күчбү, көп күчбү канча мени ийсе дагы.
Ийилем бирок кыйналсамда эч сынбай.